|
|
Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384
Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387
Талантым тоо томкоруп кетсе дагы,
Ташкындап ай-ааламга жетсе дагы.
Каалабайм досторум жок өткөн күндү,
Толтуруп бар байлыкты берсе дагы.
Атагым аалам жарып турса дагы,
Алгын деп алтын-күмүш сунса дагы.
Алмашпайм эч нерсеге досторумду,
Өмүргө мүрөк суусун куйса дагы.
Жакшыны, жаманды да тең бөлүштү,
Тагдыр буйругун сен тең көрүштүң.
Тилегим – ыраазы болсун Жаратканым,
Бактымды келет сага тең бөлүшкүм.
Кубанчымды келет сага тең бөлүшкүм,
Сүйүнчүмдү келет сага тең бөлүшкүм.
Күтүүгө жол карадым сен тараптан,
Төгүлгөн жаанда калып кечке күттүм.
Ушул жол мени жалгыз алпараткан
Бир кезде тагдырыбыз экөөбүздүн,
Ээй, тагдырыбыз бир кезде экөөбүздүн.
Күтүүгө үмүт болуп жагылганы
Күйүттүү ырга айланар тагдыр болду.
Экөөбүз жаз шаңына бөлөмөкпүз
Өмүрдө бөлөк түшкөн биздин жолду,
Ээй, бөлөк түшкөн өмүрдө биздин жолду.
Күтүүгө жол карадым сен тараптан,
Төгүлгөн жаанда калып кечке күттүм.
Ушул жол мени жалгыз алпараткан
Бир кезде тагдырыбыз экөөбүздүн,
Ээй, тагдырыбыз бир кезде экөөбүздүн.
Сөзү : Надырбек Алымбековдуку
Обону : Абидин Темировдуку
Кайда эми биз эңсеген бакыт жолу?
Кайда эми ошондогу ашык болуу?
Жүрөктөн кетпейт экен көп элестер,
Жүргөн кез узатышып, басып чогуу.
Кайда эми кереметтүү сүйүү деген?
Суу беле жерге сиңип билинбеген?
Бир көргөн кымбат күндөр кайрылбады,
Бир гана үмүт калды түңүлбөгөн.
Кайда эми таттуу кыял, асыл санаа?
Биз жүргөн кызгалдактуу жашыл талаа.
Билгизбей ортобузду жылдар бөлдү,
Бир көргөн тааныштаймын азыр сага.
Кайдасың, азыр мени ойлойсуңбу?
Какшанып жүргөнүмдү торгой сындуу.
Билинбей сага арнаган ырларыма,
Бир жолу көз жүгүртүп койбойсуңбу?
Сезимдер учат куш болуп,
Сагындым көпкө келбесең.
Бугумду басып турганда,
Ии, кусадан ыйлайт терезем.
Кайырма:
Сунам ыр десте сагынган кезде,
Жүзүң албырып күйгөндө эсте.
Оң көзүң тартып койгондо эсте,
Жамгырлуу кечте.
Кубалап кайгы-капамды,
Кулпулап берчи санаамды.
Ыраазы кылып сүйүп кой,
Ыр менен барган саламды.
Кайырма:
Байкабай айтсам атыңды,
Ойлорум сенде, билип кой.
Түшүңдөн түндө ойгонсоң,
Күткөнүм ошол, билип кой.
Кубанышып апалар, жалпы аялзат
Күндөгүдөн жүздөрүндө бугүн күлкү-шат
Гүлдестенин мыктысын тандап терейин,
Белек кылып бул ырымды ырдап берейин.
Бүгүн марттын сегизи, уккуң энеке,
Майрамыңда ырдабастан турам эмнеге.
Селкилерге ырдайынчы сага карындаш
Эжелереге, сүйгөн жарга, сизге жеңеке
Батына албай энелер бүгүн кубанып,
Кучагында гүлдөр толло ырлар уланып.
Аялзаты соолубасын, болсун ар дайым,
Бүгүн мен да ырым менен тилек айтайын.
