|
Байкоосуздан сени бүгүн көрүп калдым,
Балдай таттуу махабатты ойго салдың.
Кантип ал кезди эске салбайын?
Жаштыктын жылдызы,
Таалайым, ай, таалайым.
Кайырма:
Жалгыз өтүп күндөрүм,
Сени күтүп жүргөнмүн.
Жанымда бол, сүйгөнүм,
Сүйгөнүм.
Өттү десем алгач сүйүүм эрте гүлдөп,
Азыр дагы турам неге сенден сүрдөп?
Көптөн адашкан колуң кармайын,
Ак сүйүүм элең го,
Таалайым, ай, таалайым.
Кайырма:
Койсо дагы ортобузду жылдар бөлүп,
Кыйбай турам баштагыдай ынак көрүп.
Кантип кезиксем, көзүм салбайын,
Жаштыктын жылдызы таалайым, ай, таалайым.
Кайырма:
Сөзү : Т.Пирматовдуку
Обону : Т.Пирматовдуку
Кечирип кой сезимиңде ойнодум.
Сүйүп калып чачырады ойлорум.
Канча жолу унутайын десем да,
Сүйүүм күчөп жүрөгүмдү козгоду
Кайырма:
Кечирип кой, кечирип кой садагам,
Кечигиппиз сүйүү жанбас кайрадан
Кечирип кой, кечирип кой суранам,
Жолукканда байкабастан,
Жолукканда байкабастан.
Сагынычта өтөөр менин өмүрүм,
Сенде калды менин өчпөс көңүлүм.
Сен да мени сагынаарсың эскерип
Садагасы койчу мени кечирип.
Кайырма:
Дайыны жок мен өзүңдү сагынам,
Издеп келем элесиңе зарыгып.
Дайым бирге болобуз деп самагам,
Ишеничтүү күндөр келбес кайрадан.
Кайырма:
Сулуу келбети,
Көздөрү - көлдүн бермети.
Кылгырып караганың,
Кымбатым, самаганым.
Жымыңдаган көз карашың,
Кыялдарга терметти.
Оюмдан кетпеди неге,
Жомокто ханыша беле?
Сыйкыры арбады,
Сыр болуп калганы,
Жүрөктө кадалды жебе.
Кайырма:
Сезимди арнап беремин,
Сездирбей, бирок келемин.
Айта албайм, айта албайм,
Айта албайм анын себебин.
Ийилген белиң, билегиң,
Имерип алды илебиң.
Жүрөктү, жүрөктү,
Жүрөктү неге эзесиң?
Эсимден кетпейт элесиң,
Эңсетип дайым келесиң.
Күн болуп көрүнүп,
Нуруна төгүлүп.
Муздай тоңгон жүрөгүмө,
Муза болуп бересиң.
Карабай башканын баарын,
Карады, жүрөктө жалын.
Кылыктуу каш кагып,
Сезимге баш багып,
Сүйдүрүп алдыңбы, жаным?
Кайырма:
Теңирден бүткөн түркүгүм менин,
Теңдеши чыкпас сүйкүмдүү жерим,
Төп келген көркүң көзүмдөн кетпес,
Тоңсо да баары, тоңбогон көлүм.
Өзүңдөн ыйык Мекке жок мага,
Өмүрдө сүйүүм экөөңө гана, экөөңө гана.
Чыт курсак кезим, жээгиңде өскөм,
Чымылдап келип, бир чумкуп кеткем.
Чок таштап анан алгачкы сезим,
Чолпондой кыздын бетинен өпкөм.
Ашыксам көлгө апама жетем,
Апамдай күтөт Ысык-Көл гана, Ысык-Көл гана.
Тирүүлүк түркүн тагдырдын жолу,
Тургандыр күтүп багы же шору.
Буулугуп келсем башымды жөлөөр,
Толкунуң жана апамдын колу.
Өзүңдөн ыйык Мекке жок мага,
Өмүрдө сүйүүм экөөңө гана, экөөңө гана.
Ашыксам көлгө апама жетем,
Апамдай күтөт Ысык-Көл гана, Ысык-Көл гана.
Сабалап келдим алдыңа,
Саламат тосуп алгыла.
Сагынып күткөн эл үчүн,
Садага кеччү жан мына.
Туйлаган жүрөк элим дейт,
Туйгундар учкан жерим дейт.
Тумардай ыйык ыр менен,
Турмуштун жүгү жеңилдейт.
Кайырма:
Кадырлуу калкым, жазайын жарпың,
Бийик бол тоодой, жылдызың жансын.
Ардактуу калкым, алайын дартың,
Терең бол көлдөй, терметип күндү жаркын.
Уютку болуп өмүргө,
Ушул күн калсын көңүлдө.
Жаштыктан жалын тутанат,
Жар салып сүйүү жөнүндө.
Бекерге тартпа убайым,
Белекке ырым сунайын.
