|
Ар бириңер таянар тоо керемет, ак дилиңер,
Жан демиңер баа жеткис асылзат, кең пейилиңер.
Бар болгула бакыттын бал кушунда,
Бай болгула жан дүйнө чокусунда, жандоочулар,
Ырыма күбө бол, кан досторум.
Отуралы, ортону ырыс менен толтуралы,
Ойдун баарын оргуштап ортого чогулталы.
Силерсиңер ишенер караандарым,
Билесиңер, аман-соо жүргүн дайым.
Тирексиңер, ак шумкар жалгасын, жан досторум.
Бар болгула бакыттын бал кушунда,
Бай болгула жан дүйнө чокусунда, жандоочулар,
Ырыма күбө бол, кан досторум.
Силерсиңер ишенер караандарым,
Билесиңер, аман-соо жүргүн дайым.
Тирексиңер, ак шумкар жалгасын, жан досторум.
Кайдан жүрүп сага кабылдым?
Карегиңде барбы жалының?
Жанды эритип жумшак күлгөнүң,
Жарыгыбы аткан таңымдын?
Булбулсуңбу куштар багына,
Анда келип кончу шагыма.
Кучагымдан орун берейин,
Күттүм сени,күлкүң сагына.
Кылгырасың мага мынчалык,
Карегиңден сырлуу нур тамып.
Жазым болсоң жыпарыңды чач,
Жадырасын жаным тынч алып.
Сулууну көрдүм булактан,
Суу алып жаткан убакта.
Жароокер жигит, кайда элең,
Жалындуу жаштык убакта?
Буркурап гүлдөр таңында,
Буралып турдуң жанымда.
Гүлмүң көз, анда кайда элең,
Гүлдөгөн жаштык чагымда?
Күлгөнүң калды эсимде,
Гүл сымал тарап сезимге.
Булгалай бердим колумду,
Булактан кетер кезиңде.
Сөзү : Элдики
Обону : А.Малдыбаевдики
Тал-талдап өргөн чачыбыз,
Таалайлуу кыздар атыбыз.
Таңдагы булбул өңдөнүп, 2 жолу
Таңшып бир ырдаар чагыбыз.
Сайга чыккан дарактын,
Саясы беле жалбырак?
Сары оору болгон жүрөктүн, ай, 2 жолу
Дарысы беле Кыз-Бурак?
Ай нурун чачып түн жатса,
Жай гүлүн таң жел ыргалтса.
Эр жигит күлкү салбайбы, ай? 2 жолу
Эригип кыздар баратса.
Сөзү : Э.Балтагуловдуку
Обону : Э.Балтагуловдуку
Биз, биз элимдин келечеги үчүн,
Биз, бир бололу, ынтымакта бүтүн.
Кел, кол кармашып чогуу баралы,
Биз жол ачып элдин эртеңи үчүн
Кайырма:
Кыргызстан, сен деп ырдайлы,
Кыргызстан, сенде жыргайлы.
Кыргызстан, жаркып, жана бер,
Билбесин элим муң-кайгы.
Ала-Тоо, сен деп ырдайлы,
Ала-Тоо, сенде жыргайлы.
Ыймандуу кыргыз калкыма,
Келбесин эми муң-кайгы.
Биз, Эр Манастын атын даңктаган,
Биз, бир элбиз ата салтын сактаган.
Кел, келечекти бирге куралы,
Биз, мусулман, азан үнүн барктаган.
Кайырма:
Сөзү : А.Акбаровдуку
Обону : А.Иманалиеваныкы
Намыс болуп, кош канаты
Оболоп учуп талбаган,
Жеңиштерге бирге жетип,
Ынтымак жолдон тайбаган.
Жигиттериң шумкар сымал,
Бийиктик менен дос болуп,
Даңазалуу бабалардай
Көтөргүн элдин байрагын.
Кайырма:
Кыргызстан, алга, алга!
Өркүндөй бергин алгала!
Кыргызстан, алга, алга!
Бүт дүйнө уксун жардана!
Нурдан бүткөн айым-кыздар,
Жан дилин аруу баалаган.
Нарк каадалуу байбичелер,
Ырыс, кут үйдү кармаган.
Үмүт болуп жоодурайт гүл,
Көз жоосун алат айланам.
Кыргызстан бакыт үйү
Түбөлүк гүлдөп жайнаган.
Кайырма:
Теңир колдоп кыргыз жерин,
Жамандык кайгы баспасын.
Кыргыз көчүн улуу жолго
Даанышман Чыңгыз баштасын.
Урпактарга мурас болсун
Ажайып Манас дастаны.
Касиеттүү кыргыз жерим
Чалкыган бийик асманым.
Кайырма:
Сөзү : С.Бейшекеевдики
Обону : С.Бейшекеевдики
Түн ортосу, жылдыздар толуп,
Жүрөгүмө махабат конуп.
