|
Сөзү : А.Нышановдуку
Обону : А.Нышановдуку
Өскөн жерим, Өзгөндө мен жүргөндө,
Көңүл өсөт мунараны көргөндө.
Өзгөн элин бүт дүйнөгө тааныткан,
Таланттар бар, залкарлар бар,
Эл деп жүргөн чыгаандар бар,
Баатырлар бар Өзгөндө.
Өзгөн күрүч баардык жерде макталган,
Жаңгактары жагымдуу деп баркталган.
Кара шоро, дары суусу мүрөктүн,
Жибек жолдон бүт дүйнөгө,
Бүт дүйнөгө жибек жолдон, дарылыгы таркаган.
Сууларга бай музыкадай шаркырар,
Кенен жайлоо, жаңгак токой, арчалар.
Көркөмүңө көргөн сайын ыр кошуп
Сыймыктанып мактанамын,
Мактанамын сыймыктанып,
Өзгөн жерим мактанам,
Кыргыз жерим мактанам.
Алдың бекен арзып жазган катымды?
Сездиң бекен жүрөктөгү дартымды?
Кубанычтуу кабар күтүп өзүңдөн,
Бир күндө миң кайталаймын атыңды.
Бир уксам деп жылаажындай үнүңдү,
Билдирбестен акмалаймын үйүңдү.
Үн жок, сөз жок сен тараптан, а бирок,
Оо, жароокер түтөтөсүң жүлүндү.
Жолуң тоссом жолобостон качасың,
Ак жүзүңдү аягансып катасың.
Түтөй берип түгөнөйүн деп калдым,
Чын сырыңды деги качан ачасың?
Мейли эми кат жазбагын, ашыгым,
Уяласың калп айтуудан ачыгын.
Анда, жаным, жолукканда жолдордо,
Жылмайып кой башкалардан жашыруун.
Ал мезгил менин эсимде,
Али да турат сезимде.
Ар дайым күтүп барчумун,
Анда да алтынчы күнү кечинде.
Чырдашпай келип чечимге,
Чыгарбай сырды эч кимге.
Аттестат алдың, сөз бердиң,
Анда да алтынчы күнү кечинде.
Эртелеп барсам бешимде,
Экзамен бүткөн мезгилде.
Ашыкпа дедиң, той болот,
Анда да алтынчы күнү кечинде.
Сөзү : Замир Казакбаевдики
Обону : Мүзүр Мамбетовдуку
Мен сага арнаганы,
Гүлдесте тандаганы,
Баратам көңүл шайма-шай
Кыялдар орундалып,
Чуркасам жолум тарып,
Сүйлөсөк экен жайма-жай
Өзгөнү көзгө илбей,
Таманым жерге тийбей,
Баратам сага жакканы,
Алгачкы, акыркымды,
Бир келген бакытымды,
Баратам сенден тапканы.
Кайырма:
Жамгырда, жаанда калып,
Гүлдесте кармап алып,
Келе жатканын карачы.
Жылмайып койбодуң да,
Суу болгон колдоруңда,
Канча гүл даана саначы
Жөн эле койсоң болмок,
Көңүлүм ансыз тоймок,
Өзүңдү көргөнүм жетет.
Сүйүүнүн мааниси бар,
Жөн эле бере бербейт,
Гүлдүн да кадыры кетет.
Так санды болжогонмун,
Алганда ойлогонмун,
Түгөйү менен болсо деп.
Гүл берип көрбөптүрмүн,
Маанисин билбептирмин,
Сурабай алганым башка кеп.
Алдыңда билбей турам,
Гүлдү эми кантип сунам,
Ойлорум кетти чачырап.
Жетсем деп жүгүрөмүн,
Билбепмин күбүлгөнүн,
Кайчылап салчы, кайчылап.
Сөзү : А. Бегимкулованыкы
Обону : Э.Талиповдуку
Кайыл болуп көп короткон убагыма,
Качан болсо кабыл алып турарыма.
Келем жалгыз мен өткөрүп өмүрүмдү,
Ишене бер күтөрүмө, чыдарыма.
