|
Сөзү : Бактияр Токторовдуку
Обону : Бактияр Токторовдуку
Ала–Тоо - асыл энем,
Баатырлар чыккан сенден.
Эли, жерден жанын кечкен,
Чыкпастыр алар эстен.
Ала–Тоо жерим, пейилиң сенин,
Ааламдын кучагына байыркы элим.
Тарыхың сенин,
Азаптын бутагындай.
Кайырма:
Кан кылычын кармай,
Катыштыгын самай.
Жан узаткан эл үчүн, жер үчүн,
Маркумдар улгайбас биз үчүн.
Ала–Тоо жерим, алптарың сенин,
Түгөнбөс, айта бергис.
Манаска чейин, Манастан кийин,
Дастан бүтпөс, айта бергис.
Кайырма:
Сөзү : Б.Абакировдуку
Обону : С.Андабековдуку
Жаз мезгили жылуу-жумшак кийинип,
Жылдыздуу түнү сен экөөбүз биригип.
Өмүр балын жаңы татып турганда,
Өрүк гүлү бизге турду ийилип.
Кайырма:
Сенин мээримиң гүлдөн артык сезилди,
Жел сылады аппак, нурдуу бетиңди.
Дүйнөдөгү жалгыз кызык сен болсоң,
Дүүлүктүрүп кереметтүү сезимди.
Жыбыраган жылдыз улам суюлуп,
Ай шооласы жерге берип сулуулук.
Билинбестен өтүп жатты өзү эле,
Сенден мага, менден сага жылуулук.
Ал аңгыча ай да чыгып жаркырап,
Аалам турду агыш тартып жалтырап.
Махабаттын же жаштыктын күчүбү?
Туруптурбуз эс-мас болуп магдырып.
Кайырма:
Бүгүн үлпөт, бүгүн той, бүгүн шаттык,
Бактыбызды мына ушул үйдөн таптык.
Кел, коноктор, келгиле, төргө өткүлө,
Той эшигин силерге кенен ачтык.
Кайырма:
Ай, жеңелер, тоюңар тойго улансын.
Барган жерден колукту бакыт тапсын,
Келечеги келгин деп эшик ачсын.
Алдын бала, аркасын малы бассын,
Көшөгөсү көргөрсүн эки жаштын.
Кайырма:
Көшөгөсү көргөрсүн эки жаштын,
Алдын бала, аркасын малы бассын.
Коломтодо от жайнап, казан кайнап,
Келген киши ак тойдон даам татсын.
Кайырма:
Кыргызстан - эч көөнөрбөс махабатым,
Кумарым таркабаган ырахатым.
Ардактап, ата-энемдей сезип келем,
Ар жылы сууң ичип, тузуң таттым.
Кыргызстан, балалыгым, бешигимсиң,
Кыргызстан, таалай, ырыс- кешигимсиң.
Тарбия-таалим берип, ак жол каалап,
Эмгекке мени узаткан ата- энемсиң.
Акыңды актоо үчүн эмгектенем,
Албан иш жаратууга илим менен.
Күркүрөп өнүп-өсүп, гүлдөп, жайна,
Дүйнө эли сыймыктансын сени менен.
Кыргызстан сыймыктансын сени менен,
Кыргызым сыймыктансын сени менен.
Сөзү : Бактияр Токторовдуку
Обону : Бактияр Токторовдуку
Жаап жаттың, эске салдың,
Ошондогу махабатым, аппак кар.
Жан дүйнөмдү курчап алдың,
Кубаттадың алсыз жаным, аппак кар.
Сезимимди ойготконсуң,
Жүрөгүмдү толготконсуң, аппак кар.
Үмүтүмө үмүт кошчу,
Жаай берчи, токтобочу, аппак кар.
Кайырма:
Ак кар, ак кар,
Сенде балалык сезим бар.
Сенде тазалык сезим бар,
Сенде бар, бакыт кени бар.
Ак кар, ак кар,
Сенде ак сүттүн жүзү бар.
Сенде ак тилек, сүйүү бар,
Сенде бар, жашоо, үмүт бар.
Ишенемин узатарда,
Сагынганда, саргайганда,
Аппак кар.
Сен келесиң, дем бересиң,
Наристедей тогуз айда,
Аппак кар.
Азыр мына сен жанымда,
Көз уялтып айланамда,
Аппак кар.
Мени менен кошо жүрчү,
Аз да болсо өмүр сүрчү, аппак кар.
Кайырма:
Эй, эй, адамдар,
Каалаганым амандык.
