|
Күттүрбөй күн да кеч кирип,
Күткөнүм келбей кечигип.
Байкатпай келер бекен деп,
Бакчада турдум бекинип.
Бакчада турдум бекинип,
Анда мен бакчада турдум бекинип.
Асманда жылдыз чачылып,
Адырдын жели басылып.
Аярлай басып мен барсам,
Алдымдан чыктың ашыгып.
Алдымдан чыктың ашыгып,
Анда сен алдымдан чыктың ашыгып.
Арадан канча күн өттү,
Ачыштыр ыйлай жүрөктү.
Өтсө да учкул убакыт,
Унутпайм ошол мүнөттү.
Унутпайм ошол мүнөттү,
Кантип унутам ошол мүнөттү?
Сөзү : Нурлан Насиптики
Обону : Нурлан Насиптики
Бийик, бийик зоолордо,
Ак мөңгүлүү тоолордо,
Ата-бабам, элим жашаган.
Байыртадан элим,
Кылымдарга өчпөй,
Ата Мекен көчүн улаган.
Көк тиреген тоосу,
Мелтиреген суусу,
Көп адамдын көзүн арттырган.
Кайырма:
Берекелүү, ыйык Мекеним,
Ата Мекеним, кыргыз жерим.
Ак калпактуу кыргыз элим,
Алгалай бер, кыргыз элим!
Ата Мекеним!
Душмандардан сактап,
Урпактарга улап,
Манас ата бизди коргогон.
Үч буроосун бурап,
Колго комуз ойноп,
Ата-бабам мурас калтырган.
Көз арттырган жерим,
Көз тийбесин сага,
Көкөлөп өсө бер алдыга!
Кайырма:
Сөзү : Г.Сатибековдуку
Обону : Г.Сатибековдуку
Исфана, Исфана,
Араладым, издегеним сен гана,
Кара көзүм, жолугамбы мен сага?
Жолугуп, жолугуп,
Жалгыз эмес, жеңең келди кошулуп,
А сен болсо сүйлөбөйсүң созулуп.
Кайырма:
Не кыласың Лейлекте?
Алып кетем Бишкекке!
Жүгөрүнү “мака” дейт,
Байке дебей “ава” дейт.
Сөздөрүңө байланам да, карындашым, вай-ваай.
Сиз да мага жагас дейт,
Окуйсузбу намаз дейт.
Ананайын, ананайын, ананайын, ай-ай-ай.
Кой, жеңе! Кой, жеңе,
Кудалаштык, жакында сен той дебе,
Кайын сиңдиң шаштырбачы, бол дебе.
Буулугуп, буулугуп,
Коштошо албай колуң турду сунулуп,
Көз жашыңды көрсөтпөдүң бурулуп.
Кайырма:
Ыйманыңа береке,
Алып кетем Бишкекке!
Жүгөрүнү “мака” дейт,
Байке дебей “ава” дейт.
Сөздөрүңө байланам да, карындашым, вай-ваай.
Сиз да мага жагас дейт,
Окуйсузбу намаз дейт.
Ананайын, ананайын, ананайын, ай-ай-ай.
Сөзү : Г.Садыбакасованыкы
Обону : Г.Садыбакасованыкы
Сөзү : Б.Борбиевдики
Обону : Б.Борбиевдики
Учкун учат чачырап,
Менин көзүмөн анын көзүнө.
Сезим өтөт билинбей,
Келип өзүмөн анын өзүнө.
Үйдөн бирөө күтөт го сизди,
Шашыласыз дайыма.
Асылым деп сүйөт го сизди,
Ашыгасыз дайыма.
Кайырма:
Ак жоолукчан, жоолукчан,
Корком жакын болуштан,
Эч болбосо, “Салам!” деп коюштан.
Экөөбүздө жолугуу,
Бир болобу же болбойбу?
Эх, сүйлөшүп купулум,
Бирде толобу же толбойбу?