Кайырма:
Наристеге каалоо айтам, жаткан бешикте,
Толкунданып, сүрдөнөмүн белек беришке.
Баарыбызды адам кылып, төрөп өстүргөн,
Оо, энелер чыкса деймин баары бейишке.
Сөзү : Өмүркул Кулумбаевдики
Обону : Абидин Темировдуку
Ким сулуу дейт, чынында эле ким сулуу?
Кыйындыкка баш бербеген бир сулуу.
Кылычтабай, мылтыктабай, кыйнабай,
Кээде сөзгө салып койгон тил сулуу.
Кыздар сулуу, кыз сөөлөтүн сактаган,
Жигит сулуу, багытынан качпаган.
Бала сулуу, бейкут жашап бал соргон,
Кары сулуу, бак-дөөлөтү батпаган.
Ким сулуу дейт, чынында эле ким сулуу?
Жигит кызга сунуп турган гүл сулуу.
Актык сулуу, акыйкаттык, ак эмгек,
Баарысынан адам деген эң сулуу.
Сөзү : М.Шахановдуку
Обону : М.Шахановдуку
Бабалардын намысындай,
Көөдөн керип талаа жатат.
Азоо өзөн агышындай,
Жылдар өтүп бара жатат.
Кайырма:
Канат кагып учкан уям,
Туулган айылым.
Мен кай жакта жүрсөм дагы,
Сени ойлодум, туулган элим.
Кайда, кайда жүрсөм дагы,
Сени ойлодум, туулган элим.
Ойго залкар күү келгендей,
Алып учат бала кыял.
Ала-Тоого таянгандай,
Таянамым, элим, сага.
Тоолоруңа теңешемин,
Тоого карай жүрүп келем.
Сенин жаркын келечегиң,
Болсом деген үмүт менен.
Кайырма:
Нукура тийген күндөйсүң,
Нуруна куштар ким дейсиң.
Кылчая карап бассам да,
Кыялым, жигит, билбейсиң.
Айдарым соккон желдейсиң,
Айланып неге келбейсиң?
Жылмая карап тоссом да,
Жылдызга колуң сермейсиң.
Өтпөсө деймин өмүр бош,
Өмүргө жөлөк өмүр кош.
Жүрөгүм таппай түгөйүн,
Жүрбөйүн жаным көңүл кош.
А таңда жарык нур келет,
Анткени бурулчу беле?
Жүзүңдөн жүзүм от алып,
Жүрөккө жүрөк сыр берет.
Күттүм көп, жол карадым сен тараптан,
Төгүлгөн жаанда калып, кечээ күттүм.
Ушул жол мени жалгыз алпараткан,
Бир кездеги тагдырыбыз экөөбүздүн.
Күтүүдөн үмүт болуп жагылгамын,
Күйүттү ырга айланткан тагдыр болдуң.
Экөөбүз жаш чагына бөлөнмөкпүз,
Өмүрдө бөлөк түшкөн биздин жолдор,
Бөлөк түшкөн өмүрдө биздин жолдор.
Күттүм көп, жол карадым сен тараптан,
Төгүлгөн жаанда калып, кечээ күттүм.
Ушул жол мени жалгыз алпараткан,
Бир кездеги тагдырыбыз экөөбүздүн.
Бөлөк түшкөн өмүрдө биздин жолдор,
Бөлөк түшкөн турмушта биздин жолдор.
Сөзү : Эркин Тазабековдуку
Обону : Абидин Темировдуку
Сен менден кеткиң келди, кеткин эми,
Таңга окшош таалайыңа жеткин эми.
Өзүңдү элестетип турар мага,
Өксөсү басылбаган жаздын жели.
Каректен кайгы жашым токтобой эч,
Кусага тебеленет курган жүрөк.
Мен үчүн татып келет бир кылымга,
Өзүңсүз өтүп жаткан ар бир мүнөт.
Кайырма:
Кезигип түшүбүздө, жашоодо жолугушпай,
Мен сени сагынармын, перзенттин добушундай.
