|
Уйкусуз таңдар атат,
Кирпиктер ирмелбеген.
Кусалык журөктү эзип,
Эч кимге билинбеген.
Кайырма:
Билинбей күндөр өтөт,
Үмүтүм үзгөн менен.
Ак сүйүүм жашай берет,
Турмушта сага деген.
Угулат кулагыма,
Наристе сенин үнүң.
Тартылат көз алдыма,
Алгачкы тунук сүйүүм.
Кайырма:
Унутпай койдум сенин,
Жылмайган элесиңди.
Азаптуу ал күндөрдү,
Алтыным, билесиңби?
Бек сактайм жүрөгүмө,
Жылмайган элесиңди.
Унутпай койдум сени,
Эмне үчүн ббилесиңи?
Кайырма:
Билинбей күндөр өтөт,
Үмүтүм үзгөн менен.
Ак сүйүүм жашай берет,
Турмушта сага деген.
Унутпай койдум сенин,
Жылмайган элесиңди.
Азаптуу ал күндөрдү,
Алтыным, билесиңби?
Сөзү : Эсенгул Ибраевдики
Обону : Арзыбек Бедияровдуку
Өткөн өмүр өкүнтөт, айла барбы,
Өкүнгөндөн же табар пайда барбы?
Күлкү менен, шат менен таң атырган,
Күлгүн жаш, эй, күлгүн жаш,
Жалын жаш, эй, жалын жаш кайда калды?
Жылаңайлак суу кечкен сайда калды,
Жылгалардан гүл терген жайда калды.
Ишке тойбой, бий бийлеп күн батырган,
Жалын жаш, эй, жалын жаш,
Күлгүн жаш, эй, күлгүн жаш артта калды.
Ташты эритер сендеги чоктун деми,
Кайсы топко алпарып коштуң мени?
Айрылгым жок, айрылбас аргам да жок,
Кош бол, менин алтыным,
Кош бол, жалын жаштыгым.
Кош бол эми, кош бол эми…
Кайырма:
Күтөмүн, күтөмүн, күтөмүн,
Күйүттөн күч алып түтөймүн.
Кечигип кетти го кабарың,
Алтыным, кай жерде жүрөсүң?
Алдың бекен арзып жазган катымды?
Сездиң бекен жүрөктөгү дартымды?
Кубанычтуу кабар күтөм өзүңдөн,
Бир күндө миң кайталаймын атыңды.
Кайырма:
Мейли эми кат жазбагын, ашыгым,
Айбыгасың калп айтуудан ачыгын.
Анда, жаным, жолукканда экөөбүз,
Жылмайып кой башкалардан жашыруун.
Кайырма:
Жолуң тоссом жолобостон качасың,
Ак жүзүңдү аягансып катасың.
Түтөй берип түгөнөйүн деп калдым,
Чын сырыңды деги качан ачасың?
Кайырма:
Сөзү : Т.Казаковдуку
Обону : Т.Казаковдуку
Жамгыр төктү, эч басылбай,
Биз келаттык көл-шал болуп.
Жол кароого көз ачырбай,
Бет алдымдан шамал согуп.
Кайырма:
Күн күркүрөп, жамгыр төктү,
Ошол күндөр кайда кетти?
Жаштыгымдай же кечээги,
Кайрылбастан кете берди.
Жамгыр төктү, эске түштүң,
Алыс калган жаштыгымдай.
Сагынтасың, жүрөктү эзип,
Колдон учкан ак куумдай.
Кайырма:
Жылдар учат канаттуудай,
Жамгыр төгөт эч басылбай.
Жамгырларда эске түшөт,
Туңгуч сүйүү унутулбай.
Сөзү : Нинакан Жүндүбаеваныкы
Обону : Канымгүл Досмамбетованыкы
Жазда келгем айлыңа, кызыл өрүк,
Түштү көөнүм көркүңө сени көрүп.