Үйдөн бирөө күтөт го сизди,
Шашыласыз дайыма.
Асылым деп сүйөт го сизди,
Ашыгасыз дайыма.
Кайырма:
Учкун учат чачырап,
Менин көзүмөн анын көзүнө.
Сезим өтөт билинбей,
Келип өзүмөн анын өзүнө.
Үйдөн бирөө күтөт го сизди,
Шашыласыз дайыма.
Асылым деп сүйөт го сизди,
Ашыгасыз дайыма.
Кайырма:
Апа деген асыл экен,
Ага теңдеш таппадым.
Айткандары акыл экен,
Билип, таанып актагын.
Чарк айланып дүйнөдө,
Мен айлансам да, таппаймын.
Эч бир жанга теңебесмин,
Апакебай, ардагым, ардагым.
Эч бир жанга теңебесмин өзүңүздү,
Апакебай, ардагым, ардагым.
Кайырма:
Апа деген теңдеши жок зат тура,
Акылманым, ыйык, кымбат, жаным апа.
Дүйнөнү кезип бүтүн издесем да,
Өзүңүздөй таппаймын, жаным апа.
Турмуш жолун,
Көрсөттүңүз уул-кыздарга, апаке.
Убай тартып, түйшүк артып,
Ар бирөөсүн өзүнчө.
Мээрим чачып,
Эркелеткен эмгегиңиз өзгөчө,
Ак сүтүңдү актай алсам,
Акылманым, апаке, апаке.
Ак сүтүңдү актай алсам, ардагым,
Акылманым, апаке, апаке...
Кайырма:
Сөзү : Ч. Сейитбурханованыкы
Обону : Ч. Сейитбурханованыкы
Бардыгы жалган тура бул дүйнөдө,
Турмушта да, сүйүүдө да, үй-бүлөдө.
А мен болсо жалындап күйүптүрмүн,
Ишенип, ишенип, ишенип мен өзүңдү сүйүптүрмүн.
Мейли күл, мейли шылдың кылсаң дагы,
Жактырбай терс бурулуп кетсең дагы,
Унутпачы, ал кездерди эстей жүргүн.
Бул ырды, бул ырды, бул ырды,
Сени сүйгөн бир кыз жазды.
Кош эми кош болгунуң, бактылуу бол,
Каалаймын чын жүрөктөн сага ак жол.
Сүйбөгөнгө сүйкөнбөгүн деген сөз бар,
Мага да, мага да, мага да табылар го өмүрлүк жар.
А мен болсо жалындап күйүптүрмүн,
Ишенип, ишенип, ишенип мен өзүңдү сүйүптүрмүн.
Сөзү : А.Темировдуку
Обону : А.Темировдуку
Өмүр көчүн улап, токтобой,
Мезгил сызат чексиз кыялдай.
Тоо башында бүркүт толгонот,
Тоонун көркүн аяп, кыя албай.
Кайырма:
Кереметтүү аппак Ала-Тоо,
Кылым келет сени эскерип.
Кыргыз үчүн тоодо төрөлгөм,
Түбөлүктүү сенсиң эстелик.
Алыс кетсе эгер урпагың,
Түшкө кирер арча-черлери.
Табияттын ыйык бейиши,
Ким сүйбөсүн кыргыз жеримди?
Кайырма:
Улуу тоолор, ыйык тоолорум,
Өмүрүмсүң менин бүтүндөй.
Жашоого сен кубат бересиң,
Энекемдин аппак сүтүндөй.
Кайырма:
Айланайын аппак тоолорум,
Касиеттүү бийик зоолорум...
Күздө күтүп, жазда келген сезимди,
Күйүт бизге үмүт болуп сезилди.
Бул турмушта ансыз деле өксүгөн,
Жалоорутпа жайнактаган көзүмдү.
Айта албастан айтар сөздү белендеп,
Айттырыпсың айылга бир келем деп.
