|
|
Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384
Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387
Сага деген мас жүрөгүм соолукту,
Кеч болсо да өз теңиме жолуктум.
Ак жолукту кыйгач байлап назданып,
Мен өзүңө болбой калдым колукту.
Апакеңдин болбой калдым келини,
Болсо керек сүттөй аппак пейили.
Аттиң арман турмуш сырын чече албай,
Бүтпөй калды махабаттын сейили.
Турмуш чиркин өтүп барат карачы,
Адамдын да өзгөрөт ой-санаасы.
Күндүр-түндүр тынчсызданган апамдын,
Болбой калдың, эрке күйө баласы.
Болбой калдың, сүйгөн күйө баласы.
Сөзү : К.Иманалиевдики
Обону : М.Осмоновдуку
Сүйүү кандай керемет күч, касиет!
Сүйгөн сайын сүйгүң келет канча ирет.
Сен жаралган ушул күнгө ырахмат,
Сен жашаган бул дүйнөгө каниет.
Кайырма:
Таптым сени, ажайып кооз күн көрдүм,
Сен болбосоң кызыгы не дүйнөнүн?
Аалам толо сүйүү бердиң сен мага,
А мен сага кучак толо гүл бердим.
Таңда көрсөм, күн батканча сагынам,
Ай жаңырса, амандыгың жалынам.
Сени менен Жер айланып жаткансыйт,
Сүйдүм сени баш айланып баарынан.
Кайырма:
Бала күттүк, бакыт таптык, ташылдык,
Сени менен сендик болуп кошулдум.
Бийик болсун биздин ыйык махабат,
Куттуу болсун сен төрөлгөн ушул күн.
Кайырма:
Сөзү : А.Исаевдики
Обону : С.Жумалиевдики
Көрүшкөндө көздөрүңдөн чагылган,
Нурларынан курган кайран көпүрөм.
Бекемине күмөн санап жаңылган,
Өтүмү жок болгонума өкүнөм.
Кимге айтып күйүтүмдү,
Кимге барып өтүнөм?
Кимге айтып күйүтүмдү,
Кимге барып күнү-түнү,
Кимге барып өтүнөм?
Таңшыганча табышмактуу таң сыры,
Тандап кеттиң таңы салкын өлкөнү.
Таба албайм, кайрылганда айт чынын,
Артык бекен башка жердин көркөмү?
Арбалсаң да бир келерсиң,
Ала-Тоону көргөнү.
Арбалсаң да бир келерсиң,
Эстегенде сермелерсиң,
Ала-Тоону көргөнү.
Кала берем мекенимде сени эстеп,
Жүрсө экен деп алыс жерде аман-соо.
Өтүнөрүм көкүрөгүм элестейт,
Көргөн сайын жалын бүрккөн жанар тоо.
Жалын бүрккөн үшкүрүгүң,
Жалын бүрккөн үшкүрүгүм,
Жаңырыгы жарар зоо.
Күлкүң сонун жаш толкундун шаңындай,
Жылмайганың кең жайлоонун таңындай.
Жаным бирге, сенсиң сүйүү булагы,
Бүт жылуулук берип турган жалындай.
Кайырма:
Мунара, Мунара,
Мунара, Мунара, ойлончу калбай убалга.
Мунара, Мунара,
Мунара, Мунара, аячы, берчи убада.
Элестейт көз алдыма,
Колтуктап мени басканың,
Алкымдан жыттап анан да,
Эрдиңден сүйүп жатканым.
Бассаң-турсаң көзгө сүйкүм элесиң,
Ак шооладай жарык нурун бересиң.
Керемет күч мен тарапка тартылып,
Көлдүн көркү ак куу болуп келесиң.
Кайырма:
Күндө жаңы жашоо-турмуш агылып,
Жан дүйнөмдөн түркүн гүлдөр ачылып.
Бир өзүңө арзуум артып баратат,
Сен сагынсаң мен да сени сагынып.
Кайырма:
Башканы такыр карабай,
Байыр алып сага баладай.
Кучактап сени турсам да,
Кумарым калат тарабай.
Жыргаткан жаздын жазы жай.
Жыттасам жытың атырдай,
Сармерден айтып жатсам да,
Сагынчым турат жазылбай.
Күн өткөн сени жоктогон,
Алоолоп күйүп чок болом.
Кылгырып карай беремин
Кыздарды сага окшогон.
Сөзүңдү уксам сиз деген
Көлкүлдөй берет бүт денем.
Өзгөчө сулуу белемсиң
Өмүрдө өзүм издеген?
Билбедим булбул болуп таңшыдымбы,
Бир гана сага арнагам таңкы ырымды.
Мен анан күйүт күүсүн чалып калдым,
Мээнитпей дил арзыган таңсыгымды.
Ойлогом тартууласам жан сырымды,
Ойготор махабатын жарчымынбы?
Оюнга чалганымда арзуу-зарым,
От тамбай, билдим анан алсызымды.
Табышмак, турмуш жолу туруктуубу?
Табышмак, жетмек беле туруктуулук?
Өкүнтүп элесиңди өчпөс кылган,
Өтмөкмүн махабатка кулдук уруп.
Сөзү : Эркин Тазабековдуку
Обону : Абидин Темировдуку
Көл жээгинде ойлуу турам,
Ташты ургулайт толкундар.
Толкун болуп тарап кеткен,
Жандайынан курбулар.
Көргүм келет көзүңөрдү
Жаштык жанган, от жанган.
Куса болуп карай берем
Ордуңарды бош калган.
Кыял күткөн кызык күндөр
Калды алыс, алыста.
Башка-башка жолдор менен
Кеттиңерби алыска?