Күндө отуруп түбүңдө, искеп жытың,
Карай берем кайталап, көңүл бөлүп.
Ого бетер күлүңдөп сени карап,
Болгонсуйсуң өмүргө өзүң шерик.
Күндөгүдөй күлүңдөп мени карап,
Коштошууга кол берип келдим сага.
Жыпар жытың жыттайын, аябачы,
Белек болсун өзүңдөн ошол мага...
Неге мынча бук болом камыккансып,
Ысыйт денем алоолоп күйүп-жана.
Жазда келгем айлыңа, кызыл өрүк,
Түштү көөнүм көркүңө сени көрүп.
Күндө отуруп түбүңдө, искеп жытың,
Карай берем кайталап, көңүл бөлүп.
Ого бетер күлүңдөп сени карап,
Болгонсуйсуң өмүргө өзүң шерик.
О тебе...
О тебе...
Я подбираю осколки слёз твоих,
Превращаю в цветы.
Я так люблю наблюдать твои мечты,
И исполнять их.
Я строил замки из песка лучами солнца,
Для тебя я на рассвете.
И летней музыкой дождя,
Прольется вновь любовь моя,
Я не могу без тебя.
Кайырма:
Я не хочу отпускать тебя,
Ты очень много значишь для меня.
Мне очень хочется тебя обнять,
Обнять тебя и не отпускать.
Пусть между нами будут города,
Твою улыбку не заменит ранняя весна.
Бриллианты слёз стекают по твоей щеке,
Они в моих руках напомнят о тебе.
Твоё имя рисую на песке,
Как мне жить без тебя?
Лучезарною улыбкою своей,
Ты губишь меня.
Слагаю строчки для тебя,
Ведь ты одна моя судьба,
Мы будем вместе.
Живу я с мыслю о тебе,
Пусть так угодно судьбе,
Но я вернусь к тебе.
Кайырма:
Эгиздей айым эне сен,
Эркелеп өскөн мен эсен.
Эх, тагдыр, неге татаалсың?
Энекем жалгыз, энекем.
Кайрыма:
Турмушта сүзүп барам жай,
Тумардай тутуп бага албай.
Балаңды, эне, кечиргин,
Бактыңды турсам таба албай.
Эмнеге бердим күчүмдү?
Эмгиче таппайм бүтүмдү.
Эх, эне, кантип актаймын,
Эмизген эмчек сүтүңдү?
Кайырма:
Өксүгү болбой, кейиш жок,
Өкүмү болбой, өлүш жок.
Эх, чиркин, өзөк өртөнөт,
Энекең күлбөй, бейиш жок.
Кайырма:
Тереңден өткөн терең жок,
Тек күндөй ысып, денем чок.
Эх, өмүр, эки келсечи?!
Энемден өткөн энем жок.
Энемден башка энем жок.
Кайрыма:
Агылган күнгө булактай,
Жагылган түнгө чырактай.
Ырыстан бүткөн ырым бар,
Ырдайын бүгүн суратпай.
Баталы кызыкка,
Бар мына музыка.
Кайырма:
Ачылам бул кечте, чачылам бул кечте,
Суурулуп жүрөктөн, сунулат ыр десте.
Кыргыз деп ырдалат, жылдыз деп ырдалат,
Кошулуп ырдасаң, көңүлүң нурданат,
Өмүрүң нурданат.
Кадырлуу журттун байлыгы,
Канаттуу ырдын кайрыгы.
Учалы бирге, замандаш,
Унутуп дилде кайгыны.
Жаныңды ысыта,
Жаңырсын музыка.
Кайырма:
Ыдырай бербей чоочуну,
Ырдасак бирге отуруп.
Биримдүү элден болобуз,
Дилибиз дилге кошулуп.
Бүйүрүңдү кызыта,
Бүтпөсүн музыка.
Кайырма:
Сымбатым жашыл жаздын көркөмүндөй,
Сулуусуң Болоттун Ак-Мөөрүндөй.