Менсиз кантип жүрдүң экен алыста?
Кусалыгым күчөп барат тереңдеп.
Кайырма:
Биздин өмүр нурданып,
Ырлар менен улансын.
Ак сүйүүлөр түбөлүк,
Өчпөс болуп ырдалсын.
Кездешкенче нур чачышып жүздөрдөн,
Күз да келди, күз саргайды биз көргөн.
Сен сырыңды, мен чынымды айткыча,
Өмүр өтүп баратпайбы бир келген.
А мен сени күтөр элем миң жылга,
Бирок жашоо ченелүү да бир кыйла.
Биздин өмүр өтпөсө да бир үйдө,
Биздин сүйүү калар, балким, бир ырда.
Кайырма:
Сөзү : Кубаныч Сатаевдики
Обону : Кубаныч Сатаевдики
Тунжурап бул жашоодон тажаганда,
Өзүңдөн мээрим күтөм, келесиңби?
Көп кыздар айланамда жайнаса да,
Баары бир сени күтөм, билесиңби?
Арман күчөп...
Кайырма:
Ыйлап, ыйлап, көз жашым соолуп барат,
Сага деген үмүтүм өчпөй жанат.
Ай алмашып, жылдарым жылып барат,
Сага деген үмүтүм өчпөй жанат.
Жашоомдо жакшы күнгө кабылсаң да,
Баары бир бөксөм толбойт, билесиңби?
Кыялдан неге кетпейт жалжал көзүң?
Жалганда бир арманым жалгыз өзүң,
Жалгыз өзүң.
Кайырма:
Ыйлап, ыйлап, көз жашым соолуп барат,
Сага деген үмүтүм өчпөй жанат.
Ай алмашып, жылдарым жылып барат,
Сага деген үмүтүм өчпөй жанат.
Жолугууга келгеним, келгеним,
Билгин селки, себебин, себебин.
Көп күн өттү бере албай жүргөмүн,
Сизге деген белегим.
Кайырма:
Колумдагы жүрөгүм, жүрөгүм,
Сизге арнап берейин деген белек.
Аппак көңүл, таптаза, таптаза,
Эч жеринде кири жок, кири жок.
Жалыныңа күйөмүн, күйөмүн,
Кара көзүм, сүйөмүн, сүйөмүн.
Күнү-түнү сени ойлоп, сени ойлоп,
Азыр дале жүрөмүн.
Кайырма:
Түбөлүктүү белегим, белегим,
Сизге тиер өмүр бою керегим.
Түшүнсөңчү ай, менин ашыгым,
Айткан сөздүн тереңин.
Кайырма:
Негедир бардыгын жеңсем да,
Эмнеге эңсөөмдү жеңбеймин?
Мелтиреп, үн-сөзсүз, муңайым,
Мен сенсиз какшыган чөлдөймүн.
Өзүңдү эч кимге бербеймин,
Өмүрдө болбостур арманым.
Эңсетип кабылган бактым сен,
Эркетай, асылым, ардагым.
Кайырма:
Бактыма нур чачкан жарыгым,
Башканы мынча не көрбөймүн?
Мейли ким, кандай деп айтса да,
Мен сени эч кимге бербеймин.
Жаралып кайрадан өмүргө,
Жашоого экинчи келбеймин.
Андыктан дүйнөдө, асылым,
Мен сени эч кимге бербеймин.
Негедир бардыгын жеңсем да,
Сүйүүнү эмнеге жеңбеймин?
Сезимим делбиреп, табышмак,
Сен деймин, сен деймин, сен деймин.
Карындаш, кара көз жалжалым,
Капилет карегим арбадың.
Көргөндөй болдуңбу сен дагы,
Көзүмдө сүйүүнүн жанганын.
Кайырма:
Негедир бардыгын жеңсем да,
Тагдырды мен эмне жеңбеймин?
