|
|
Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384
Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387
Ак сүйүүсүн арнап себелээр,
Агалардын жары жеңелер.
Кызгантышкан агаларымды,
Жеңелерге кимдер теңелер.
Ээ,эй, жеңелер,
Оо, ой, жеңелер.
Кызгантышкан жагынан,
Жеңелерге кимдер теңелер.
Жүгүрүшүп кызмат кылышса,
Жүгүнүшүп сыйлап турушса.
Миң ыраазы болор ата –эне,
Улууларга урмат кылышса.
Ээ,эй, жеңелер,
Оо, ой, жеңелер.
Кызмат кылган жеңелерге,
Жеңелерге кимдер теңелер.
Бакыт болуп күндө себелеп,
Байлык болуп барга теңеле.
Ак жолугуң күнгө желбирет,
Бар болгула биздин жеңелер!
Ээ,эй, жеңелер,
Оо, ой, жеңелер.
Жарык чачкан жагынан,
Жеңелерге кимдер теңелер.
Келчи жаным, жаныма келчи,
Сүйүү жөнүндө ыр ырдап берчи
Жүрсөм деймин дайым жаныңда.
Жүрөгүмдөсүң жалгыз сен өзүң,
Кандай сонун сенин мүнөзүң,
Сен деп ырдайм бүт ырларымда.
Кайырма:
Асманда жанган жылдызым,
Кусалыкка салбагын мени,
Жанымда жанган жылдызым,
Ырларымда ырдаймын сени.
Сенде жатат менин сырларым,
Арзуум айткан, обон ырларым.
Айлуу түндү алмаштым таңга,
Бакытымда, байлыгым сенсиң.
Бал жашоомдун баардыгы сенсиң.
Назиктигиң жагымдуу жанга.
Кайырма:
Жайлоодо өткүн өтүп, ыбыр-дыбыр,
Жүрөгүм эмнегедир ымыр-чымыр.
Карачы, нота билип калганда не, ай,
Угулат музыкалуу бир сонун ыр.
Кайырма:
Аттиң, аттиң, аттиң, аттиң,
Музыкалык сабатым жок,
Кушка окшош уча турган канатым жок.
Жайлоодо булак үнүн угам жыргап,
Теребелде сүйкүм добуш, сүйкүм ыргак.
Кагазга нота билсем түшүрсөм не, ай,
Бул ырды жүрбөйт беле ар ким ырдап.
Кайырма:
Таңшыган кыл кыякта назик кылдай,
Боз чымчык сайрап жатат жаны тынбай.
Кагазга нота билсем, түшүрсөм не, ай,
Ордумда тыңшап туруп кадам жылбай.
Кайырма:
Аттиң, аттиң, аттиң, аттиң,
Музыкалык сабатым жок,
Кушка окшош уча турган канатым жок.
Сөзү : Бактияр Токторовдуку
Обону : Бактияр Токторовдуку
Күн өтсө кайта келбес, өмүр кызык,
Күлкүсү күйүт коштоп өтөт сызып.
Тагдырга таң каламын, таарынбаймын,
Таш боорлук кылып коёт кээде кысып.
Күн өтсө орду толбос, жашоо кызык.
Кайырма:
Минип алып өмүр кемесин,
Жашоо жээгин бойлоп келесиң.
Суктандырып түнкү жылдызды,
Сүйүү гүлүн мага бересиң.
Эстеймин эстен кеткис сезимдерди,
Жазып бүтпөйм санаасын сезимдеги.
"Күбө болсо сүйүүбүзгө алтын казык",-
Деп айткан ошол созүң эсиңдеби?
Эстеймин жаштык өткөн сезимдерди.
Кайырма:
Мен жүрөм жаштыгыма ырлар жазып,
Окусам болобу деп өмүр азып.
Табышпай, таарынышып кетсек дагы,
Тагдыр бул ашыктыкта эмне жазык?
Мен жүрөм бир өзүңө ырлар жазып.
Кайырма:
Кайырма:
Зар болбо, зар болбо, зар болбо
Сага мен кайрылып барбасам
Зар болбо, зар болбо, зар болбо
Жаныңда от болуп жанбасам.
Айдын жарык кечелердин жылдызы боломун,
Адыр аска тоолорумдун кундузу боломун.
Дартымды айтпасам, сырымды чачпасам
Санаамда кор боломун.
Жанымда жүрбөсөң, жаркытып күлбөсөң
Ышкымда кор боломун.
Кайырма:
Нечен, нечен ашыктардын туйгуну боломун,
Безеленип таңды жарган булбулу боломун.
Таттуу көңүлгө, наздуу сезимге ,
Булактай толомун.
Жарпымды жазбасаң, жанымда баспасаң
Башкага жар боломун.
Кайырма:
Сөзү : Бактияр Токторовдуку
Обону : Бактияр Токторовдуку
Кыргыз жерим кооз, жайлоо керемет,
Кыр-кырларың аска, зоолор керилет.
Акылымдан танып турса да эч ким,
Ар ким үчүн өскөн жери керемет.