Сен мени сагынарсың, перзенттин добушундай,
Эч качан бүтпөгөндөй күн сапары,
Менин да сагынычым бүтпөйт эми.
Курманы болсом мейли махабаттын,
Сагынып жүрүп гана жалгыз сени.
Кайыр кош, бакыраң көз бактым менин,
Эңсетер эми мени сенин демиң.
Жашатар шыңгыр күлкүң, кардай жүзүң,
Жалбырактай жупжумшак эриндериң.
Кайырма:
Кезигип түшүбүздө, жашоодо жолугушпай,
Мен сени сагынармын, перзенттин добушундай.
Сен мени сагынарсың, перзенттин добушундай,
Мен сени сагынармын, сен мени сагынарсың.
Сөзү : Ж.Мамытовдуку
Обону : Р.Абдыкадыровдуку
Издейм сени арасынан элдердин,
Эң бир кооз гүлзарынан жерлердин.
Сен ааламга издетүүгө жаралсаң,
Мен ааламга, мен ааламга.
Дайым сени издөө үчүн, издөө үчүн келгенмин.
Тиктейм сени тизмегинен элдердин,
Бактарынан бардык кооз жерлердин.
Сен ааламга кайгыртууга жаралсаң,
Мен ааламга, мен ааламга.
Дайым сен деп, кайгырууга,
Кайгырууга келгенмин.
Акпы-көкпү, кызыл бекен жоолугуң?
Жоолугуңдун түсүн көрбөй оорудум.
Кышта калган жалбырактын өңүндөй,
Ажарынан, ажарынан бир өзүң деп,
Азууда ден, азууда ден соолугум.
Пушту бекен, жашыл бекен көйнөгүң?
Мынча мени алоолонтуп ойнодуң?
Балким, ушул зор бактынын өзүдүр,
Өмүр бою, өмүр бою издеттирип,
Бир көрүнбөй, бир көрүнбөй койгонуң.
Сен ааламга издетүүгө жаралсаң,
Мен ааламга, мен ааламга.
Дайым сени издөө үчүн, издөө үчүн жаралгам.
Сахна, сахна, жүрөк ыр деп согорун,
Ырсыз жашоо кандай кыйын болорун.
Ырдаганда, ыйлаганда билсин деп,
Ырдан бүткөн кучагыңа ородуң.
Кайырма:
Сахна, сахна, асыл ырдын жомогу,
Алгач менин сен деп чыккан обонум.
Ал кездеги кичинекей кара кыз,
Асел, Асел деген аймончогуң боломун.
Сахна, сахна, сага бердим кечимди,
Сактап жүргөн сагынычтуу сезимди.
Сага деген саламымды, санаамды,
Сага деген саргая элек кезимди.
Кайырма:
Жакшы ырлар көтөрөт дейт көңүлдү,
Жакшылыктар ээлей берсин төрүңдү.
Силер келип коштоп, колдоп турсаңар,
Мен ыр менен узартайын өмүрдү.
Кайырма:
Алыстап жүргөнүңдө менден узап,
Арадан өтсө дагы канча убак.
Элесиң эстен кетпей туруп алды,
Жүрөгүмө салдың эле,
Салдың эле кандай тузак?
Жазылып маңдайына, таалайына,
Табылдың кандай жандын бактысына?
Сүйдүрүп жүргөнүңдү сездиң бекен,
Элесиңди тумар кылып,
Тумар кылып жүрөгүмө.
Сезимди сооротомун, унуттум деп,
А бирок, чындыгында, андай эмес.
Мен сенден үмүтүмдү үзсөм дагы,
Жүрөгүмдө жашай берет,
Жашай берет сүйкүм элес.
Сөзү : Г.Шакированыкы
Обону : А.Темировдуку
Жаным апа, балдарыңа байлап үмүтүң,
Тынчың кетип ойлоп күнү-түн.
Жаштыгыңдан улам алыстап,
Апа, кандай жүрөсүң?
