|
Канча мезгил өтсөда,
Көз алдымда элесиң.
Топурагың алтыным,
Тоодой дем, күч бересиң.
Айылым менин,
Балалыктын дептери,
Өмүрүмдүн мектеби.
Эч унутпайм сени,
Сагындырган мени.
Айылымдын кечтери,
Каагылып келем,
Сагынып келем.
Сакта деп жерим,
Жаратканга, жалынып келем.
Асман тиреп мелжиген,
Ак кар баскан тоолорум.
Көргүм келип сагындым,
Улар учкан зоолорун.
Мөлтүрөгөн наристе,
Бала болуп калсамчы.
Дептеримди колго алып,
Мектебиме барсамчы.
Арманым менин,
Терек сайдын кечтери.
Сөзү : Н.Кадырбековдуку
Обону : Э.Балтагуловдуку
Обону : Сыймык Бейшекеевдики
Сен менин жүрөгүмө жаз алып келдиң,
Жаз менен жанга жагым наз алып келдиң.
Күн нурун кирпигиңе тагынып алып,
Күлмүңдөп гүлгө окшоп жасанып келдиң.
Кайырма:
Жаз менин көздөрүмдө, сенин көзүңдө,
Жүрсөк да аппак карлуу кыштын өзүндөй.
Ал жазды сен ээрчитип мага келгендей,
Көңүлүм көктөм өңүн көргөн сезимде.
Көздөрүң көздөрүмө учураганда,
Бактылуу жоктой башка ушул ааламда.
Көлкүлдөп эрип кетти сүйүү жазынан,
Кыш дагы алы келбей кычыраганга.
Кайырма:
Көздөрүң көздөрүмө эркелегенде,
Көлдөгү толкун болуп кетем мен эмне.
Бүт дүйнө жаралгандай сүйүү дегенден,
Бүт дүйнө багынгандай сүйүү дегенге!
Кайырма:
Куржунумду көтөрүп,
Сага келем, сулуу кыз.
Кубулжутуп үн салып,
Ырдап берем, сулуу кыз.
Кайырма:
Чапчыманын белинен,
Аксы, Чаткал жеринен.
Салам алып келе жатам мен,
Ала-Бука элинен.
Алып сени качайын деп,
Кара-Кулжа жеринен.
Жетелешип жайлоого,
Кетеличи, сулуу кыз.
Арча жыттуу мекениме,
Жетеличи, сулуу кыз.
Кайырма:
Чалкып жаткан Чаткалга,
Кетеличи, сулуу кыз.
Терек-Сайдын сууларын биз,
Кечеличи, сулуу кыз.
Кайырма:
Бакыт кушун кармаган,
Болчу менин жубайым.
Ширин, таттуу балдардан,
Берсин бизге Кудайым.
Кайырма:
Эркелеп колуң сунсаң,
Эринден балың тамат.
Сезимим жараланып,
Сен үчүн жашап турат.
Жаралап жүрөк ыргап,
Жалынга мени чырмап.
Алдабайм сени, жаным,
Ишенчи мага дайым.
Кайырма:
Гүл кармап басып келем,
Күн сымал күйүп денем.
Кадала турсаң карап,
Каректе жалын менен.
Жылдызым жанып улам,
Жанымды турсаң арбап.
Жанда жок сезимиме,
Ийилип таазим кылам.
Кайырма:
Гүл кармап басып келем,
Күн сымал күйүп денем.
Кадала турсаң карап,
Каректе жалын менен.
Махабат - улуу сезим,
Ал мага келген кези.
Муңканган жүрөгүмдүн,
Музасы болдуң эми.
Сөзү : Б.Борбиевдики
Обону : Б.Борбиевдики
Токточу, жигит,
Айтайын, сенде бар бир сөзүм.
Мен сенден коркпоймун,
Сен антип кабакты түйбөгүн.
Билемин байлык бар,
Кыздарың башка дагы көп.
Бирок, ал кызга тийбегин,
Ал кызга тийбегин,
Анткени ал менин сүйгөнүм.
