|
Сөзү : А.Осмоновдуку
Обону : А.Керимбевдики
Кош жан эркем, кош дейсиң деп таарынба,
Мени күтпө, мени эстеп, сагынба.
Жаш кездердей ынак сүйүү жок экен,
Отуз жаштын улам аркы жагында.
Сен бир бакча мөмөлөрү келишкен,
Мен жүргүнчү ооз тийген жемиштен.
Сүйүү деген сүйүү эмес бетиңден,
Сүйүү деген сүзүп өтүү деңизден.
Кош, сүйгөнүм, коштошордо жалынба,
Сен жакшы элең мен сүйө элек чагыңда.
Ак сүйүүдөн көңүл калуу көп экен
Отуз жаштын улам аркы жагында.
Сүйүү деген сүйүү эмес эринден,
Сүйүү деген от чачышуу жүрөктөн.
Жүрөгүм түйлап, көөдөнгө сыйбайт,
Жүдөтүп жалгыздык жанымды кыйнайт.
Томсоруп турам, өткөндү эстеп,
Тоо жели согот кайгымды сезбей.
Түшүндүм баарын, келсеңчи, жаным,
Түпөйүл кылбай, кечирчи, жаным.
Салкын жел сенден саламым айтам,
Сапардан жалгыз сени сагынып кайтам.
Үй-бүлө баркын кечигип сезип,
Үмүтүм жанбай жүрөм жер кезип.
Саргайып күттүм, келсеңчи, жаным,
Сагындым сени, келчи, ардагым.
Жалгыздап учкан куш көрүп калсам,
Жалооруп, эстеп мен кеттим, Асель.
Жалгыз бир жанга туш болуп калсам,
Жалган шум дүйнө дей кетмекмин, Асель.
Кулакка күлкүң угулат дагы,
Кыйналып кеттим, келсеңчи, жаным.
Буулугуп жашайм, бул дүйнөм жалган,
Булгабай сүйүүсүн, ким сактап калган?
Тартууга берген тагдырым мага,
Таалайым, бактым, жоготтум арман.
Бир келген мага качырдым бактым,
Кечиргин мени, кечиргин, жаным.
Түшүндүм баарын, келсеңчи, жаным,
Түпөйүл кылбай, кечиргин, жаным,
Сагындым сени, келчи, ардагым...
Көрк менен гана азгырган,
Көөнүмдү дайым жаз кылган.
Кызыктар кылат өзгөчө,
Кылгыра тиктеп алдыртан.
Тайманбай жашап турмуштан,
Талашып көктү жылдыздан.
Суйкайып таңдай чыгышта,
Сулуулар чыгат кыргыздан.
Кайырма:
Биздин Ала-Тоонун кыздары, ай,
Биздин кыргыз элдин кыздары, ай.
Сагынтар мени саргайтып,
Сапарга кетсем алыстап.
Жүзүңдү турар нур чайып,
Жүрөккө кокус табышсаң.
Ала-Тоо башын кар чалып,
Жатса да күтүп алыстан.
Кыйындык башка түшкөндө,
Кыздарым чыкса намыска.
Кайырма:
Сергитип сезимдин канаттарын,
Сүйчүбүз аллея дарактарын.
Сагынып, аргасыз эстей берем,
Сан жылдыз ажарың талашканын.
Саргайтып өткөндүн барактарын,
Сан күндү сен жок деп жаратпадым.
Сымбатым, сыныма жарашканым,
Сыздатып жүрөктү канатпагын.
Кайырма:
Жалгызымсың, жалгызыңмын,
Аярымсың, аярыңмын,
Сен мени түшүнгөн жалгызымсың.
Сен келчү айлуу кеч, аппак кайың,
Сыры бар жан билбес мага дайым.
Сыймыктуу ошол кез, сурап алгыс,
Саматып алыстайт ал ансайын.
Сабылып жүрөктү чалат жалын,
Сезгендей күн өтүп баратканын.
Саамайың жел болуп тарап дайым,
Санаалар сени издеп барат, жаным.
Кайырма:
Топ гүлдөр ачылтып чанактарын,
Топ куштар талытып канаттарын.
Толгонуп толкундай сезеличи,
Топ жылдар кош айтып баратканын.
Кайырма:
От болуп сүйүп жалындай,
Ошумду көрөмүн жанымдай,
Өрүкзарлуу Баткен - жергем менин,
Өмүргө бүткөн багымдай.
Ааламга берген Манасты,
Ардактайм асыл жер - Таласты.
Жаштыктын шаары - Жалал-Абад
Жаркырап гүлүн жаңы ачты.