Кайырма:
Лейлек, Лейлегимди сагындым,
Лейлегимди көздөй бүгүн камындым.
Илек-илек, Лейлек тоонун кушундай,
Баратамын сага, мени тосуп ал.
Кырк айланып жерин кыргыз калкымдын,
Далай жолу таптым кенин алтындын.
Сулуулугу сулуу соруп кетсе да,
Жылуулугу сенсиң ошол алтындын.
Кайырма:
Кыргыз жери кооз, жайлоо керемет,
Кыркырлары аска, зоолор керилет.
Өңгөчүңдү тартып турса да, Эч ким
өскөн жерин өзгө жерге теңебейт.
Сөзү : А.Осмоновдуку
Обону : А.Керимбаевдики
Кош, жан эркем, кош дейсиң деп таарынба,
Мени күтпө, мени эстебе, сагынба.
Жаш кездердей ынак сүйүү жок экен,
Отуз жаштын улам аркы, улам аркы жагында.
Кош, сүйгөнүм, коштошордо жалынба,
Сен жакшы элең мен сүйө элек чагыңда.
Ак сүйүүдөн көңүл калуу көп экен,
Отуз жаштын улам аркы, улам аркы жагында.
Сен бир кептер боз шумкарын түнөткөн,
Унутулган учар замат түнөктөн.
Сүйүү деген сүйүү эмес эринден,
Сүйүү деген от чачышуу, от чачышуу жүрөктөн.
Сен бир бакча мөмөлөрүң келишкен,
Мен жүргүнчү ооз тийген жемиштен.
Сүйүү деген сүйүү эмес бетиңден,
Сүйүү деген сүзүп өтүү, сүзүп өтүү деңизден.
Катарлаш жүргөнүңдө баркың сезбей,
Канатсыз каларымды неге эстебей.
Коштошуп койдум беле курган жаным,
Канетип сенсиз өмүр өтөт дебей.
Сен кеткен караңгы жол жарык чачып,
Күнүгө карай берем өңдөн азып.
Билгизбей тушап коюп кетиптирсиң,
Жаралап жүрөгүмө атың жазып.
Жумуштан шаңдуу кайтып түнөгүмө,
Оорубай куландан соо жүргөнүмдө.
Доктурдун күчү жеткис илдет берип,
Сүйүүңдү сүртүп кеттиң, сыйпап кеттиң жүрөгүмө.
Сөзү : Алымкан Дегенбаеваныкы
Обону : Майрамбек Осмоновдуку
Тамырларга жылуулук келип кайра.
Тай кунандай туйлашат суулар сайда.
Ар-бир үйгө тартуулап тазалыкты.
Ар-бир жанга кол сунат нооруз майрам.
Кайырма:
Алас-алас-алас, ар балээден калас.
Эски жыл-кетти, жаны-жыл келди.
Жакшылыкка жар бол,
Кырман толо дан бол.
Алас-алас-алас, ар балээден калас.
Сүмөлөк-сүмөлөк- сүмөлөк жегиле.
Ак бата-ак бата-ак бата бергиле.
Бак тиккен багбанга, баба дыйканга.
Жана да-жана да-жана-да менин эргүүмө.
Саманчынын жолундай сабын бузбай.
Айлар өтүп жыл толуп келди кайра.
Ала-Тоонун ичине айылыма.
Ар улуттун өзүндөй нооруз майрам.
Кайырма:
Калкым күтүп кубанат кабагына.
Чаң жукпасын таптаза кабагына.
Ак тилектей айылыма кел ноорузум.
Аппак шоола төгүлсүн кадамыңа.
Сөзү : Гүлсина Өмүрбек кызыныкы
Обону : Абидин Темировдуку
Мен сени миң көрүүдөн чарчабаймын,
Миң муунак жыпар төккөн арчадайым.
Жылдыздай көздөрүңдөн сүйө берип,
Жибергим келбейт кусам таркамайын.
Кайырма:
Кантейин эми, кара көзүң эзип жүрөктү,
Арманга салып, арадан канча күн өттү.
Ошол карашың оттой жанып мени жүдөттү,
Жал-жал көзүм, на-на, на-на, на-на...
Караймын, карагандан карек талбай,
Көнөмүн тагдырыма көңүл алдай.
Кантсем да бугум жазып азыр эле,
Кайра эле куса болом кумар канбай.
Кайырма:
Өмүр кубаты, өзүңсүз кантип турайын?
Келчи кучакка, көңүлдөр бирге кубансын.
Жарыгым болчу, жашообуз бирге улансын,
Жал-жал көзүм, на-на, на-на, на-на...
Өзгөчө сагынганда бөлүнөмүн,
Өлмөйүн сенден кантип түңүлөмүн?
Өмүрдү кечип издеп келе берем
Өзүңдү төрт бурчунан дүнүйөнүн.
Кайырма:
Кантейин эми, кара көзүң эзип жүрөктү,
Арманга салып, арадан канча күн өттү.
Ошол карашың оттой жанып мени жүдөттү,
Жал-жал көзүм, на-на, на-на, на-на...
|