|
Бук болгон бул дүйнөмдү канча алдадым,
Буулуктум билбеген соң кайтар жагым.
Ак куулар учуп өтсө карай берем,
А балким, айтабы деп кабарыңды.
Ак гүлдөр, аппак гүлдөр, ай- күндөр,
Адашкан жамгыр көрдүм, айта албадым.
Сагынып санаа дагы, баягы ырды,
Сай бойлоп тоскум келди шамалыңды.
Күн сайын сен тарапты тиктей берем,
Күтүүнүн чөлүндө өттү канча арманым?
Көк гүлдөр, көпкөк гүлдөр, көркөм гүлдөр,
Көрүүгө зар кылдың го карааныңды.
Билбеймин качан кетем, качан келдим?
Бир бурчун таба албадым батар жердин.
Биз эми бул жалгандан кездешпейбиз,
Бир гана сен деп өңдөн азар менмин.
Жаш болбойм, жакын болбойм, жар да болбойм,
Сен мага азап болдуң, жашай бергин,
Сен мага арман болдуң, жашай бергин.
Сөзү : И.Жунусовдуку
Обону : И.Жунусовдуку
Кыргыз элим байыртан,
Кылымдарды карыткан.
Ак калпактуу элимди,
Колдоп жүрөт Жараткан.
Жылдыз сымал асманда,
Жанып турат жан элим.
Өркүндөй бер, өсө бер,
Келечеги зор элим.
Кайырма:
Кылымдардан кылымга,
Кыргыз уулу сакталган.
Элим аман болсун деп,
Тилегеним Кудайдан.
Керек болсо жанымды,
Алгын мейли, Теңирим.
Бирок сакта тынчтыгын,
Бейпил кыргыз элимдин.
Суранарым тынчтыгын,
Сакта кыргыз элимдин.
Мейман келсе дасторкон,
Жайып турат бай элим.
Ак кымызын, ак нанын,
Сунуп турат жан элим.
Душман келсе майтарган,
Жигиттер бар кайтарган.
Бүркүт сымал асманда,
Мекен, элин сактаган.
Ата-бабам Бакайдан,
Кыргыз уулу сакталган.
Кайырма:
Көз тийбесин элиме,
Көз тийбесин жериме.
Таазим кылып суранам,
Колдоп жүргүн, Жараткан.
Биздин мекен эзелтен,
Мейман, достун мекени.
Көз артышкан душмандын,
Агып түшсүн кареги.
Кайырма:
Сөзү : Ж. Сыдыковдуку
Обону : К. Урманбетовдуку
Калп эле мен өзүмдү алдай албайм,
Калп эле жазың болуп жайнай албайм.
Кайыр кош, арманымдын айыпкери,
Капаста торгой болуп сайрай албайм,
Капаста булбул болуп сайрай албайм!
Күтө албай күнүбүздү,
Күбүдүк гүлүбүздү.
Соңку жолу ырдайм сага,
Соолуган сүйүүбүздү.
Толкунду тоскум келип шарпылдатпай,
Тордолгон тар дүйнөңө калдым батпай.
Энчилеп жалгыздыкты жолго чыктым,
Элим бар күтүп алар жалгыздатпай,
Элим бар тосуп алар жалгыздатпай.
Эми сен созбо колуң,
Эскини козгобогун.
Жеңилип турмушумдан,
Жетишет коздогонуң, боздогонум.
Бир келген жаштыгыма тагдырлашмын,
Кирдеген жан дүйнөңө кайрылбасмын.
Дүйнөнүн жыргалынан айрылсам да,
Мен сүйгөн ырларымдан айрылбасмын.
Билгизип маанайымды,
Бир тилек каалайынбы?
Таарынбай тагдырыңа,
Тапкын өз таалайыңды.
Көңүлүм кыйылды,
Көз жашым тыйылды.
Турмуштан өтөмүн мен,
Туу кылып ырымды.
Ак деген сөздүн мааниси,
Адеп, ахлак шааниси.
Ак – бул чындык, тазалык,
Ак түстө болбойт каталык.
Ак жол менен басалык,
Алга карай шашалык.
Ак жүздөргө эзели,
Артылбасын капалык.
Ак калпактуу атабыз,
Ак элечек апабыз.
Ак тилегин айтышса,
Ала–Тоодой жасанып.
Алга жылсын ишибиз,
Асыл эмгек жасалып.
Апалардын колунан,
Ар дайым ак таталык.
Ак жол каалайт балдарга,
Алыска сапар алганда.
Ак часса жылан чегинет,
Акмалап барып калганда.
Азгырыкка алданба,
Ар дайым кел жардамга.
Артка карай кылчайбай,
Ак иш жаса жалганда.
Ак булактан суу чыгат,
Ак булуттан буу чыгат.
Ай тиет түн киргенде,
Асман ачык, күн чыгат.