Кайырма:
Жарыгым менин, шоола чачкан өмүрдөй,
Аппак болду, чачың көмүрдөй.
Апакем асылым,
Апакем, менин бырыш баскан беттериң.
Акыл-насаат айткан кептериң,
Дайыма эстедим.
Жаным апам, карылыкка улам алдырып,
Бир жанымды эки жан кылып.
Тилегиңди түнгө шам кылып,
Күтүнөсүң шаң куруп,
Кайырма:
Жаным апа, картайбачы,
Картайбачы, жаным апа.
Гүлү, гүлү, гүлүм, ай,
Сени, сени сүйдүм, ай.
Гүлү, гүлү, күлмүңдөгөн,
Гүлүм, ай.
Келчи, гүлүм, мага,
Келчи жөн гана.
Келчи, сүйүүм, мага,
Келчи жөн гана.
Кадимкидей бар элесте,
Эмес белек кечээ наристе.
Кубалашып ойноп жүрчү элек,
Карагаттуу жашыл белесте.
Ооба, анын баары эсимде,
Куурчагымды бөлөп бешикке.
Жоокер күтүп үйдө калчу элем,
Жетсе экен деп алар жеңишке.
Эх, балалык, биздин балалык,
Сени издеп кайра табалык.
Макул десе мезгил да, өмүр,
Бир күнүңдү кайрып алалык.
Бүгүн майрам, бүгүн той,
Замандаштар, бизде той.
Көңүл ачкын, көп ойлонбой,
Күлгүн жашты кордобой.
Сөзү : А.Осмоновдуку
Обону : А.Темировдуку
Өмүр кең, соолор гүлдөр, өчөр-жанар,
Бат карып, бат эскирип, бат жаңырар.
Эмесе бул дүйнөгө туулуу менен,
Кайрадан ар адамдын өлмөйү бар.
Өлүм - ак, пейли сараң, көңүлү тар,
Күчү жок, бирок бизди коркута алар.
Себеби биз өлгөндө орун басар,
Бизден соо, бизден жакшы, акылдуулар.
Ах, чиркин, биздин күндөр кандай таттуу!
Бүгүнтөн эртеңкибиз ырахаттуу.
Табият жана анын музыкасы,
Күн санап кандай шаттуу, кандай сулуу!
Оо, дүйнө, биздин күндөр кандай таттуу!
Бүгүнтөн эртеңкиси ырахаттуу!
Ушундай сонун күндө кеткендерге,
Карачы кандай гана аянычтуу!
Ушундай сонун күндө кеткендерге,
Байкачы кандай гана аянычтуу!
Аттиң, ай, кандай гана аянычтуу!
Сөзү : А.Атабаевдики
Обону : А.Атабаевдики
Он сегиз жаш,
Тоодо тунук булак белең?
Болбосо андан учкан бубак белең?
Кайрылбай кайда кеттиң, айтчы деги?
Адашып айлыңды мен сурап келем.
Он сегиз жаш,
Жайдын жарык таңы белең?
Болбосо боз туйгундун шамы белең?
Бир жолу кайрылбастай тамшандырган,
Жылт эткен жаштыгымдын шамы белең?
Он сегиз жаш,
Күндө беле сенин серең?
Болбосо жүрөгүмдүн тең белең.
Кош эми, өкүнсөм да унутпаймын,
Өткөргөн өмүрүмдү сени менен.
Тарынбачы жүрөгүмдүн төрүндөсүң.
Кайдан жүрүп сага кабылдым?
Карегиңде барбы жалының?
Жан эргитип жумшак күлгөнүң,
Жарыгыбы аткан таңымдын?
Булбулсуңбу куштар багында?
Анда келип кончу шагыма.
Кучагымдан орун берейин,
Күттүм элем, гүлүм, сагына.
Кылгырасың неге мынчалык,
Кирпигиңден сырдуу нур тамып?
Жаз гүлү болсоң, жыпарыңды чач,
Жадырасын жаным тынч алып...
|