Кайырма:
Мекеним менин Кыргызстан,
Өркүндөй бергин, өсө бер,
Канат кагып, күйүп-жанып
Кадырыңа жетемин!
Мекеним менин Кыргызстан,
Өркүндөй бергин, өсө бер,
Бактың үчүн билим-күчүм,
Баркыңа мен жетемин!
Ырыска толгон жер бети,
Ысык-Көл кыргыздын бермети,
Борборлордун арасынан,
Бишкекке жоктор жетери.
Өзүмдүн көрөм үйүмдөй,
Өзөн бир бар бекен Чүйүмдөй?
Көргөндө көркөм Нарынды
Көңүлүм койбойт сүйүнбөй.
Кайырма:
Желдей жортуп өттү бир күн дагы да,
Ал өмүрдүн кетти келбес жагына.
Тирүү туруп болгум келбейт кабатыр,
Кеткен күндүн, келээр түндүн баарына.
Өтөт күндөр бири-бирине окшобой,
Өтөт өмүр бир мүнөткө токтобой.
Өрттөй жанып, жалындагын барыңда,
Өмүрүңдү өкүнүчкө коштобой.
Мейли жүз жыл, мейли миң жыл жашагын,
Бирок, чындык жер алдында жатарың.
Падыша бол, кайырчы бол баарыбир,
Өлүм үчүн бирдей сенин катарың.
Сөзү : Гүлжигит Сатибековдуку
Обону : Гүлжигит Сатибековдуку
Билем жаным, таарынасың мага дайым,
Айтпасаң да, көздөрүңдөн туям баарын.
Билген жоксуң жүрөгүмдүн эзилгенин,
Жалгыз сага жан дүйнөмдүн ийилгенин.
Мейли кеттиң, коштошбодуң, кош дебедиң,
Түшүнбөймүн, тарынычың не себебин.
Сезген жоксуң жүрөгүмдүн оорууганын,
Сезимдердин тоо гүлүндөй соолуганын.
Төгөт жамгыр, коштошуунун көз жашыдыр,
Кеч болсо да, калыстыгын кылар тагдыр.
Билген жоксуң жүрөгүмдүн эзилгенин,
Аста басып, кете бердиң, кете бердиң.
Сөзү : Т.Казаковдуку
Обону : Т.Казаковдуку
Жамгыр төктү эч басылбай,
Биз келаттык көл-шал болуп.
Жол кароого көз ачырбай,
Бет алдыдан шамаал согуп.
Кайырма:
Күн күркүрөп, жамгыр төктү,
Ошол күндөр кайда кетти?
Жаштыгымдай же кечээги,
Кайрылбай кетеби?
Жамгыр төктү, эске түштүң,
Алыс калган жаштыгымдай.
Сагынтасың жүрөктү эзип,
Колдон учкан ак кушумдай.
Кайырма:
Жылдар учат канаттуудай,
Жамгыр төгөт эч басылбай.
Жамгырларда эскеребиз,
Алгач сүйүү унутулбай
Кайырма:
Кадырлап бир кат жазамын,
Капамды мен качан ачамын?
Катымдын жообун кайра жаз,
Деги сынбасын менин назарым.
Айыл бир сенин турагың,
Айылдаш, эсен турамын.
Каттаган-өткөн кишиден,
Деги билмексен болуп сурадым.
Карайып кашым коюлган,
Кадырың кетпейт оюмдан.
Сагынсаң ай салам жаза жүр,
Деги сабатың сенин жоюлган.
Караймын ай эрте жолуңду,
Кармасам деймин колуңду.
Кат сабатың сенин жоюлган,
Деги кайтаргын эрте жообуңду.
Обону : Р.Абдыкадыровдуку
Жайдын бир гана толук ай кезинде, ай,
Адырлуу гана тоонун бетинде.
Сан гүлдөн тандап бирди үзгөн, ай,
Жайдары гана селки, ай эсимде.
Ааа-иий,оо-о иий эсимде...
Жайдын бир гана толук ай кезинде, ай,
Адырлуу гана тоонун бетинде.
Сан гүлдөн тандап бирди үзгөн, ай,
Жайдары гана селки, ай эсимде.
Ааа-иий,оо-о иий эсимде...
Айлана жашыл шибер, керемет,
Асмандан жамгыр төгөт себелеп.
Мен дагы жамгыр коштоп ырдаймын,
Жазда сени эмнегедир келет деп,
Жамгыр менен төгүлөмүн сени эстеп.
Кайырма:
Төкчү жамгыр, төк жамгыр,
Токтобостон төк жамгыр!