Ачык маанай алпейим,
Адамдардан нур чыгат.
Андайларга тартынбай,
Ак пейилден кымыз ак.
Ак баласын апалар,
Ак бешикке салышат.
Алтымыш тамыр ийитип,
Алдейлешип багышат.
Ак торпокту макташат,
Ак тайлакты макташат.
Ак күмүштү ырымдап,
Асемдешип сакташат.
Ак жүрөктүү эрендер,
Ак ниеттүү кенендер.
Акыл төгөт акындар,
Ак таңдайлуу чеберлер.
Асыл кенге толсун жер,
Амандыкта болсун эл.
Ак баатыры коргосун,
Аска-зоодой кеменгер.
Алдей, бөбөк теминсин,
Ата–энеге берилсин.
Алкап сактап пендесин,
Ак асманым керилсин.
Ак буудайы себилсин,
Ата Журтуң семирсин.
Ак сакалдын батасы,
Ак дилинен берилсин.
Ак тилектен абалтадан,
Ата-бабам жоону чапкан.
Айкөл деми бизге жетти,
Дарыядай тынбай аккан.
Кайырма:
Кагылайын Ата Журттан,
Кыялдарым бийик учкан.
Баарыбызды боорго кыскан,
Кыргызстан, Кыргызстан.
Кошой, Бакай акылманым,
Калк коргогон баатырларым.
Санжыралуу кыргыз эли,
Тартуулаган Кыргызстаным.
Кайырма:
Чыңгызыбыз көктө жылдыз,
Жарык болуп элде турмуш.
Бардык улут биримдигин,
Бийик сакта, улуу Кыргыз.
Кайырма:
Алгачкы кадамды,
Арыштап басканмын.
Алиппе жол баштап,
Адырды ашканмын.
Кайырма:
Балапан кезден амандашып,
Балалык кезден, замандашым.
Туурга консок да,
Ар тарап болсок да,
Оюмда жан курдашым.
Турмуштун жакшына,
Энчиси өзүңсүң,
Ардагым классташым.
Келсеңчи айланып,
Ал кезим жанданып.
Алкайын баарыңды,
Азыр бир шаңданып.
Кайырма:
Эстейм күн кур эмес,
Эсимде кулк-мүнөз.
Жүрөктүн төрүндө,
Классташ, ошол кез.
Кайырма:
Кайырма:
Дем бересиң жүрөгүмө жалын чачып,
Ишенбесең жүрөгүмдү көрчү ачып.
Нарын суудай күрпүлдөп бууракандайт,
Аппак сүйүүм сага деген куса тартып.
Ырахмат сени сүйгөн тагдырыма,
Ансайын сүйө берем, мээрим чачып.
Сездиң бекен мен сени сүйгөнүмдү,
Сени ойлоп кусаланып жүргөнүмдү.
Сени дегдеп турсам дагы билдире албай,
Сен деген сегиз болгон күндөрүмдү.
Убайга түшүп алып таң атырган,
Уйкусуз өткөн далай түндөрүмдү.
Кайырма:
Вдоль по улице метелица метёт,
За метелицей мой миленький идёт.
Ты постой, постой, красавица моя,
Дай мне наглядеться, радость, на тебя.
На твою ли на приятну красоту,
На твоё лишь толь на белое лицо.
Ты постой, постой, красавица моя,
Дай мне наглядеться, радость, на тебя.
Красота твоя с ума меня свела,
Иссушила добра молодца, меня.
Ты постой, постой, красавица моя,
Дай мне наглядеться, радость, на тебя.
Ты постой, постой, красавица моя,
Дай мне наглядеться, радость, на тебя.
Сөзү : А.Исаевдики
Обону : С.Жумалиевдики
Көрүшкөндө көздөрүңдөн чагылган,
Нурларынан курган кайран көпүрөм.
Бекемине күмөн санап жаңылган,
Өтүмү жок болгонума өкүнөм.
Кайырма:
Кимге айтып күйүтүмдү?
Кимге барып өтүнөм?
Кимге барып күнү–түнү?
Кимге айтып күйүтүмдү?
Кимге барып күнү–түнү?
Кимге барып өтүнөм?
Таңшыганча табышмактуу таң сыры,
Тандап кеттиң таңы салкын өлкөнү.
Табалабайм кайрылганда айт чынын,
Артык бекен башка жердин көркөмү?
Арбалсаң да бир келерсиң,
Ала-Тоону көргөнү.
Эстегенде сермелерсиң,
Арбалсаң да бир келерсиң,
Эстегенде сермелерсиң,
Ала-Тоону көргөнү.
Кала берем мекенимде сени эстеп,
Жүрсө экен деп алыс жерде аман-соо.
Өкүнгөнүң көңүлүмдө элестейт,
Көргөн сайын жалын бүрккөн жанар тоо.