Суйкайып жүрөгүмдү жараладың,
Суктантып Барпы акындын Мөлмөлүндөй.
А бирок, Алымкандай Токтогулдун,
Тагдыр деп, башкага жар болбогунуң.
Ээрчишип кете бербе бөлөк менен,
Туруксуз Чолпонундай Жолболдунун.
Камыгып ичке сырын жашыра албай,
Топко айткан ак сүйүүсүн зарлай-зарлай.
Тагдыры татаал күнгө туш келсе да,
Сүйүүгө туруктуу бол Бегимайдай.
Жадырап жазда толуп чыккан айдай,
Жашайбыз көргөн жандар суктангандай.
Сүйүшкөн бизден кийин далай жаштар,
Мисалдап экөөбүздү ыр жазгандай.
Сөзү : Өсөр Козуевдики
Обону : Өсөр Козуевдики
Эртеден кечке жумуштан кетпей,
Эл үчүн иштеп тамак да ичпей.
Калкымдын иши жылса деп алга,
Талыкпай ойлоп издедиң айла.
Ар бир ак чачың үзүрлүү эмгек,
Үзүрлүү эмгек жөн эле келбейт.
Унутуп үйдү берилип ишке,
Кайтасың үйгө дайыма кечте.
Атаке, сага амандык тилеп,
Жолуңду жолдоп балдарың келет.
Залкар ой-акыл, насаатын айткан,
Карааның бизге күч-кубат берет.
Сый-урмат көрүп, узакка жашап,
Журтуңдан ызат көрүңүз эми.
Эмгегиң даңктап, кылганың айтып,
Ардактап жүрсүн айылдын эли.
Кадырлап жүрсүн кыргыздын эли,
Сыйлап бир жүрсүн айылдын эли.
Сөзү : Ж.Турсунбаевдики
Обону : З.Арыкбаевдики
Кыргызым, Кыргыз го,
Күйүп турган жылдыз го.
Касташкан душманы,
Кыйратып эч кыргыс го.
Көксөп жеткен азаттыгы колдо бар,
Көктө учкан бир куш го.
Уулуң Манас эрдиктери ойдо бар,
Урпактары бирбиз го.
Кайырма:
Санатын сактаган,
Санжырасын баштаган.
Көөнөн тарых дастандарын калтырып,
Көчмөн элим каада-салтын барктаган.
Кыран куштай алга карай талпынып,
Кыргыз болуп туулганыма мактанам.
Кыргызым улук го,
Кылым кезген улут го.
Калкымдын тилеги,
Кашка суудай тунук го.
Жети дубан мамилеси куралган,
Жердигинен ыйык го.
Биримдике, ынтымака сугарган,
Биздин максат бийик го.
Кайырма:
Кыргызым, баяным,
Кызмат кылуу талабым.
Керемет пейилиңди,
Кайдан издеп табамын?
Чоң жазуучу Чыңгызымдын эли деп,
Чыга берсин кабарың.
Даражаңды ырларымда белгилеп,
Дайым сыймыктанамын.
Кайырма:
Карабачы, антип мени, караба,
Кайрадан жүрөгүмдү жаралаба.
Унутам деп өзүмдү-өзүм алдап келем,
Үзүлгөн үмүтүмдү, үмүтүмдү кайрылаба.
Сүйгөнүм бар, кечир мени садага,
Жүрөгүмдү арнаганмын башкага.
Кечигипмин бул жашоодо сүйүүдөн,
Өкүнбөйм өзүмдү-өзүм, өзүмдү-өзүм кыйнабайм.
Мейли тагдыр экөөбүздү кошподу,
Таш боор тагдыр ак сүйүүдөн коркподу,
Мейли бирок жашай берет ортодо,
Түбөлүк тунук сүйүү, тунук сүйүү оттору.
Келчи гүлүм, менин сүйүүм,
Сени издеп таппай жүрөмүн.
Өтпөй күнүм, жетпей үнүм,
Сени күтүп абдан жүдөдүм.