Тынчтык болуп өлкөмдө,
Болбосо экен жамандык,
Болбосо экен касчылык.
Кайырма:
Биздин заман - нур заман,
Ушул заман - гүл заман.
Ден соолугуң болбосо,
Бул заманда эң жаман.
Ой, ой, адамдар,
Күлүп өмүр сүргүлө.
Өмүр кургур бир келет,
Жашоо баркын билгиле.
Ой, ой, адамдар,
Каалаганым ден соолук.
Ден соолугуң болбосо,
Калдың дей бер кор болуп.
Биздин заман - нур заман,
Ушул жыргал, гүл заман.
Ынтымагың болбосо,
Бул заманда эң жаман.
Түндүк, түштүк болбойлу,
Баарыбызга тең заман.
Сөзү : Бактияр Токторовдуку
Обону : Бактияр Токторовдуку
Кар жаады, жердин бети алтын тон жамынды,
Кар жаады, өмүр энчи биз жакка камынды.
Карачы карды, уялтат күлмүңдөй,
Жер энекенин ак, асыл сүтүндөй.
Кайырма:
Жаңы жыл, жаш өмүрүң сүргүн,
Жаңы жыл, жан эргитсин күлкүң.
Кубанычка бөлөп бизди,
Жаңырсын, Жаңы жыл, сенин үнүң.
Бүгүн мына жыл айланып,
Күлгөнсүйт сумсая.
Аткан таңда кош айтабыз өнөк эски жылга,
Эмнени белек кылсам деп издебе.
Тынчтык ала кел, жетет ошол бизге.
Кайырма:
Сөзү : Түмөнбай Байзаковдуку
Обону : Съездбек Искеналиевдики
Эсимде жаштык бактары,
Эсепсиз эле түрлөрү.
Эңилсе бизге шактары,
Эринин тосчу гүлдөрү.
Жадымда жаштык көктөмү,
Жашылга жашыл жарашчу.
Жалбырак турса өпкөнү,
Жоодурап гүлдөр карашчу.
Кайырма:
Ошонун баары эсимде,
Ошонун наары эсимде.
Ой чулгап турган кезимде,
Ошолор түшөт сезимге.
Жалындап күйгөн өрттөгү,
Жарк эткен издер табылчу.
Жымыңдап күйгөн көктөгү,
Жылдыздан чырак жагылчу.
Беш көкүл элең гүл бурап,
Бейиштен келген перидей.
Булбулду коштоп үндү улап,
Басчу элең назик берилей.
Кайырма:
Сөзү : Омор Султановдуку
Обону : Түгөлбай Казаковдуку
Эмненидир мен сага арноом керек,
Көз көрүшүү болбойт го кайрадан бир.
Ал күндөрдө түбөлүк калгым келет,
Эмненидир мен сага арноом керек.
Кайырма:
Сен кайдасың бул күндө мен кайдамын,
Боз жоргодой таң ашчу жайдакталдым.
Биз жоголдук экинчи кайрылбайбыз,
Сен кайдасың бул күндө мен кайдамын?
Жакшы ыр жазып мен сага арноом керек,
Барбы алдыда көздөшүү эч ким билбейт.
Ошол түнгө кайрадан баргым келет,
Жакшы ыр жазып мен сага арноом керек.
Кайырма:
Өзүмдү-өзүм мен эми алдоом керек,
Качандыр бир кездерде жолугам деп.
Ушул ырды жакшы деп арноом керек,
Өзүмдү-өзүм ошентип алдоом керек.
Кайырма:
Сөзү : Бактияр Токторовдуку
Обону : Бактияр Токторовдуку
Аыйыл ичи караңгы,
Козгойт ички санааны.
Таң ыр атылган таңдай,
Жаңы жолго аттанды.
Айыл колун булгалай,
Тургансыды бизди узатып,
Кайырма:
Айылым ай, айылым ай,
Балачактын ширеси.
Айылым ай, айылым ай,
Алтын чактын элеси.
Дагы келербиз кайра,
Айлар айланып жылга.
Дагы күндөгү сырдай,
Сенин жылуу кучагыңдай.
Кайырма:
Сөзү : Э.Ибраевдики
Обону : А.Бедияровдуку
Таң шооласы нур чачканда,
Тал-теректер бүр ачканда.
Кыр-кырлардан кол булгалап,
Кызгалдактар гүл ачканда.
Кайырма:
Алга сүрөп үмүт гана,
Алоолонуп күйүп жана.
