|
Балабыз да, анда балабыз,
Көч-көч ойноп көлгө барабыз.
Бир муштумдап бизди башкарган,
Сен атаман, сенсиң кара кыз.
Кайырма:
Кара кыз, ай, айтчы, кара кыз,
Ал күндөрдү кайдан табабыз?
Балалыкты абдан сагындым,
Жүрчү кайра көлгө барабыз.
Ойноокпуз да, анда ойноокпуз,
Келин алмай оюн ойноппуз.
Сен төрөйсүң, ата болсом да,
Баёолук, ай, бир өөп койбопмун.
Кайырма:
Кара кызым, сени сагынам,
Агардыңбы азыр багыңдан?
Эстейм сени күзгүнү карап,
Бетимдеги салган тагыңан.
Кайырма:
Сөзү : Р. Карагулованыкы
Обону : Т. Казаковдуку
Себеленип ойлордун жумшак жамгыры,
Салкын тартып карааның менен узады.
Кетпе алыска кетпе менин жаштыгым,
Тумчуктурба агызып шарын ызанын.
Кайырма:
Жылт эткен жылдыздын үзүгүндөй,
Сен кайда кеткенсиң асылкечим.
Жүрөктө толукшуп сүйүү жазы,
Сен качан келесиң аслылкечим.
Тереңдерден балбылдап сезим бермети,
Ыйык ойлор шыбырын сенден жашырат.
Күнгө умтулган биздин жашыл өмүргө,
Аппак жаандай тилектер жаап басылат
Кайырма:
Жылт эткен жылдыздын үзүгүндөй,
Сен кайда кеткенсиң асылкечим.
Жүрөктө толукшуп сүйүү жазы,
Сен качан келесиң аслылкечим.
Сөзү : Б.Абакировдуку
Обону : Т.Жоробековдуку
Жаз мезгили жеңил-желпи кийинип,
Жылдыздуу түн сен экөөбүз биригип.
Өмүр балын жаңы татып турганда
Өрүк гүлү бизге турду ийилип.
Сени менен гүлдөн артык сезилди.
Гүл сылады аппак нурдуу бетиңди.
Дүйнөдөгү жалгыз кызык болдуң
Дүүлүктүрүп кереметтүү сезимди.
Ай да чыгып ал ангыча жаркырап,
Аалам жүзү ачыш тартты жалтырап,
Махабаттын же жаштыктын күчүбү,
Турган элек, тунук ойго магдырап.
Жыбыраган жылдыз улам суюлуп,
Ай шооласы жерге берип сулуулук.
Билинбестен өтүп жатты өзү эле,
Менден сага, сенден мага жылуулук.
Ал мезгил менин эсимде,
Али да турат сезимде.
Ар дайым күтүп барчумун,
Алтынчы күнү кечинде.
Сүйүү оту жанса көзүңдө,
Сүйүнүч турчу өзүмдө.
Сабактан бошоп сырдаштык,
Алтынчы күнү кечинде.
Чырдашпай келип чечимге,
Чыгарбай сырды эч кимге.
Аттестат алдың, сөз бердиң,
Анда да алтынчы күнү кечинде.
Эртелеп барсам бешимде,
Экзамен бүткөн мезгилде.
Ашыкпа дедиң, той болот,
Анда да алтынчы күнү кечинде.
Абалтан кыргыз элимде,
Аялзат улуу жаралган.
Тулкундап назик кыздары,
Тоо кушу сымал таранган
Кайырма:
Аялзат аруу апалар,
Аялзат асыл энелер,
Аруу жандар, асыл заттар, энелер
Сүйкүмдүү сулуу, аруу жандар
Ардактуу эсен, асыл жандар
Аруулук дайым силерде,
Аялзат аруу апалар
Түркөйлүк ойго алдырбай,
Түзүлүп турат каталар
Кайырма:
Балдарга эне, эрге жар,
Баарына бакыт уюткан.
Аруулап келет өмүрдү,
Абалкы умай улуктан
Кайырма:
Ким келбейт тирүүлүктүн базарына?
Ким көнбөйт көр оокаттын азабына?
Кулпунтуп гүл өмүрдүн багын ачып,
Курбулар, аман-эсен жашагыла.
Курбулар, аман, курдаштар, эсен,
Курбулар, аман-эсен жашагыла.
Тарыхтын барагындай ачар ээлер,
Барыңар ыйыксыңар бата берер.
Билигин асыл жандын балбылдатып,
Биз үчүн бар болгула, ата-энелер.
Биз үчүн бар бол, биз үчүн бар бол,
Биз үчүн бар болгула, ата-энелер.
Бал тилдүү балдан өткөн ширинсиңер,
Багыбыз, байлыгыбыз бир өзүңөр.
Ар дайым балдар эсен болсун дейбиз,
Анткени үмүтүбүз силерсиңер.
Анткени үмүт, анткени тилек,
Анткени келечеги силерсиңер.
Тагдырдын табышмактуу тар жолунда,
Таалайын издеп тапкан жан болгула.
Байсалдуу өмүр буйруп улуу күчтөр,
Баарыңар, замандаштар, бар болгула.
Баарыңар аман, баарыңар эсен,
Баарыңар, замандаштар, бар болгула!
Эгер мен гүл болуп жаралсам,
Терезең түбүнөн өсмөкмүн.
