|
Сөзү : Б.Алыбаевдики
Обону : Р.Абдыкадыровдуку
Санаалар уюп, сайылып канжар сезимге,
Сагынып сени, саргайып жүргөн кезимде.
Ак толкун болуп, ак шоокум болуп,
Көрүнчү мага, периштем.
Көңүлүм эңсеп тайызды эмес, тереңди,
Түндүктүн суугу турганда каптап денемди.
Аскарым болуп, ак жалын болуп,
Жылытчы мени, периштем.
Жетем деп улам жылт эткен максат соңунан,
Бараткан кезде чырмалып кайгы торуна.
Карекке конуп, үмүтүм болуп,
Жанымда турчу, периштем.
Чарчадым эми дайыма тынбай сени издеп,
Турамын азыр кабагым бүркөө, сени эстеп.
Ак таңым болуп, ак шамым болуп,
Түшүмө кирчи, периштем.
Сөзү : Түкөш Мамбетовдуку
Обону : Жумамүдүн Шералиевдики
Ырдап койчу добушуңду угайын,
Сен ырдасаң мен кубанып турайын.
Карай берип көздөрүңдү канганча,
Кубат алып кумарыңа тунайын.
Ырдап жатып бир көз кысып койбосоң,
Кантмек элем, кала берем,
Кала берем муңайым.
Ырыңды уккам, эми өзүңдү көрөйүн,
Кыялдана аба жирей жөнөйүн.
Тааныша алсаң түбөлүккө кол сунуп,
Таалайыман тартуу кылып бөлөйүн.
Абалыма анча көңүл бөлбөсөң,
Амал канча, тагдырыма көнөйүн.
Кана, курбум, күндөй жаркып ырдап кой,
Көңүл эргип, толкундасын, жыргап бой.
Кабарыңа ашык болгон бир жанга,
Күчүң жетсе, кашың серпип ымдап кой.
Жашоо үмүт, кубанычта өтсүнчү,
Жалын менен жүрөгүмдү сырдап кой.
Ырдап кой.
Сөзү : Аскар Исаевдики
Обону : Сардарбек Жумалиевдики
Атыңдан кагылайын, Сары-Челек,
Батынбайм баа беришке сага ченеп.
Байыркы бабалардан калган белек,
Бар бекен берекелүү сендей белек?
Береке, кереметке келген бөлөп.
Келбетиң келишкенден алган тандап,
Берметиң асыл жерден алма, жаңгак.
Сарамжал колуң менен алсаң тандап,
Жемишиң уюлуңан таңгак-таңгак.
Аркайган аскаларың булут баскан,
Арасын аркар-кулжа аралашкан.
Көргөн да, көрбөгөн да өтүп кетер,
Кумары бир өзүңдөн таркабастан,
Кумары бир өзүңдөн таркабастан.
Сөзү : Айгүл Узакованыкы
Обону : Рысбай Абдыкадыровдуку
Өрттөдүм дебе жаз менен келип жалынга,
Жаныңда турсам жайдары мүнөз көрүнүп.
Сен ала келген көлүмдүн ысык демидир,
Сан ойго бүгүн ээ бербей турсам төгүлүп.
Мезгилди күткөн маанайы күздөй кыялкеч,
Муңайым жанган үмүттөн түзүп бир элес.
Убайым жеген күндөрдү тансам бир паска,
Мендеги шоктук анчейин жаштык деле эмес.
Келгендер өтсө көк ирим жээкке таң менен,
Сагынчың төгүп, толкунга бол дейм жан жолдош.
Түйшүктүү өмүр, түндүгүм алыс болбосо,
Мен дагы көлдү сагынган жанмын сага окшоп.
Сөзү : Акылбек Айтиевдики
Обону : Акылбек Айтиевдики
Кыргызстан - тоолордун мекени,
Тунук суулар, токойлор, кендери.
Кылымдарга түбөлүк жашай бер,
Өсө бергин, гүлдөгүн, мекеним.
Көк асманды тиреген тоолорум,
Ак булутту жандаган зоолорум.
Жаратканым сулуулук бериптир,
Айтып бүткүс эң бир кооз мекеним.
Кайырма:
Кыргызстан - ыйык мекен,
Кыргызстан, койнуң кенен.
Кыргызстан, Кыргызстан,
Коргойбуз сени бек туруп!