Оо, курбулар, сагындырган
Ар бириңди эстеймин.
Жылдыз сымал жанып турган
Ал күндөрдү эңсеймин.
Жүрөбүз деп ойлогонбуз
Түбөлүккө айрылбай.
Ар ким издеп өз бактысын
Кеттик, достор, кайрылбай.
Көргүм келет көзүңөрдү,
Жаштык жанган, от жанган.
Куса болуп карай берем
Ордуңарды бош калган.
Неден жаздым, неден жаңылдым,
Не себептен мага таарындың?
Жылдыз жүзүң көзгө элестеп,
Жылаажындай күлкүң сагындым.
Куса болуп жездей саргарып,
Күйүтүмдөн чексиз багындым.
Сага арнап сүйүү ырларын,
Сага айтам жүрөк сырларын.
Сен жөнүндө бүтпөс ыр жазам,
Сага айтам тунук сырларым.
Махабаттын кезип сапарын,
Махабаттын ачкам кырларын.
Табийгат да сенсиз суз тартып,
Аянычтуу дайра муңканып.
Суу боюнда өскөн камыштар
Шуудурашат үнсүз сумсайып.
Кайда кеттиң, кайда жүрөсүң,
Жүрөк сүйгөн менин түгөйүм?
Кайда кеттиң, кайда кеттиң...?
Сынасам көңүлүмө толосуңбу?
Сылык сүйлөп, сыпаа күлүп коёсуңбу?
Сени айтып курбуларга мен мактансам,
Сыймыктанар адамым болосуңбу?
Кызыксам көңүлүмө толосуңбу?
Кыйгач карап, кытмыр күлүп коёсуңбу?
Кыйынчылык башка түшүп турган кезде,
Кыр көрсөтчү курдашым болосуңбу?
Жактырсам көңүлүмө толосуңбу?
Жайкап сүйлөп, жайнап күлүп коёсуңбу?
Жамандык башка түшүп турган кезде,
Жардам берер адамым болосуңбу?
Тандасам көңүлүмө толосуңбу?
Так сүйлөп, тамашалап коёсуңбу?
Тайгак кечүү, тар жолдон тайгалансам,
Тагдырлаш күйөрманым болосуңбу?
Ардактасам көңүлүмө толосуңбу?
Аяр карап, алдап күлүп коёсуңбу?
Акылымдан адашып турган кезде,
Акылдашчу адамым болосуңбу?
Жолуксам көңүлүмө толосуңбу?
Жоодур карап, жообун айтпай коёсуңбу?
Жол таппай баш айланып турган кезде,
Жол көрсөтчү жолдошум болосуңбу?
Оорусам мен деп ооруган,
Апакем менин бар бекен?
Эмне үчүн келбейт бир жолу?
Атакем менин кайда экен?
Баладай качан күлөм мен?
Силер деп ооруп жүрөм мен.
Бар болсоң келчи, апакем?
Кайдасың айтчы, атакем?
Күттүрбөй келчи, ата-энем.
Чымчык да коргойт балапан,
Чымды алып келип талаадан.
Унчукпас болуп мен бүгүн,
Кусадан ооруп баратам.
Кызгалдак терип келсем дейм,
Апакем, сага берсем дейм.
Мойнунан бекем кучактап,
Аталык мээрим көрсөм дейм,
Энелик мээрим көрсөм дейм.
Сумсайып барат негедир,
Ачылбай сыздап көңүлүм.
Айта албай, ата, атыңды,
Өтөбү эми өмүрүм?
Күлкүнү билбей кайгырып,
Ой менен жашап өтөмбү?
Айта албай эми атыңды,
Өмүрдөн өксүп өчөмбү?
Жашоодон ыйлап өтөмбү?
Баладай качан күлөм мен?
Силер деп ооруп жүрөм мен.
Бар болсоң келчи, апакем?
Кайдасың айтчы, атакем?
Күттүрбөй келчи, ата-энем.
Сөзү : Б.Сейитбекованыкы
Обону : А.Карымовдуку
Жапжашыл жибекти жамынгандай,
Жайкалган төрүңдү сагындым, ай.
Жашоодо керемет кандай күч бар,
Жол күтүп мен сага камынгандай.
Кайырма:
Сактадым унутпай элесиңди,
Салкын төр, кызгалдак, белесиңди.
Саймалуу тоолоруң көздөн учуп,
Сагындым, туулган жерим сени.
Жол алып учушкан каркыралар,
Жолдогон саламым айтып барар.
Жол бою ак көйнөк кийип алып,
Жолумду күткөндүр гүлкайырлар.
Кайырма:
Жылдызың сагындым жыбырашкан,
Жымыңдап мага арнап ыр ырдашкан.
Жоодурап жолумду карашкандыр,
Жол четин ээлеген кызгалдактар.
Кайырма:
Ай чыгарын күтүшкөн күндөрүбүз,
Тандап терген татына гүлдөрүбүз.
Сен мага деп, мен сага сунар элем,
Өмүр бою үзүлбөй күдөрүбүз.
Кайырма:
Жашоо-турмуш өзгөрүлөт турбайбы,
Жаштыгымда ойлобопмун мындайды.
Эскерели өткөн күндү санаалап,
Эстеликке эскеришер күн калды.
Ай асманда жылмайып турар эле,
Мээрим менен жакындык сунар эле.
Түбөлүккө бир болуп жүргүлө деп,
Асыл кебин кулакка куяр эле.
Кайырма:
Ай чыгарын күтүшкөн күндөр калды,
Тандап терген татына гүлдөр дагы.
Сезимдеги сакталган ал күндөрүм,
Көрүнбөй ал күндөрүм артта калды.
Кайырма:
|