Кайырма:
Дүрүдүм, дүрү-дүрүдүм,
Болду келбей жүргүн.
Жигити бар экен деп,
Эми сен билип жүргүн.
Дүрүдүм, дүрү-дүрүдүм,
Дүрү-дүм-дүм.
Билемин, байлыкка,
Сен алып баарын көнгөнсүң.
Оту жок жалынга,
Калп эле кыйналып күйбөгүн.
Сен жигит таң калба,
Ал үчүн даярмын мен баарына,
Анткени ал менин,
Анткени ал менин сүйгөнүм.
Кайырма:
Садагам менин жылдызым,
Таалайга бүткөн нур кызым.
Эл кызы болуп өсө көр,
Алдейлеп сүйсүн кыргызым.
Апалап мени сагынба,
Окуюн бурул чагымда,
Өнөрдүн чечсек түйүнүн,
Булбулдар сайраар багыңда.
Бала бир бакыт гүлүм го,
Балбылдап чыккан күнүм го.
Өбөктүү эрмек, жарп ачар,
Өмүрдө да таңгыс үнүм го.
Перзенттер, бооңор бек болсун,
Бейпилдеп жаңы шаар консун.
Шаанилүү турмуш даркандап,
Билимдүү менен эл толсун.
Ак көпөлөк, ак делбир,
Ак көйнөкчөн Айжаз кыз.
Айдын көлдүн куусундай
Ак канатын жайган кыз.
Кайырма:
Күндүн күмүш нурунан,
Ээрип түшө калгандай.
Гүл ачылып ичинен,
Күлүп чыга калгандай.
Айдын алтын нурунан,
Агып түшө калгандай
Акак таштын агынан,
Алаканга тамгандай.
Мончок сымал көздөрү,
Моймолжууган Айжаз кыз
Моокум канбай көркүнө,
Ойлондурган Айжаз кыз.
Кайырма:
Кер маралдай керилген,
Көрсөң көңүл берилген.
Кол жетпеген адамга,
Көктөгү айбы дедирген.
Күндүн күмүш нурунан
Ээрип түшүп калгандай.
Гүл ачылып ичинен,
Күлүп чыга калгандай.
Айдын алтын нурунан,
Агып түшө калгандай
Акак таштын агынан,
Алаканга тамгандай.
Айжаз кыз, Айжаз кыз
Сөзү : Г.Сатыбековдуку
Обону : Г.Сатыбековдуку
Азырынча мен машина кичине,
Эки үч адам араң батат ичиме.
Эрте болсо мейли, түштө-кечинде,
Качан болсо даяр болом ишиме.
Кайырма:
Чоңойгондо жип болом
Билесиңго азыр атым тико
Көчөлөрдө арзан такси, тико,
Бир бечара байкуш дебе, тико.
Матис деген эжем бар,
Дамас деген акем бар,
А мен болсо балакаймын, тико
Бирде жакшы, бирде жаман кездешет
Мени неге жети айлык деп тилдешет
Ата-Журттум Кореяга кетсемби
Япошкалар жаман көрүп тиктешет
Кайырма:
Шашпагыла жип боломун,
Билесиңго азыр атым тико
Көчөлөрдө арзан такси, тико,
Бир бечара байкуш дебе, тико
Дамас деген жеңем бар,
Матис деген эжем бар,
А мен болсо балакаймын тико.
Кайырма:
Курдашым тоюпсуңго пивого
Белетиң бар шашыласың киного.
Көчөлөрдүн баары азыр "пробка"
Кечигесиң отурбасаң тикого
Сөзү : Т.Ниязалиевдики
Обону : Т.Ниязалиевдики
Ак нандын чыккан жери буудай экен,
Буудайдын чыккан жери ылай экен.
Ылайдан жасап коюп адамзатты,
Баарынан күчтүү кылган Кудай экен.
Абаны сулуу кылган ырай экен,
Адамды сулуу кылган чырай экен.