Ал тагдыр сен болдуң жолугуп,
Артка эми кайт десең, көнбөймүн.
Мага да Теңирим буюрган,
Махабат конушун жердеймин.
Мээлеген мергенчи турса да,
Мен сени эч кимге бербеймин.
Кайырма:
Сөзү : Р.Нарынбаевдики
Обону : Р.Нарынбаевдики
Жолукканда турдум көпкө карай албай,
Өзүмдү өзүм коёрго жер таба албай.
Өзөгүмдөн оргуп чыккан сүйүү окшойт,
Көздөрүңдөн көздөрүмдү ала албай.
Кайырма:
Коргошундай эрип кеттим тимеле,
Бейтааныш жигит, аты-жөнүң ким эле?
Жаралабы сендей сулуу ааламда?
Мөлтүрөгөн ай, көздөрүңдү ий,
Көрсөм экен бир эле...
Тартынамын сен тарапка барышка,
Тагдыр экен чыдап күйүү намыска.
Бир көрүнүп, кетип калдың тез эле,
Карааныңды мен узаттым алыска.
Кайырма:
Сөзү : Лариса Асанбекова, Сүйүндүк Бектурганов
Обону : Мирлан Абдраев
Кечир мени, көргөн кезде сүйүнсөм,
Кечир мени, сүйөмүн деп бүгүлсөм.
Санааңды бүт көкүрөгүң үшүтүп,
Самаайыңа сары кардай күбүлсөм.
Кечир мени, тынчыңды алып кыйнасам,
Кечир мени, кош деп коюп кыйбасам.
Кечир мени, жоготконду көп издеп,
Көөдөн толгон кусалыкты тыйбасам.
Кайырма:
Кечир мени, эшигимди бекиттим,
Гүл көтөрүп сунбаймын мен, кечиктим.
Көңүл бүрүн байкабастан сындырып,
Айрылуунун ачуу үнүн эшиттим.
Жамалыңа болбой эле арбалдым,
Неге мынча унута албай кармалдым.
Айланчыктап үмүтүм эч үзө албай,
Мен өзүмдүн сезимиме алдандым.
Кайырма
Жаралгансып менде сезим ушундай,
Калгым келди сени колдон учурбай.
Буйурбаптыр сени мага акыры,
Жүрөк сайрайт тоонун жалгыз кушундай.
Кайырма
Жылдыздуу түндө ойгомун,
Махабат жөнүндө ойлонуп.
Сүйүүмдү кантип билдирем?
Сага кантип айтам I love you!
Кайырма:
Hands up people сүйүүгө кол чабалы,
Hands up people сүйүүгө жол табалы.
Hands up people махабаттын баяны,
Сен да билгин, happy and аягы.
Жалындаган көз карашың,
Канжардай жүрөгүмдү эзип.
Жалгызым качан жарашып,
Биз болобуз бирге Forever?
Кел бийле, кел бийле,
Кел бийле, кел бийле.
Yeah,
Сен билесиң, мен билемин,
Экөөбүздүн колдорубуз кармашса деп,
Жараткандан тилеймин.
Болчу менин керегим,
Сен дегенде мен жүрөгүмдү беремин,
Аны сен билесиң.
Аны баары билишет, түнү бою сени эстеп,
Сүйүү качан келет деп,
Бир аз мага жакындасаң белиңе колум жетет.
Кучагымдан алыстаба, учалы биз алыстарга,
Жүрөгүм бир жалгыз сага!
Жылдыздуу түндө ойгомун,
Махабат жөнүндө ойлонуп.
Сүйүүмдү кантип билдирем?
Сага кантип айтам I love you!
Кайырма
Жалындаган көз карашың,
Канжардай жүрөгүмдү эзип.
Жалгызым качан жарашып,
Биз болобуз бирге Forever?
Кел бийле, кел бийле,
Кел бийле, кел бийле.
Кел бийле, кел бийле,
Кел бийле, кел бийле.
|