Анда угуп эрте-кеч үнүңдү,
Ар дайым жүзүңдү көрмөкмүн.
Эгер мен суу болуп жаралсам,
Мелмилдеп бакчаңдан агармын.
Жүзүңдү жууганы келгенде,
Шыбырап сырымды айтмакмын.
Эгер мен куш болуп жаралсам,
Бир сенин багыңа конмокмун.
Шагыңа салып мен уямды,
Түбөлүк жанаша болмокмун.
Эгер мен нур болуп жаралсам,
Шооламды бир сага төкмөкмүн.
Бейкапар сен уктап жатканда,
Жүзүңдөн аймалап өпмөкмүн.
Ала-Тоодон артылып,
Аппак, аппак таң атчу.
Аткан таңга окшотуп,
Биздин кызды карашчу.
Кызыл мончок-шурунун,
Түр-түрүнөн такканбыз.
Кыздын нуру болсун деп,
Кымкапка ороп бакканбыз.
Бийик көктөн түшкөн нур,
Бизге келген жол бекен?
Күтүп, күтүп отурган,
Күйөө кандай болду экен?
Күйөө мында, көрөлү,
Биздин кызга бар бекен?
Көргөн көздү сүйүнтөр,
Көрүндүгү бар бекен?
Ыйык сүйүү, жактыруу,
Не бар дейсиң башка улук?
Кыдыр колдоп эки жаш,
Болсун дейбиз бактылуу.
Кудай кошкон кудабыз,
Кары-жашпы, баарыбыз.
Эки жаштын куш боосу,
Бек болуусун каалайбыз.
Тойго келген баарыбыз,
Тамаша, ыр арнайбыз.
Эки жаштын куш боосу,
Бек болуусун каалайбыз.
Сөзү : Б.Алыбаевдики
Обону : Р.Абдыкадыровдуку
Санаалар уюп, сайылып канжар сезимге,
Сагынып сени, саргайып жүргөн кезимде.
Ак толкун болуп, ак шоокум болуп,
Көрүнчү мага, периштем.
Көңүлүм эңсеп тайызды эмес, тереңди,
Түндүктүн суугу турганда каптап денемди.
Аскарым болуп, ак жалын болуп,
Жылытчы мени, периштем.
Жетем деп улам жылт эткен максат соңунан,
Бараткан кезде чырмалып кайгы торуна.
Карекке конуп, үмүтүм болуп,
Жанымда турчу, периштем.
Чарчадым эми дайыма тынбай сени издеп,
Турамын азыр кабагым бүркөө, сени эстеп.
Ак таңым болуп, ак шамым болуп,
Түшүмө кирчи, периштем.
Сөзү : Түкөш Мамбетовдуку
Обону : Жумамүдүн Шералиевдики
Ырдап койчу добушуңду угайын,
Сен ырдасаң мен кубанып турайын.
Карай берип көздөрүңдү канганча,
Кубат алып кумарыңа тунайын.
Ырдап жатып бир көз кысып койбосоң,
Кантмек элем, кала берем,
Кала берем муңайым.
Ырыңды уккам, эми өзүңдү көрөйүн,
Кыялдана аба жирей жөнөйүн.
Тааныша алсаң түбөлүккө кол сунуп,
Таалайыман тартуу кылып бөлөйүн.
Абалыма анча көңүл бөлбөсөң,
Амал канча, тагдырыма көнөйүн.
Кана, курбум, күндөй жаркып ырдап кой,
Көңүл эргип, толкундасын, жыргап бой.
Кабарыңа ашык болгон бир жанга,
Күчүң жетсе, кашың серпип ымдап кой.
Жашоо үмүт, кубанычта өтсүнчү,
Жалын менен жүрөгүмдү сырдап кой.
Ырдап кой.
Сөзү : Аскар Исаевдики
Обону : Сардарбек Жумалиевдики
Атыңдан кагылайын, Сары-Челек,
Батынбайм баа беришке сага ченеп.
Байыркы бабалардан калган белек,
Бар бекен берекелүү сендей белек?
Береке, кереметке келген бөлөп.
Келбетиң келишкенден алган тандап,
Берметиң асыл жерден алма, жаңгак.
Сарамжал колуң менен алсаң тандап,
Жемишиң уюлуңан таңгак-таңгак.
Аркайган аскаларың булут баскан,
Арасын аркар-кулжа аралашкан.
Көргөн да, көрбөгөн да өтүп кетер,
Кумары бир өзүңдөн таркабастан,
Кумары бир өзүңдөн таркабастан.
Сөзү : Айгүл Узакованыкы
Обону : Рысбай Абдыкадыровдуку
Өрттөдүм дебе жаз менен келип жалынга,
Жаныңда турсам жайдары мүнөз көрүнүп.
Сен ала келген көлүмдүн ысык демидир,
Сан ойго бүгүн ээ бербей турсам төгүлүп.
Мезгилди күткөн маанайы күздөй кыялкеч,
Муңайым жанган үмүттөн түзүп бир элес.
Убайым жеген күндөрдү тансам бир паска,
Мендеги шоктук анчейин жаштык деле эмес.
Келгендер өтсө көк ирим жээкке таң менен,
Сагынчың төгүп, толкунга бол дейм жан жолдош.
Түйшүктүү өмүр, түндүгүм алыс болбосо,
Мен дагы көлдү сагынган жанмын сага окшоп.
|