|
Жагалмай деген жапан куш,
Жар ташка барып конгон жок.
Жарпымды жазар тең курбум,
Ой, тобо, деги, деги,
Жайлообуз бирге болгон жок.
Кыргыек деген кыраан куш,
Кыр ташка барып конгон жок.
Кылыкташ менин тең курбум,
Ой, тобо, жана, жана,
Жайлообуз бирге болгон жок.
Агарып аткан таң менен,
Аркарлар оттойт кумайда.
Алыска кетип калат деп,
Ой, тобо, деги, деги,
Асылкеч курбум, муңайба.
Ала-Тоонун кооз убагы магдыраткан, ай,
Агатайым, кабагынын ачылбаганы, ай.
Кабагыңдан айландым, агатайым, ай,
Элде жүргөн бирөөнү сагынасыңбы, ай?
Көк көйнөктүн этегинин желбирегени, ай,
Агатайым, жүрөгүнүн элжиреген, ай.
Жүрөгүңдөн айландым, агатайым, ай,
Элде күткөн бирөөнү сагынасыңбы, ай?
Кесе толо кымызынын ачыбаганы, ай,
Агатайым, кабагынын ачылбаганы, ай.
Карегиңден айландым, агатайым, ай,
Элде жүргөн бирөөнү сагынасыңбы, ай?
Сөзү : Т.Имашевдики
Обону : С.Жумалиевдики
Толгон өмүр жазы болуп турганың,
Толкунданткан жүрөк оту, жыргалым.
Фрунземе күндө жаңы көрк кошуп,
Гүл жыттанып, сүйкүмдөнөт бульварым.
Обонумдун күүсүн арнап ырдагын,
Ойлоруңдун гүлүн терип ыйгардым.
Жайы-кышы шайырланып, кулпунуп,
Жаштык кечтин салтанаты - бульварым.
Сөөлөтүңдөн сага теңдеш таппадым,
Саймаланган жашыл ыраң, жаш шаарым.
Сергектентип кары-жашка дем берген,
Сүйүү толгон сулуу көчөм - бульварым.
Сансыз өмүр ырахатка бөлөнгөн,
Сыймык толгон сулуу аллей бульварым.
Канаттууга кактырбас,
Каралдым энем, бар болгун.
Кара жанын карч урган,
Кайраттуу энем, бар болгун.
Кайырма:
Тогуз ай мени көтөргөн,
Тоодой энем, бар болгун.
Жамандыкка кыйбаган,
Жароокер энем, бар болгун.
Ыйласам кошо ыйлаган,
Ырысым менин бар болгун.
Сүйүнсөм кошо сүйүнгөн,
Сүйүктүү энем, бар болгун.
Кайырма:
Мен үчүн тоодой бел болор,
Мээримдүү энем, бар болгун.
Сүйлөшүп, кээде сырдашчу,
Сүйкүмдүү энем, бар болгун.
Кайырма:
Өрттөндүм дебе жаз менен келип жалынга,
Жаныңда турсам, жайдары мүнөз көрүнүп.
Сен ала келген көңүлдүн ысык демидир,
Сан ойго бүгүн ээ бербей турам төгүлүп.
Мезгилдин күткөн маанайы күздөй кыялкеч,
Муңайым жанган үмүттөн үзүп бир элес.
Убайым жеген күндөрдү тансам бир паска,
Мендеги шоктук анчейин жаштык деле эмес.
Келгиндер өтсө көк ирим жээкке таң аткан,
Сагынычым төгүп, толкунга бол дейм жан жолдош.
Түйшүктүү өмүр, түндүгүм алыс болбосо,
Мен дагы көлдү сагынган жанмын сага окшоп.
Кыраңдагы гүл сымал,
Кылактайсың, Айзат кыз.
Тоодон аккан мөпмөлтүр,
Булактайсың, Айзат кыз.
Каректериң карагат,
Балбылдайсың, Айзат кыз.
Кызыл калтар кундуздай,
Жалжылдайсың, Айзат кыз.
Кайырма:
Айзат кыз, Айзат кыз,
Жалжылдайсың, Айзат кыз.
Каректериң мөлтүрөп,
Балбылдайсың, Айзат кыз.
Ысык-Көлгө ак куулар, качан конот, Айзат кыз?
Экөөбүздө жолугуу качан болот, Айзат кыз?
Эми качан окууңду аяктайсың, Айзат кыз?
Качан сүйүү дептерин барактайсың, Айзат кыз?
Айдай сулуу, Айзат кыз,
Күндөй сулуу, Айзат кыз.
Асылымсың, Айзат кыз,
Ашыгымсың, Айзат кыз.
Ат арытып алыстан сага келем, Айзат кыз,
Ак сүйүүнүн гүлдөрүн терип берем, Айзат кыз.
Махабаттын дастанын угасыңбы, Айзат кыз?
Ак кебездей колуңду сунасыңбы, Айзат кыз?