Ата Журтум, Ала-Тоом, мекеним,
Коргойбуз биз, сактайбыз өзүңдү.
Күн нуруна бөлөнүп жергебиз,
Кыргызымдын эрдигин даңктайбыз.
Ала-Тообуз - элимдин тиреги,
Көк асманга желбирейт желеги.
Кыргызымдын эрдигин даңктайбыз,
Бабалардын салтын биз барктайбыз.
Күздө күтүп жазда келген сезимди,
Күйүт бизге үмүт болуп сезилди.
Бул турмушта ансыз деле өксүгөн,
Жалоорутпа жайнап турган көзүңдү.
А мен сени күтөр элем миң жылга,
Бирок жашоо ченелүү да бир кыйла.
Биздин өмүр өтпөсө да бир үйдө,
Биздин сүйүү калар, балким, бир ырда.
Кездешкенче нур чачышып жүздөрдөн,
Күз да келди, гүл саргайды биз көргөн.
Сен сырыңды, мен чынымды айткыча,
Өмүр өтүп баратпайбы бир келген.
Ашыраалы Айталиевдики.
Жаш элек шайыр, шаттанган,
Алыска сапар аттанган.
Кыймылдап поезд баратса,
Кылгырып көздөн жаш тамган.
Караган менен көз жетпейт,
Капкайда калды карааның.
Элестейт, бирок сүйкүмдүү,
Жароокер жалжал жамалың.
Бир букет гүлдү сунарда,
Күйүттүү күнгө капталгам.
Саламат-эсен баргын деп,
Узатып калдым вокзалдан.
Обону : Алтымыш Кадыровдуку
Жанымдан өтсөң жылмайып,
Жалт карайм мен да кылчайып.
Ичтеги сырды айта албай,
Жүрөсүң, айтчы, кимде айып?
Өзүңдү жакшы көрөмүн,
Өзгөчө сүйүп жүрөгүм.
Өрт болуп өмүр өтсө да,
Сүттөн ак сага тилегим.
Жүрөсүң айтчы,
Жүрөсүң айтчы,
Жүрөсүң, жаным, кимде айып?
Ойлонуу менен таң атат,
Ойлорум сени саматат.
Жыл өткөн сайын жылт этип,
Жаштыгым өтүп баратат.
Айттырбай билип сырларым,
Ардактап жаштык ырларын.
Алагды кылбай көп эле,
Аясаң боло, жыргалым.
Сөзү : Барпыныкы
Обону : Барпыныкы
Беттин көркү нур менен,
Белдин көркү кур менен.
Биз сүйгөн сулуу Мөлмөлүм,
Белгилүү болсун ыр менен.
Эки илебиң - кызыл гүл,
Ачылгандай, Мөлмөлүм,
Бир карасам жүрөккө от,
Чагылгандай, Мөлмөлүм.
Маңдай чачың Маргалаң,
Жибегиндей, Мөлмөлүм.
Сенин ышкың баланын,
Тилегиндей, Мөлмөлүм.
Өтүмдүүсүң Өзгөндүн
Күрүчүндөй, Мөлмөлүм.
Созулганың зергердин
Күмүшүндөй, Мөлмөлүм.
Майиндигиң жоргонун
Жүрүшүндөй, Мөлмөлүм.
Гүлзар кылчы жүрөктүн
Какшып жаткан чөлдөрүн.
Күйдүм, Мөлмөл аппагым,
Ааламдан сендей таппадым.
Издеп-издеп күн-түнү,
Мөлмөлүм деп какшадым.
Секин баскан бутуңдан,
Сейдана мончок жытыңдан.
Кадам койгон бутуңдан,
Калемпир мончок жытыңдан.
Бетиме түшсө жамалың,
Ашыктык отко жанамын.
Боорукер болсоң колдоп ал,
Боздоп жүргөн баламын.
Алкымыңа жарашкан,
Алтын иймек
-сагагың.
Ай тийгенсип көрүнөт,
Ак бермет таккан тамагың.
Боз уланды какшаткан,
Болор-болбос баш баккан,
Сенин бөдөнө тумшук мамагың.
Айдап-айдап мал бербей,
Айры өркөчтүү нар бербей.
Сүрүп-сүрүп мал бербей,
Сүйрү өркөчтүү нар бербей.
Башымды берсем тартууга,
Алар белең, Мөлмөлүм?