Капысынан айтың мага бир сөз:
Калбасынчы сүйүүбүз соолуп.
Саманчынын жолун карап,
Саамай чачың салаалап тарап,
Болдучу эми кетели дейсиң,
Түн ортодон ооп барат.
Кетиргим жок өзүңдү эркем,
Жаратканым сени энчилеп берген.
Жомоктордон издесем өзүңдү,
Жолугарым акыры сезгем.
Чоң жетиген жылдызың издеп,
Таң чолпонум, ыр арнадым сиз деп.
Коомайланып өзүңдөн чоочуй,
Койдум мен да саамайың искеп.
Түн ичинде экөөбүзгө эми,
Керектир го махабат мээри.
Мээрим чачып турсак жүрөктөрдөн,
Өчпөйт го дейм сүйүүнүн деми.
Алтын казык жылдызын кара,
Айлуу түндө ыр арнадым сага.
Менин сүйүүм көрүнөбү десем,
Күлө карап жылмайдың мага.
Үркөр-үркөр жылдызың кара,
Үрүл таңда ыр арнадым сага.
Биздин жылдыз гана тапчы десем,
Күлө карап жылмайдың мага.
Саманчынын жолун кара,
Садагам ай, ыр арнадым сага.
Ак жоолук салып башына,
Ак көйнөк кийип буралган.
Аялдын эле асылы,
Убада сөзгө тура алган.
Акылгөй болуп элине,
Алдыңкы чарба кураган.
Кайырма:
Уркуя – ыйык энебиз,
Эмгегин даңктап келебиз.
Уркуя – баатыр энебиз,
Өмүрүн даңктап келебиз.
Элим деп жанын аябай,
Мээнетин элге үрөгөн.
Курууга жаңы заманды,
Тайманбай элди сүрөгөн.
Таамай сөз, тайбас мүнөзүн,
Мырзалар баалап, сүрдөгөн.
Кайырма:
Кырчындай жапжаш кезинде,
Канкорлор кыйды өмүрүн.
Аз жашап, бирок баркталган,
Атагы калды эл үчүн.
Арманда кеткен асылды,
Унутпайт кыргыз эл бүгүн.
Кайырма:
Түшүмдө да, өңүмдө да элесиң,
Тарта берет махабаттын желесин.
Учуп түшкөн жалбырактан көз албай,
Улам карайм убакыттын жебесин.
Бийик тоого бирге экөөбүз чыгалы,
Бизге калыс улар үнүн угалы.
Карегиңе карегимди ширетсем,
Канар бекен сагынычтын кумары.
Кайырма:
Чалкып жаткан көл калаасын бойлойлу,
Чын сүйүүнүн ырахатын ойлойлу.
Түрмөктөлүп бизди карай умтулган,
Толкундарга таш ыргытып ойнойлу.
Куулар учту, биз да канат кагалы,
Күтүп турат көктө күндүн жамалы.
Кучагына кең ааламдын тартылып,
Көкүрөккө жылдыздарды тагалы.
Өтүп жатат мезгилди ээрчип дил күчү,
Өмүрүмө жаз тартуулап гүлдөчү.
Мүнүшкөрдүн шумкарындай учайын,
Махабабаттын сересине үндөчү.
Кайырма:
Окуумду аяктап, үйгө жол артып,
Туулуп өскөн Ысык-Көлүм өзүңө кайтып.
Бара жатып ашык болдум көлдүк карындаш, эй,
Эх жүргүнчү кыйнадың го ай нурун чачып.
Кайырма:
Аа-ай, көлдүк карындаш, ай,
Кыйналдым атыңды мен сурай албай.
Үн жок, сөз жок сени, сени караймын,
Нурданасың кургурум ай, гулдөй, айдайым.
Бара жаттың энең менен колдүк карындай, эй,
Карегимде калды сенин жарык маанайың.
Кайырма:
Автобус барат, күлүгүн салып,
Мындайда не, айтчы жаным убакыт таарыйт.
Жеттик үйгө, кош болгунуң аттиң, аттиң ай,
Карындашым дале кетти сапарын улай.
Уйкусуз өткөн түндөрүм,
Убара тарткан төкүндөрүм.
Кайрадан келип азапты,
Кайрадан тартып жүрбөйүн.
Кайырма:
Жаздагы жап-жаш кайыңдай,
Жаңыдан күйгөн жалындай.
Жанымды койдуң бүлүнтүп,
Жазулчу жакшы жаңы ырдай.
Көзүңө – көзүм багынып,
Көңүлүм турат сагынып.
Жалынга түшүп беремби,
Жаңылган жаным жаңылып.
Кайырма:
Кас эле тагдыр маанайым,
Кайрадан сүйүп калбайын.
Жыргалың менмин дегенсийт,
Жылдызы жанган маңдайы.
Кайырма:
|