Береке толуп кыргызга,
Бейпилдик болсун ылайым.
Кайырма:
Эненин ыйык дешет тилек-үнү,
Эзилип тилеп келем күнү-түнү.
Эл уулу болор деген үмүтүм бар,
Эр жетип актайсыңбы сен үмүтүмдү?
Эр жетип айыктырып күйүтүмдү.
Кубанычым, кагылайын, карегимсиң,
Канымдан жаралган бир данегимсиң.
Мезгилсиз бул жашоодон өтүп кетсем,
Калтырар бул дүйнөгө белегимсиң,
Калтырар мурасымсың, сен тирегимсиң.
Дүйнөдө сен бар үчүн баарын жеңем,
Дүнүйөм баары түгөл сени менен.
Дүйнөдө теңдеши жок алтынымсың,
Дүйнөдө сен бар үчүн жашап келем.
Дүйнөдө сен бар үчүн жашай берем.
Өпкүм келип үлбүрөк эриндериң,
Өмүрүмдүн кусалуу жериндемин.
Өзөгүмө от жаккан жан болсо да,
Өзгөлөргө бир өзүңдөй,
Башкаларга бир өзүңдөй берилбедим.
Кыскым келип боюңду кучагыма,
Кыйналуунун жашаймын учагында.
Баштагыдай шаңданган өңдөн азып,
Батып барам сыр билгизбей,
Батып барам сыр билгизбей ыза-муңга.
Көз нуруңа кагылып мөлтүрөгөн,
Көлөкөңө зар болуп мен түгөнөм.
Туткундалып ар мүнөт сагынычка,
Туталанат эт жүрөгүм,
Туталанат эт жүрөгүм сен түнөгөн.
Өзөгүмө от жаккан жан болсо да,
Өзгөлөргө бир өзүңдөй,
Башкаларга бир өзүңдөй берилбедим.
Сөзү : И.Жунусовдуку
Обону : И.Жунусовдуку
Оо, адашкан менин периштем,
Кең мейкинде куштай ээликкен.
Неге адаштың, неге жаңылдың,
Неге алдадың мени, неликтен?
Унутулуп айткан сөздөрүң,
Неге мынча сен тез өзгөрдүң?
Башканы сен таап кетипсиң,
Ойноок болчу сенин, сенин көздөрүң.
Кайырма:
Башыңа жоолугуң салынып,
Колуңа шакегиң тагынып.
Кокусунан калдың жолугуп,
Көздөрүңдүн жашын агызып.
Келин жоолугуңду салынып,
Нике шакегиңди тагынып.
Актанбагын эми, актанба,
Көздөрүңдүн жашын агызып.
Сен башкага бекер качыпсың,
Ырыскыңды кумдай чачыпсың.
Табамын деп жеңил турмушту,
Кайгы-муңга белден батыпсың.
Тура бердиң сүйлөй албастан сен,
Элестеттим гүлдү чаң баскан мен.
Билдиң окшойт кандай болорун сен,
Махабатты дүнүйөгө, дүнүйөгө алмашкан.
Кайырма:
Сөзү : Б.Алыкуловдуку
Обону : З.Үсөнбаевдики
Сөзү : О.Султановдуку
Обону : Р.Абдыкадыровдуку
Билбейм кайдан жаралгансың сен мага?
Маңдайыма бүткөн жалгыз бакыттай.
Сени сүйдүм, буйруганы тагдырдан,
Башкалардын миңи сага татыбай.
Же болбосо сен жаралып мен үчүн,
Төрөлгөндө мендик болуп төрөлдүң.
А, болбосо айтчы жаным эмне үчүн?
Зарлап тапкан перзентимдей көрүндүң.
Уктаганда сенин уйкуң менде бар,
Ойлорумда, ойлоруңа киришкен.
Сен экөөбүз, эки сандай барабар,
Сен экөөбүз, эки суудай бириккен.
Сени сүйдүм, буйруганы тагдырдан,
Башкалардын миңи сага татыбай.
Сөзү : Жылдызбек Турсунбаевдики
Обону : Тойчу Какеевдики
Бишкегим – борбор калам,
Алтын уям – Бишкегим.
Сенде окуп, сенде жашап, иштедим,
Сенде окуп, сенде жашап.
Мезгил учуп жалындаган курактан,
Элес болуп калды сенде издерим.
Кайырма:
Бирге өстүк, бирге ойнодук,
Жаштык кездин баркын бирок билбедик.
Табышмактуу келечекке,
Бирге кол сунуп,
Биз Бишкектен бакыт издедик.
Бакыт издеп алыс жакка барбадым,
Бакыт кушун бир өзүңдөн кармадым.
Канчалаган кооз шаарлар көрсөм да,
Теңдештирбей Бишкегимди тандадым.
Кайырма:
Чогуу басып бульварында,
Чоң сүйүүдөн үмүттөрдү үзбөдүк.