Бар жогуна кайыл болуп,
Барам сага, барам сага.
Жылдыз көктө тагылганда,
Жылгадан суу агылганда.
Алтын сөйкө сыяктанып,
Ай кайрадан жаңырганда.
Кайырма:
Дайра толуп чамынганда,
Дарак жоолук салынганда.
Санаам сары саман болуп,
Сага карай агылганда.
Кайырма:
Жолугуштук биз капыстан,
Жайдын кечинде.
Мага арнаган кызыл гүлүң,
Дале эсимде.
Ушул күнүм эстен кетпейт,
Эстен кетпейт, сенин гүлүң.
Кайырма:
Жалгыз сени күтө берем,
Тунук булагым.
Бирге айтып чечишели,
Сүйүү сырларын.
Ойлойм сени.
Ойлойм сени, күтөм сени,
Күндө кечинде.
Келм деген убадаңа,
Ишенип сага жүрөмүн мен.
Сагындым мен өмүр гүлүм,
Өмүр гүлүм сенин гүлүң.
Кайырма:
Адырдагы аппак гүлдү көрөм,
Аппагына кызыгып аны терем.
Аппак көйнөк кийинген, эй, сулуу кыз,
Колумдагы аппак гүл сизге берем.
Эй, сулуу кыз, токтой туруңуз!
Колумдагы аппак гүл сизге берем.
Кыр- кырлардан кызыл гүлдү көрөм,
Кызылына кызыгып аны терем.
Кызыл көйнөк кийинген эй, сулуу кыз,
Колумдагы кызыл гүл сизге берем.
Эй, сулуу кыз, токтой туруңуз!
Колумдагы кызыл гүл сизге берем.
Суу боюнан сулуу гүлдү көрөм,
Сулуусуна кызыгыл аны терем.
Сырлуу көйнөк кийинген эй, сулуу кыз,
Колумдагы сурлуу гүл сизге берем.
Эй, сулуу кыз, токтой туруңуз!
Колумдагы аппак гүл сизге берем.
Эй, сулуу кыз, токтой туруңуз!
Колумдагы кызыл гүл сизге берем.
Эй, сулуу кыз, токтой туруңуз!
Колумдагы сырлуу гүл сизге берем.
Береке чачып, берметин төккөн,
Борборум Бишкек жап-жашыл көктөм.
Жигит –кыз жандай, кумарлар канбай,
Гүл бакчаң таза кулбуруп көчөң.
Бишкегим сүйкүм,
Бишкегим көркөм, көктөм.
Заңгырап үйлөр салынат күндө,
Фонарлар жарык, жаркырап түндө.
Күн санап өсүп, күмүшүн төгүп,
Күлкү, шаң гана көрүнөт көзгө.
Бишкегим гүлдө,
Бишкегим өргө.
Достукта жашап ар улут келет,
Ала –Тоом коштоп күч, кубат берет.
Ай, күнгө жетип, ааламга кетип,
Атыңды сенин жокко дейм билбес?
Өркүндөп,өскүн шаарым Бишкек,
Гүлдөй бер күндө борборум Бишкек.
Аксаткындын селкинчек,
Андай теппей мындай теп.
Бурулчанын селкинчек,
Бурбай теппей мындай теп.
Ойноп,ойноп алгыла,
Ойрон калаар бул дүйнө.
Күлүп,күлүп алгыла,
Күмүрөң калаар бул дүйнө.
Жашыл жоолук дүрдөй жан,
Жаңы ачылган гүлдөй жан.
Кызыл жоолук гүрдөй жан,
Кыз-келиндер гүлдөй жан.
Кайырма:
Бурулчанын селкинчек,
Бурбай теппей мындай теп.
Сүйүмкандын селкинчек,
Сүйлөп тепчи келинчек.
Биз болбосок өмүрдө,
Кызыгы жок кыздар ай.
Тамылжыган жүзүңдүн,
Кызылы жок кыздар ай.
Кайырма:
Көрүндүң көзгө илине,
Көп карап а жал-жал тигиле.
Кете алгыс кылып байладың,
Керемет сүйүү жибине.
Сезимиң мага билдире,
Себепкер сенсиң ириде.
Чыга алгыс кылып чырмадың,
Сыйкырлуу сүйүү жибине.
Карашың мага ок болуп,
Калтырайт денем чок болуп.
Камдаган жылуу сөздөрүм,
Кабылсаң кетет жок болуп.
Көрүнбөй кайда жүрөсүң?
Көрүнсөң кетем жок болуп.
|