Күн карайып, карбаластан калганында,
Ак шам болуп жангым келет маңдайында.
Тагдырыңа кээде өнсүп капалансаң,
Балкаймактай көлкүгүм бар таңдайыңда.
Уктай албай өткөрдүм көп убагымды,
Эшик жакка тосуп коюп кулагымды.
Дарегимди издеп, таппай жүрбөсүн деп,
Өчүрбөстөн жатам түндө чырагымды.
Жашоо, жашоо, жашоо керемет,
Бул жашоодо, өмүр бир келет.
Ошондуктан достор келгин ырдайлы
Күлкү менен шаттык бизди термелтет.
Кайырма:
Боло электе бир арман,
Ырдагыла жаштар, ай
Биздин заман нур заман
Шаттангыла жаштар, ай.
Өмүр деген чында учкан көпөлөк,
Убагында учат бийик көкөлөп.
А кез, кезде жашоом болуп бир кызык,
Жүрбөй калат такыр эле жөрмөлөп.
Кайырма:
Өмүр деген тунук, бир аккан дайра,
Агып кетсең дайра, кайрылбас кайра.
Күч-кубатың барда ойноп, күл, иште,
Кете электе өмүр кайрылбас жайга.
Кайырма:
Өтсө дагы жылдар, жылдар арадан,
Өчпөсө экен шаттык, шаттык заманам.
Бактылуу бол достор, аман бол элим,
Тилегеним ошол, жалгыз кудайдан.
Кайырма:
Сөзү : Исирадин Аманбаевдики
Обону : Исирадин Аманбаевдики
Мөлтүрөгөн тунук булак шылдырап,
Назик желге жазгы жамгыр тыбырап.
Махабаттын өлбөс күүсүн терметип,
Тээ алыстан торгой үнү угулат, угулат.
Кайырма:
Эй, кыздар, эй, кыздар, эй, кыздар,
Келбейлиби бак аралап бир басып,
Көңүлдөгү айтылбаган сырларды,
Чечпейлиби бирге олтуруп, сырдашып.
Эй, кыздар, эй, кыздар, эй, кыздар,
Жүрбөйлүбү айлуу түндө бир басып.
Жымыңдашкан жылдыздардын алдында,
Кол кармашып сүйүү ырын,
Кол кармашып жаштык ырын,
Шаттык ырын ырдашып.
Кеч да кирди, көктө жылдыз жымыңдап,
Ай баратат сүйүү ырына ыр улап.
Ээнсиреп бак-дарактар арасы,
Кыз-жигиттер келсе экен деп шыбырайт.
Кайырма:
Бирге учуп, бирге отуруп жанашып,
Биз тааныштык сын көз менен карашып.
Сапарлашым, сага арнап ыр окуйм,
Самолётто сапар тартып баратып.
Кайырма:
Ар убактта шыдыр болсун жолуңуз,
Аткарылсын ар бир максат оюбуз.
Суранамын чын жүрөктөн бул ырды,
Эстеликке кабыл алып коюңуз.
Адам деген бир жаралат өмүрдө,
Ойноп-күлгүн кайгы-муңга чөмүлбө.
Саламат бол, кайда жүрсөң унутпа,
Самолётто сапарлашың жөнүндө.
Кайырма:
Ыр ырдадым баратканда асманда,
Тең берерсиң термелүүңдү жазганга.
Мен бактылуу болор элем эгерде,
Сен жөнүндө оюм ишке ашканда.
Кайырма:
Жүзүңдү айдың жел аймалап,
Жүрөктү кусалык саймалап.
Аттиң ай, кайрылып келсечи,
Ай менен сырдашкан махабат.
Жаралуу жүрөктү мас кылып,
Жанымда жүрсөң сен каткырып.
Кечеги кыялдар бүгүн жок,
Кеткенби бурганак сапырып?
Сезимди кусалык аралап,
Сен кеттиң жүрөктү жаралап.
Жүрөктөр биригип сыр чечкен,
Кайдасың жылдыздуу махабат?..
|