Балдарындай эркелетип,
Баарын батырган,
Биз Бишкектен бакыт издедик.
Бирге өстүк, бирге ойнодук,
Кырчын кездин баркын бирок билбедик.
Табышмактуу келечекке,
Бирге кол сунуп,
Биз Бишкектен бакыт издедик.
Балдарындай эркелетип,
Баарын батырган,
Биз Бишкектен бакыт издедик.
Жаратканым аллахтын,
Аты менен баштадым.
Жаман жорук жасабай,
Баарын артка таштадым.
Аруулукка чакырган,
Алаах жолун кармайын.
Бизге берген нээманттын,
Баркын билбей калбайлык.
Биз мусулман баласы,
Элдин камын ойлонуп.
Тынчыбаган санаасы,
Уктатпаган түн бою.
Көкүрөктө жарасы,
Муктаждарга бололу.
Гүлзарладын талаасы,
Ынтымакта, урмат болсун.
Улуу-кичүү арасы,
Ал анткени, биз мусулман баласы.
Адал менен арамды,
Айрымалап билели.
Ар нерсеге сыйынбай,
Бир Алахты сүйөлү.
Таалай күтүп адамдар,
Таза болсун жүрөгү.
Ата-энени ардактап,
Бийик тутуп жүрөлү.
Оо жараткан! Өзүң бизди туура жолго салгандан кийин,
Ошол туура жолдон, дилдерибизди азгыра көрбө.
Бизге өз даркөйүңдөн ырайым жана мээримдүүлүк тартуула.
Албетте, сен гана берешенсиң.
Бизге берген кураның,
Бийик туткан урааным.
Ар балээден сактаган,
Күчүн көрчү дубанын.
Сен жиберген элчинин,
Шапаатында бололу.
Жаратканым өзүңдөн,
Мээримиңе тололу.
Ак бантигин байлап,
Гүлүн кармап, алгач келгенде.
Андагы наристе классташтарым,
Дале эсимде,
Агайлар, эже менен таанышып бирге.
Кайырма:
Мектептин бакчасында,
Ойногон күндөр кайда?
Мезгил өттү, эми кайрылбастыр,
Ал күндөр кайра.
Арадан ай өттү,
Жылдар өттү жаздын айында.
Сүйүүлөр башталып,
Кат жазышып, керемет ал убак,
Балалык сүйүү калыптыр алыс жактарда.
Кайырма:
Турмуш өз жолунда кете берет,
Зымырап куштай.
Кайталангыс көз ирмем биз үчүн,
Ошол убак.
Мектебим, балалыгым –
Мөлтүр тунук булак.
Кайырма:
Азыр сен алыстасың, менден узап,
Арадан өтсө дагы канча убак.
Элесиң эстен кетпей туруп алды,
Жүрөгүмө салдың эле,
Салдың эле кандай тузак?
Жазылып бактысына, таалайына,
Табылдың кандай жандын маңдайына?
Сүйдүрүп жүргөнүңдү сездиң бекен,
Элесиңди тумар кылып,
Тумар кылып жүрөгүмө.
Сезимди сооротомун, унуттум деп,
А бирок, чындыгында, андай эмес.
Мен сенден үмүтүмдү үзсөм дагы,
Жүрөгүмдө жашай берет,
Жашай берет сүйкүм элес.
Түн сүйүүмдү сага болгон,
Ушунча да эзесиңби?
Сага арнап ырдап жатам,
Сүйүүмдү сен сезесиңби?
Кайырма:
Сага арнаган ак сүйүүнүн,
Кадырына жетесиңби?
Макул болуп мени менен,
Токтогулга кетесиңби?
Жолугууга чакырайын,
Жообун айтып келесиңби?
Анчалык көп кыйнабачы,
Алда мени сезесиңби?
Кайырма:
Айтчы гана, жообун айтчы,
Алоолонуп күйүп барам.
Анчалык көп назданбачы,
Ал ансайын сүйүп барам.
Келчи, гүлүм көп күтпөстөн,
Максатыма жетсем окшойт.
Күтө бербей Токтогулга,
Алып качып кетсем окшойт.
Кайырма:
Азыр сен алыстасың, менден узап,
Арадан өтсө дагы канча убак.
Элесиң эстен кетпей туруп алды,
Жүрөгүмө салдың эле,
Салдың эле кандай тузак?
Жазылып бактысына, таалайына,
Табылдың кандай жандын маңдайына?
Сүйдүрүп жүргөнүңдү сездиң бекен,
Элесиңди тумар кылып,
Тумар кылып жүрөгүмө.
Сезимди сооротомун, унуттум деп,
А бирок, чындыгында, андай эмес.
Мен сенден үмүтүмдү үзсөм дагы,
Жүрөгүмдө жашай берет,
Жашай берет сүйкүм элес.
|