Кайырма:
Аттиң ай, аттиң ай,
Ак сүйүүнүн баркын, ай.
Өттү жалгыз алтын ай,
Көңүл салкын, ай.
Эркем ай, эркем ай,
Берекедей келсең, ай.
Жашап келем сен деп, ай,
Жаным сенсиң, ай.
Ойлор кысат, алып учат,
Айтчы неге жаным келбедиң?
Жолдор узап, жүрөк сызат,
Сени күтүп аттым, келбедиң.
Кайырма:
Обону : Чыңгыз Турдубековдуку
Чарпылдым айдыңында өмүрүмдүн,
Чабыттап көктөмүндө көңүлүмдүн.
Чарчадым чындык көрүп чыркыраган,
Чаң басып тээ түпкүрүн жүрөгүмдүн.
Каржалган жылдар гана жазык болуп,
Кан жолдо жаштык гана азык болуп.
Канча эшик каккыладың, бирок баары,
Калышты ар убакта жабык болуп.
Кишилер мен сыйлаган бал-бал болуп,
Кыялдар мен ишенген жалган болуп.
Кайрадан жан талаштың жашаганга,
Көөдөнгө касиеттүү арман толуп.
Ак боз ат өмүр өтөт айланганы,
Арыйсың көр тирликке байланганы.
Карыткан адамдарды жылдар эмес,
Карытат ишке ашпаган армандары.
Арзып келсең сагынычың жазылган,
Абаң атыр, арчаң килем жашылдан.
Ала-Тоодой аскар тоолор кимде бар?
Айланайын, кыргыз жери атыңдан.
Кайырма:
Ата Мекен өзүңдү ардактайбыз, даңктайбыз,
Ата Мекен өзүңдү өмүр бою сактайбыз.
Ала-Тоодой алтын,
Айланайын, калкым,
Ай ааламга даңктайбыз.
Кылымдардын күүсү сага катылган,
Кыйырына алп Манасын батырган.
Кызгалдактуу кымбат жайлоо кимде бар?
Кыргыз жерим айланайын атыңдан.
Кайырма:
Ата Мекен өзүңдү ардактайбыз, даңктайбыз,
Ата Мекен өзүңдү өмүр бою сактайбыз.
Ала-Тоодой алтын,
Айланайын, калкым,
Ай ааламга даңктайбыз.
Ак мөңгүлөр ай нуруна чачылган,
Арманым жок, таалай-бактың табылган.
Асманыңдан шумкар учуп ааламга,
Аска-зооңон достук үнү жаңырган.
Кайырма:
Ата Мекен өзүңдү ардактайбыз, даңктайбыз,
Ата Мекен өзүңдү өмүр бою сактайбыз.
Ала-Тоодой алтын,
Айланайын, калкым,
Ай ааламга даңктайбыз.
Сөзү : Ж.Өзүбекованыкы
Обону : А.Өзүбековдуку
Тагдырдын жарлыгын күтүп,
Табышмак сүйүүңдөн бүтүп,
Төрөлгөн перзентиң, перзентиң сенин,
Таштаба балаңды, күкүк, күкүк.
Кайырма:
Теректе уяң күкүк, кетпе деп турам, күкүк,
Кайыңда уяң күкүк, кайгыр деп турам, күкүк.
Күкүк, күкүк, күкүк,
Күкүк, күкүк, күкүк...
Кудурет жардыгын күтүп,
Керемет сүйүүңдөн бүтүп,
Төрөлгөн перзентиң, перзентиң сенин,
Көчөлөп таштаба, күкүк, күкүк.
Кайырма:
Жалын от жаштыгың бүтүп,
Жүзүңө жүз чийин түшүп.
Жаныңа эш болор жан таба албай,
Жапжалгыз каласың, күкүк, күкүк.
Кайырма:
Сөзү : И. Жунусовдуку
Обону : И. Жунусовдуку
|