Жалын бүрккөн үшкүрүгүң,
Жалын бүрккөн үшкүрүгүм,
Жаңырыгы жарар зоо.
Жаз жамгыры жаайт экилеп,
Тахти-тахти-тах-тах.
Тереземди улам черткилеп,
Тахти-тахти-тах-тах.
Теребел да жашыл түстүү,
Бүгүн сулуу өзгөчө.
Толкунданат жаш жүрөгүм,
Сени гана көздөгөн.
Кайырма:
Жашын төккөн жазгы жамгыр булуттардай,
Ыйлай бердим бул жашоону унуткандай.
Кээде карап күлмүңдөгөн сүрөтүңө,
Ыйлай бердим ушул жазды унуткандай.
Жамгыр мага күүсүн энчилеп,
Тахти-тахти-тах-тах.
Бул заманда сүйүүм кечигет
Тахти-тахти-тах-тах.
Сагынычка батынамын,
Дале-дале сыздаймын.
Кайда жүрсөң, угаттыр деп,
Жамгыр ырын ырдаймын.
Кайырма:
Жашын төккөн жазгы жамгыр булуттардай,
Ыйлай бердим бул жашоону унуткандай.
Кээде карап күлмүңдөгөн сүрөтүңө,
Ыйлай бердим ушул жазды унуткандай.
Сөзү : Азада Бегимкулованыкы
Өткөнүмдү эске салбастан,
Өктөм сүйлөп өчүн албастан.
Өксүтпөстөн ардактасаңыз,
Өмүр бою болом сизге шам.
Кыялыма кишен салбастан,
Көңүлдөргө, шекке албастан.
Кең пейилдүү, кенен болсоңуз,
Күн өткүчө болом сизге шам.
Үмүтүмдү сизге арнасам,
Күйүт тартып сизге жандасам.
Үшкүрбөңүз ушак сөздөргө,
Үйүңүзгө болом жанган шам.
Өмүр бою болом сизге шам,
Кыяматтык болом сизге шам,
Үйүңүзгө болом сизге шам.
Апаппак кардай сүйүүсү бардай,
Ачылып көңүлдөр.
Кубаныч толуп, ушундай болуп,
Өтсө экен өмүрлөр.
Чогулуп достор, айтылып тосттор,
Тосолу майрамды.
Ыйлаткан күндөр, ой баскан түндөр,
Шаттыкка айланды.
Айланды бүгүн, сүйүүгө айланды.
Кайырма:
Таалайым сенсиң, жарык маанайым сенсиң,
Ырым да сенсиң, бүтпөс сырым да сенсиң.
Чүрөгүм сенсиң, менин жүрөгүм сенсиң,
Тагдырым сенсиң, бардыгым сенсиң.
Байлыгым сенсиң, бардыгым сенсиң.
Жылдызың жанып, жылуулук алып,
Караймын көзүңө.
Ардагың мен деп, күткөнүм сен деп,
Ишенип сөзүңө.
Сулуусуң дайым, жаңырган айым,
Жашынып барайын.
Бактыма консоң, түгөйүм болсоң,
Сыйлап бир алайын.
Кайырма:
Кымбатым өскөн жер мекеним,
Сен десем толгонуп кетемин.
Энемдей асырап чоңойттуң,
Сүтүңдү мен актаар бекенмин.
Тоолоруң, түздөрүң белесиң,
Көңүлгө жак болуп келесиң.
Киндик кан тамызган Ата-Журт,
Чалыксам күч, кубат бересиң.
Кымбатым өскөн жер мекеним,
Бактылуу бир бала экенмин.
Атамдай алпештеп өстүрдүң,
Наныңды мен актаар бекенмин?
Шуулдаган теректердин дабышы,
Сооротушу, көңүлүмдү алышы.
Соолуп барат азап чеккен жүрөгүм,
Адат болду көз жашымдын агышы.
Кайырма:
Армандарым ичте жүрөт көрүнбөй,
Айсыз түндүн чеги болбос төрүндөй.
Үзүлө албай жашайт үмүт,
Саргаямын күтүп жүрүп,
Күзгү жалбырактын өңүндөй.
Бизде болчу махабаттын ысыгы,
Таптым дегем ак сүйүүмдү чыныгы.
Ак тилектер талкаланып чачылып,
Колго тийди анын майда сыныгы.
Эстей берем чогуу жүргөн күндөрүм,
Сен бар үчүн жашоом кооз, чүрөгүм.
Эркелетип нуруң сени, сен мени,
Уччу элек го мейкининде дүйнөнүн.
Кайырма:
Айсыз түндө жылдыздарды санаймын,
Жарыгы өчкөн кош жылдызга караймын.
Соолубасын жазда ачылган гүлүңөр,
Адамзатка мен ошону каалаймын.