Чырайлуу табиятты тартуу кылып,
Чыныгы жашоо берген,
Чыныгы жашоо берген,
Чыныгы жашоо берген
Кудай экен.
Өткөндү закым кылган Кудай экен,
Эртеңди жакын кылган Кудай экен.
Мезгилдин арыз-муңун айта жүр деп,
Мендейди акын кылган Кудай экен.
Ак нандын чыккан жери буудай экен,
Буудайдын чыккан жери ылай экен.
Ылайдан жасап коюп адамзатты,
Баарынан күчтүү кылган,
Баарынан күчтүү кылган,
Баарынан эстүү кылган
Кудай экен.
Өткөндү закым кылган Кудай экен,
Эртеңди жакын кылган Кудай экен.
Мезгилдин арыз-муңун айта жүр деп,
Мендейди акын кылган,
Мендейди акын кылган,
Мендейди акын кылган Кудай экен.
Жай өтүп, күз мезгил келип,
Жай барат мезгилиң желип.
Айта албайм ашыктыгымды,
Алтыным, койсоңчу сезип.
Жамиля, жаным Жамиля деп,
Ырчыны айтып бузбайын.
Данияр болуп кааласаң,
Домбра чертип ырдайын.
Бото көз булак болоюн,
Утурлап жолуң тороюн.
Булбул куш болуп сен үчүн,
Багыңа барып коноюн.
Аселим, Асел, Асел деп,
Түнү бою ырдап сайрайын.
Айдоочу Ильяз мен болуп,
Долонду ашып барайын.
Жүзүңдү тик карай албай,
Жүдөдүм сага бара албай.
Жүрөгүм ооруп турат го,
Жүз аарчы белек ала албай.
Мырзагүл, Мырзагүлүм деп,
Султаның сенин болоюн.
Эрте жазда турналар келсе,
Эркем деп обон созоюн.
Бетме-бет сага барайын,
Берилип сүйүп карайын.
Гүл терип сага таң заардан,
Гүлсары минип барайын.
Кылымды карытар бир күн,
Ак жаанда калдым сен үчүн.
Махабат дастанын жаздым,
Сага деп ырдап күнү-түн.
Сен үчүн алма бактан мен,
Кыпкызыл алма үзөйүн.
Ысык-Көл болуп чалкысаң,
Ак кеме болуп сүзөйүн.
Куттуу болсун баш кошушкан тоюңар,
Ачык болсун жашоодогу жолуңар.
Силер үчүн достор айткан тилекти,
Чын көңүлдөн кабыл алып коюңар.
Кайырма:
Бар бол дайым, бактылуу бол,
Турмуш деген – узун жол.
Түбөлүккө бирге болсун,
Кармашышкан эки кол.
Өмүр бою бирге болсун,
Тилегибиз бир ошол.
Жакындардын көтөрүңкү маанайы,
Бул да болсо эки жаштын таалайы.
Ак сакалдар ак батасын беришип,
Эки жашка узак өмүр каалайлы.
Кайырма:
Үлгү болгон үй-бүлөдөн болгула,
Оюн-күлкү, мээрим чачкан той мына.
Жаман көздөн, суук сөздөн силерди,
Асырасын Жаратканым койнуна.
Кайырма:
Кейпи начар кийими ала-дүлөк,
Керзи өтүгү өзүндөй кара, жүдөө.
Тачка сүйрөп, жан багып таңдан кечке,
"Ош базарда" бир жетим бала жүрөт.
Каргадайдан башына токмок салган,
Каректерин карадым кош-кош жанган.
Каректерин карасам, от айланбай,
Чоң кишинин көзүндөй токтоп калган.
Жеңи менен мурунун сүртүп алып,
Желип барат, жүгүн ал түртүп алып.
Кесел болгон кемпирдей тура албастан,
Жерде жатат, жетимге тийчү жарык
Капты ташып карааны караңдаган,
Кабагынын баланын салаңдаган.
Ата Журтум, бечара сени көрдүм,
Ала качып көздөрүн алаңдаган.