Ашыглыкка бир даба,
Табар белең, Мөлмөлүм?
Мал бербей, өзүн берет деп,
Өлбөсө кимге керек деп,
Чанар белең, Мөлмөлүм?
Чыныга куйган бал болсоң,
Чымындай ага малынсам.
Чыгалбай жатып ошондо
Чын өзүңө багынсам.
Чыгарып койсоң боор ооруп,
Чырагың болуп жагылсам.
Алты оролуп мойнуңа мен,
Ак маржан болуп тагылсам.
Берейин десем малым жок,
Мал табууга алым жок.
Кедейликтин дартынан
Тышым жалын, ичим чок.
Маңдайга жазган ушубу?..
Чече албадым мен ойлоп.
Бирок да мунун баарына,
Карабайт экен көңүл шок.
Көрүнүп койсоң бир жолу,
Булуттан чыккан айга окшоп.
Сөзү : М.Асанбекованыкы
Обону : Г.Садыбакасованыкы
Көз артат көптөр жериме,
Көз мончок тагып койсомбу?
Көркөмүң дагы арттырып,
Көпөлөк болуп консомбу?
Сук артат көптөр жериме,
Айлантып сууну чачсамбы?
Ансайын көркүң арттырып,
Ак марал болуп барсамбы?
Кайырма:
Сактасын суук көздөрдөн,
Садагам Оштой жеримди.
Сулайман пирим колдосун,
Жоо жүрөк, баатыр элимди.
Колумдан келсе, туулган жер,
Көз тумар болуп тагылсам.
Уулуңду кимдер талашмак,
От-жалын болуп жагылсам.
Кайырма:
Сөзү : Сооронбай Жусуевдики
Обону : Асылбек Өзүбековдуку
Эстечи, андай чак кайда,
Экөөбүз бакта басканда.
Коңур жел жортуп таң эрте,
Кош жылдыз, кош жылдыз,
Кош жылдыз турган асманда.
Жылдыздай сүйүү сен тилеп,
Жылдыздай сүйүү мен тилеп.
Ал экөө биздин жылдыз деп,
Албадык, албадык,
Албадык беле энчилеп.
Кош жылдыз өңдүү жанашып,
Кош жылдыз өңдүү жарашып.
Эрмектеш болуп жүрө албай,
Экөөбүз, экөөбүз,
Экөөбүз кеттик адашып.
Жаз сайын булак шыңгырап,
Жашка жаш кошуп жыл-жылдап.
Көргөндө көктөн кош жылдыз,
Көзүмдүн, көзүмдүн,
Көзүмдүн жашы кылгырат.
Айтпаңыз антип,
Жүрөгүм ооруйт дебеңиз.
Таянган тоом,
Жөлөнгөн аскам элеңиз.
Кеменгер ишкер,
Керемет жолдор алдыда.
Кемибей турсун,
Кебелбей өмүр кемеңиз.
Жүрөгүңүзгө,
Жүк болдум бекен ашыкча?
Жүрчү элем шерик,
Болсом деп ырыс-бакытка.
Тынчытып өзүм,
Тымызын тыйып алчу элем.
Көңүлдүн кушун,
Көкөлөп сизге ашыккан.
Айтпаңыз антип,
Жүрөгүм ооруйт дебеңиз.
Таянган тоом,
Жөлөнгөн аскам элеңиз.
Жөнөкөй жанмын,
Жөн гана сиз деп жашаган.
Жүрөктү кыйнап,
Жөнү жок азап жебеңиз.
Мен отурам сени ойлоп,
Жүрөгүмдө сүйүү толгон.
Айдай жүзүң элестетем,
Баратканың сууну бойлоп.
Бакыт толгон жүрөгүмдө,
Сезим жашайт жалгыз сен деп.
Жарык берип жан дүйнөмө,
Жылуу жүзүң нурун себет.
Кайырма:
Айдай сулуу бул ааламда –
Асыл адамым өзүңсүң.
Ыргак берген ыр сабымда,
Ырахаттуу сөзүмсүң.
Жылдыздуу түн эч батпаган,
Уйкум качып, таң атпаган.
Айдай сулуу сенин жүзүң,
Сандык болду сыр ачпаган.
Табитиңе бал татыган,
Табигатта сен татына.
Ай шооласына чөмүлүп,
Ак сүйүүмө мен багынам.
Кайырма:
|