Кайырма:
Кайдасың, эңсеген эрмегим?
Зарыгып күткөндө келбедиң.
Уйкусуз түндөрдү өткөрүп,
Оюмду он бөлүп сен дедим.
Кайдасың, кайда кеттиң?
Кайда кеттиң, эңсеген эрмегим?
Күткөндө келбедиң,
Кайдасың, сагынган кымбатым?
Акылдан адашпас кылдатым,
Жанаша басканда көрк берер,
Жарашып сулуулук сымбатың.
Кайдасың, кайда кеттиң?
Сагынган кымбатым,
Акылман кылдатым.
Кайдасың, кумардуу кучагым?
Жытыңды жыттоого кусамын.
Сени менен конушум көгөрүп,
Сен болсоң бийикке учамын.
Кайдасың, кайда кеттиң?
Кайдасың үмүттүн чырагы,
Күйгөндө күтүнүп чыгарым.
Сагыныч өч алды сезимден,
Келе көр жакшы эле чыдадым.
Кайдасың, кайда кеттиң?
Сөзү : Бактияр Токторовдуку
Обону : Бактияр Токторовдуку
Иштер менен жүрө берип кармалыпмын,
Узатуудан кечигипмин сени, жаным.
Жазды эңсеп келдим эле, жаңылыпмын,
Тосуп алды жылуулугу сентябрдын.
Кайырма:
Сентябрь айы көөдөндө калды,
Күздөй сапсары санаага салды.
Мезгилди сына, мемиреп укта,
Мен кайда калдым, сен кайда калдың?.
Кыя албай улам жолду карадыңбы?
Айтайын деп ойлоруңду самадыңбы?
Жазды эңсеп келдим эле, жаңылыпмын,
Жаап жатты санаалары сентябрдын.
Кайырма:
Жазды эңсеп, күздө турам, сагынамын,
Сансыз ойго чөмүлөмүн, малынамын.
Сезимдерди сайгылаган сентябрдын,
Кайрыгына алсыз гана багынамын.
Кайырма:
Сөзү : Ж.Алыбаевдики
Обону : Т.Казаковдуку
Бул ыр Гүлгүнай менен биргеликте аткарылган
Ала–Тоо жерин жердеген,
Ак калпак кыргыз эл деген.
Ар улут, элдин өкүлү,
Шаң менен Нооруз кел деген.
Кел, Нооруз, келчи кол сунуп,
Шөкүлө кийип жаз болуп.
Балкысын аппак пейилден,
Кайрылып келсин жаз болуп.
Кайырма:
Кел, Нооруз, келгин жаз менен,
Жаңы жыл деген ат менен.
Береке толгон той болсун,
Бакытка балкып, шат менен.
Ар балээден сак кылгын,
Ар күнөөдөн жок кылгын.
Аластап билик кылалы,
Пейилди бүгүн ак кылып.
Сүмөлөк тартуу - жөрөлгө,
Сүйүнөт эне ар үйдө.
Сүйүүнүн коштоп ырларын,
Бере бер, Нооруз, береке.
Кайырма:
Сөзү : Бактияр Токторовдуку
Обону : Бактияр Токторовдуку
Чакырды бизди Ата Мекен,
Корго деп Ала–Тоолуу жерди.
Чоңойсом аскер болом деген,
Эңсеген мезгил эми келди.
Ыйлаба, ыйлабачы, жаным,
Күчөтүп ашыктыктын дартын.
Кызматта кырчындай чыңалып,
Келүүгө берем сага антым.
Кайырма:
Анткени мен сени сүйөмүн,
Аскердик бул менин чын сөзүм.
Күз өтүп, кайра жаз келгенче,
Күтүүдөн үмүтүң үзбөгүн.
Чакырды бизди Ата Мекен,
Корго деп ала–тоолук элди.
Ар бир уландын парзы экен,
Аткаруу жигиттик милдетти.
Сен болсоң кат жазып тур, жаным,
Күн сайын болбосо, ай сайын.
Сен үчүн, Ата Мекен үчүн,
Согулган жүрөктү аягын.
Кайырма:
Я о счастье помечтаю,
Закружится голова!
Вы меня простите, люди,
Если может не права.
Счастье — это быть любимой,
Счастье — это быть вдвоём!
А когда оно приходит ,
Мы его не узнаём!
Припев:
Хочу быть любимой,
Хочу быть любимой!
Не просто любимой,
А необходимой!
Хочу быть любимой,
Чтоб с этого дня.
Ты каждый свой день,
Начинал бы с меня!
Я о счастье помечтаю,
Как всегда на Новый год!
А потом не прозевать бы,
Если вдруг оно придёт!
Ты возьмёшь меня за плечи,
Тихо скажешь мне любя:
Как я рад, что это утро
Начинается с тебя!
Припев:
|