Билем кыргыз баласы экендигин,
Тилеп турдум Теңирден эсендигин.
Жалгыз ушул баланын тачкасында,
Келе жаткансып сүйрөлүп Мекен бүгүн…
Кейпи начар кийими ала-дүлөк,
Керзи өтүгү өзүндөй кара, жүдөө.
Тачка сүйрөп, таңдан кечке жанын үрөп,
"Ош базарда" бир жетим бала жүрөт.
Толук кез жайдын ысыгы, аптап,
Күүгүм кирди айылды караңгы каптап.
Ышкырык-күлкү, шаңдуу ыр менен,
Боз балдар жүрөт көчөнү таптап.
Кайырма:
Айыл этегинде жалгыз там турат,
Шаардык кыз келген, көңүлдү бурат.
Кантип чакырып, таанышсам экен,
Канткенде билип, сезимим туят?
Демейде комсоо көрүнсө ал там,
Айлыбызга берет бөтөнчө бир шаң.
Жылдыздар батып, торгой үн салат,
Чыкпайт шаардык кыз, атат жаңы таң.
Кайырма:
Бирибизден тымызын кызгана беребиз,
А бирок эч кимибиз тааныша элекпиз.
Ышкырык салып өйдө-ылдый улам,
Канткенде чакырып, гүлүмдү сунам?
Кайырма:
Сөзү : Мерген Тургандыкы
Обону : Мерген Тургандыкы
Жамгыр төгөт көчөлөргө,
Берип сүйүү белгисин.
Сени издейм көчөлөрдөн,
Берип сүйүү өмүрүн.
Эске салып ошол күндү,
Сени менен бир жүргөн.
Сени ойлоп көз жаш акты,
Жаз жамгырга окшогон.
Кайырма:
Жамгырлуу жаз жашын төккөн,
Жамгырлуу жаз жашыл көктөм.
Жамгырлуу жаз сени өпкөн,
Жамгырлуу жаз нөшөрлөгөн.
Жүрөктөрдө билинбей,
Жаз сүйүүсү башталат.
Жымыңдаган жылдыз учкан,
Айлуу түндөр аркалап.
Жаштык сүйүү жаз жамгырга,
Бүгүн кайра нөшөрлөп.
Алыс калган жаз жамгырын,
Биз тособуз экөөлөп.
Кайырма:
Умсундуруп учкундарын сезимдин,
Эмнегедир сөз катпадың унчугуп.
Кабылдым эй, карегине көзүңдүн,
Чөгүп кеттим тереңине тумчугуп.
Толкундары ээрчип мени шашыла,
Жан талашып кирпигиңе асылам.
Чабалактайм, анан кайра басылам,
Чыгарып кой, аркан жасап чачыңан.
Кайырма:
Өзүм билбейм, кантип келдим көлүңө,
Көрүнбөгөн жиптер менен байланып.
Туткун болдум карегиңдин көлүнө,
Канча мезгил жүрөм анда айланып?
Телмиремин тереңинде күнү-түн,
Көрбөгөнмүн ушунчалык кыйноону.
Муздан кылба муңканган бүт үмүттү,
Же унутуп калгансыңбы сыйлоону?
Куткаргын сен, каршы болбой сөзүмө,
Көз ирмемче өзүң калдың өзүмө.
Кандай күч бар, бүткүл сезим тартылып,
Кайра чөгүп баратамын көзүңө.
Кайырма:
Обону : Ж.Шамшиевдики
Эх, жигиттер, неге шоксуңар?
Көзүңөрдөн көзүм жалтанат.
Эх, жигиттер, неге бошсуңар,
Кыздын сырын неге байкабай?
Баарыңарды жакшы көрөбүз,
Жадыраган, шайыр жигиттер.
Силер үчүн азап чегебиз,
Силер үчүн күлүп, жазып чер.
Эх, жигиттер, неге шоксуңар?
Көзүңөрдөн көзүм жалтанат.
Эх, жигиттер, неге бошсуңар,
Кыздын сырын неге байкабай?
|