Айзат кыз, Айзат кыз.
Кайырма:
Шибер бойлоп жалгыз келем ыр ырдай
Ширин ойлор бүт денемди бек чырмай
Көк шиберде сууну көрүп кош тамчы
Шүүдүрүм деп күлүп койдуң шыбырай
Шүүдүрүмдөр айткылачы не жашынып жүрдүңөр?
Акак таштай мөлтүр тунук кош тамчы
Ак сүйүүнүн боло көргүн дабасы
Сырымды мен силерге айтып турайын
Шыбыраган сөзүңөрдү угайын
Шүүдүрүмдөр шыбыраган сөзүңөрдү угайын
Учасыңар бууга айланып асманга
Кайра эртелеп таң эртеге келгиле
Өзүңөрдөй мөлтүрөгөн туптунук
Акак сүйүү ала келип бергиле
Шүүдүрүмдөр аппак сүйүү ала келип бергиле
Сөзү : Сыймык Бейшекеевдики
Обону : Сыймык Бейшекеевдики
Оромол чачтуу периштем,
Убайың тартам кечиксең.
Ашыктык гүлүн берейин мен,
Ак-Буура бойлоп кезиксең.
Талыкпай тиктейм нур жүзүң,
Татынам, таңкы жылдызым.
Оорутуп жүрөк жактырды,
Ордолуу Оштун бир кызын.
Жоругу жазгы жайдасың,
Жоогазын болуп жайнасың.
Коргошун болуп кетемби мен,
Кургурум, памил чайдайсың.
Сурмалуу сулуу периштем,
Сумсаям бир аз кечиксең.
Сунмакмын сага гүлүмдү мен,
Сулайман тоодон кезиксең,
Махабат гүлүн термекмин,
Ак-Буура бойлоп кезиксең.
Кой көздөрүң жалжылдап,
Карагаттай күкүк ай.
Аясаңчы жүрөгүм,
Жаралантпай, күкүк ай.
Аруу түндө нур чачкан
Ай болоюн, күкүк ай.
Көңүл кушун көтөргөн,
Жай болоюн күкүк ай.
Кайырма:
Күкүк ай, күкүк ай,
Жүдөп бүттүм күтүп ай.
Бакан менен ийиндеп,
Суу аласың күкүк ай.
Жандап бассам жер тиктеп,
Уяласың күкүк ай.
Деги сенин купулуңа,
Толомунбу, күкүк ай?
Суу жетпеген какыр сайдай,
Соломунбу, күкүк ай?
Кайырма:
Уялбастан жаныма,
Жакын келчи күкүк ай.
Өзүң менен бир болоюн,
Макул дечи күкүк ай.
Терезеңдин түбүндө
Күтүп турам, күкүк ай.
Махабаттын ызгаарына,
Үшүп турам, күкүк ай.
Таарынба, садагам, таарынба,
Жалооруп сен мага кайгырба.
Жанаша сен басып ал менен,
Көңүлдү сен антип калтырба.
Башында сен жүрдүң каткырып,
Сүйөм деп сен мени жактырып.
Эгерде чын сүйсөң сен мени,
Эмне үчүн кетесиң калтырып?
Себебин билдим мен акыры,
Ата-энең бербептир тагдырды.
Болтуруп сени башка менен,
Кайгыга мени калтырды.
Сен тиктеп менин көзүмө,
Кечир деп ыйладың өкүнө.
Ошондо сенин сөзүңдү угуп,
Калтырап кеттим мен буулугуп.
Сөзү : Тууганбай Абдиевдики
Обону : С.Бейшекеевдики
Көлөмүң болуп кичине,
Көзүмдүн батсаң ичине.
Көргөзбөй алып жүрмөкмүн,
Көңүлү бузук кишиге.
Карааның болуп кичине,
Каректин батсаң ичине,
Каратпайт элем өзүңдү,
Карашы бузук кишиге.
Карасаң башка кишиге,
Кан толо түшөт ичиме.
Эриксе жүрөк булкунуп,
Ээ боло албайм күчүнө.
Жанаша калсам кичине,
Жалдырап карайм жүзүңө,
Балакет кылбасаң экен,
Башканын кирип түшүнө.
Бийлетип ой-санаамды,
Биликтей күйүп-жанамбы?
Элестеп жүрүп өзүңдү,
Эс жинди болуп каламбы?
Кыйсыпыр кылдың санаамды,
Кыргыздан сендей табамбы?
Сыртыңдан жүрүп кызганып,
Сыркоолуу болуп каламбы?
Көлөмүң болуп кичине,
Көзүмдүн батсаң ичине.
Көргөзбөй алып жүрмөкмүн.
Көңүлү бузук кишиге.
Айтканда күйүп айла жок,
Ашыктык оту кайда жок.
Мени сүй, эгер ишенсең,
Мен сүйгөн менен пайда жок.
|