Сүйгөнүмдүн жүзүнөн сүйчү жамгыр,
Өп жамгыр...
Жамгыр төгөт, моюн ылдый куюлат,
Жан дүйнөм да жай таба албай буюгат.
Тамчылары ак жамгырдын негедир,
Таанышымдай жүрөгүмө угулат,
Таанышымдай жүрөгүмө угулат.
Кайырма:
Акыры жамгыр төгүп, басылды,
Аттиң ай, ал жамгырдын аздыгы.
Алтыным, сага болгон сүйүүмдү,
Алып барат ошол сүйүү жамгыры,
Алып барат ошол сүйүү жамгыры.
Кайырма:
Сөзү : А.Бекешовдуку
Обону : Н.Турсунбаевдики
Ак булутту аралап ай баратат,
Ак куу болуп көлдөгү жай баратат.
Ата албайсың ак кууну оңой менен,
Жете албайсың айга да жел ой менен.
Жеткичекти жетпестен калган жакшы,
Жетип азап жегиче, арман жакшы.
Жетем десең сулуу ай жетээр элем,
Көк деңизин булуттун кечээр элем.
Сүзө бергин алтын ай көгүң менен,
Мен карайын өзүңдү теңим менен.
Сага жакшы сезилсе булуттуу көк,
Мага жакшы көктөм жер жемиши көп.
Сөзү : Ш.Абдрасулова
Обону : Ф.Султанованыкы
Алгачкы ирет жолукканда,
Арбап турган каректериң.
Сен коштошуп кетериңде,
Өзүмдү алдап мен келет дедим.
Кайырма:
Ошондогу сен экөөбүз,
Таанышкан күн эсиңдеби?
Дале менин көз алдымда,
Кубанычтар сезимдеги.
Узаатаарда жүрөгүңө,
Башым жөлөй сен сүйөм дедиң.
Ак жүзүңдөн мен аймалай,
Кыналышкан эрдиңе эрдим.
Кайырма:
Биз таанышкан ошол күндү,
Эстей жүрсө экен деймин дайым.
Жашоомдогу бир жаралган,
Менин күнүм сен, менин айым.
Кайырма:
Сүрөт калат, күлүп карап,
Кантемин дейсиң, кантем дейсиң,
Аны мезгил унуткарат.
Сүйүү дебе, күйүү дебе,
Кайрылбас ал кез, баары өткөн,
Ал күндү азыр эстебе.
Кайырма:
Ал мен эмес, ал мен эмес,
Ал менден калган бир элес.
Экөөбүз барчу жолду бузган,
Сүйүү мерез, сезим мерез.
Гүлдү сунба, арман кылба,
Кайрадан баарын баштайм дейсиң,
Ал күндөр өткөн, сагынба.
Өчүп санаа кетет бара,
Экөөбүз түшкөн сүрөттөрдү,
Суранам, эми караба.
Кайырма:
Өмүрүм өрттөп, өзүңсүз тостум таңдарды,
Өкүнүп келем тагыдырым коштоп армандуу.
Бакыттын кушун учуруп ийдим бир келген,
Баркыңды билип, баалаган мендей жан барбы.
Барайын десем, бара албай,
Көзүмдү сага алалбай.
Жараткан берген белегин,
Өзөгүм өртөп келемин.
Өзүңдүк болуп кала албай,
Алыстагы асыл затым.
Өзүңдү жоктоп кан жолдо турам муңайып,
Өзүңө алып кайра эле жөнөйт бир алып.
Тагдырдын изин биз баскан жолдон издедик,
Тагдырым болгон таркабас менин кумарым.
Кайырма:
Тагдырдын жолун жаңылбай кимдер баса алат?,
Таңдарым мени айылыңа бир күн алып барар.
Өзүң деп жүрүп өмүрдүн чыгаан соңуна,
Өзүмдү,өзүм кечирбей анан жазалап.
Кайырма:
Өмүр деген кыпкызыл гүл жайнаган,
Өмүр деген булбул бакта сайраган.
Өмүр барда өкүнбөстөн, ойноп-күл,
Өмүр өтсө, жаралбайсың кайрадан.
Оо, өмүр сен жайнап турган гүлдөйсүң,
Оо, өмүр сен салкын соккон желдейсиң.
Каалагандай пайдалана бергидей,
Оо, өмүр сен колдо буюм эмессиң.
Жашчылыгым, кайда калып баратат?
Өмүр өтсө, ак чач кылып жаратат.
Тээ алыстан ак жоолугун булгалап,
Артта калдың айланайын бала чак.
|