|
Сөзү : Бектуруш Салгамааниники
Обону : Эгемберди Талиповдуку
Жыл бою не келбедим, келбедим деп кадалып,
Жаным кейип буулуктум, карегимден жаш агып.
Былтыр эле базарлап, барып келчү чай алып
Улгайыптыр чоң энем аса таяк таянып.
Көзү нурсуз болсо да, көзүн салган жолума,
Ийилип бел кыйла эле, чөгө түшкөн бою да.
Басса-турса жөлөгү, аса таяк колунда,
Чоң энемдин карышын, келтирбепмин оюма.
Жыл бою не келбедим, келбедим деп кадалып,
Жаным кейип булуктум, карегимден жаш агып.
Эне жытың "бур" десе жаным жыргап демденем,
Бактылуубуз сиз менен, үйдүн куту чоң энем.
Сөзү : Алишер Тоотаевдики
Обону : Алишер Тоотаевдики
Биз төрөлгөн ошол үй базар болуп,
Турчу эле го өзгөчө шаңга толуп.
Азыр кайда бир тууган, асылдарым,
Жүрөм баарың сагынып, куса болуп.
Кайырма:
Бир тууганым, таянар асылдарым,
Аска-зоодой бел болор жакындарым.
Карааныңар дем болот кайда жүрсөм,
Амандыгың тилеймин баарыңардын.
Биз чоңоюп, балалык артта калып,
Ар кимибиз ар тарапка багыт алып.
Азыр ата-эне болуп калгансыңар,
Асыл жарлуу үй-бүлөдөн бакыт табып.
Кайырма:
Күндөр улам зымырап өтүп барат,
Жүрөгүмдү сагыныч бөлүп-жарат.
Сезимимди кусалык ээлеп алып,
Жолугушар кезди күтүп жүрөм самап.
Кайырма:
Амандыгың тилеймин кымбаттарым.
Сөзү : А.Бегимкулованыкы
Обону : А.Бедияровдуку
Жан дүйнөмө жагып турду жамалың,
Жалын чачып неге мынча карадың?
Жандап баспай, жалгыз кеттим, садагам,
Жаш экенсиң, жаштыгыңды аядым.
Имерилип неге мынча карадың?
Ийик сымал ийрип жибин санаанын.
Ишеничиң сынбасын деп, садагам,
Ийнеликтей назиктигиң аядым.
Оозун ачпай ооруп бүткөн санаанын,
Ойлорумду жүрөгүмө камадым.
Таарынбагын таттуу сөзүм укпасаң,
Тамчы суудай тазалыгың аядым.
Жаш экенсиң, жаштыгыңды аядым.
Сөзү : Э.Тазабековдуку
Обону : Ж.Кайыповдуку
Жаз келип айлана жапжашыл,
Жалбырак ачыла баштаптыр.
Ак куулар катарын карасам,
Аларда өзүң жок таптакыр.
Сагынып, эстедим сени,
Эстедим сени...
Көңүлүм кусага баткандай,
Көзүмдөн ысык жаш аккандан.
Көрүнөр бекен деп карааның,
Көз албайм алыскы жактардан.
Сагынып, эстедим сени,
Эстедим сени...
Канчадан жолуңду карадым,
Канча кеч келет деп самадым.
Кыялым ээрчитип сен жакка,
Кымбатым, эң кымбат адамым.
Сагынып, эстедим сени,
Эстедим сени...
Сагындым, ай, сагындым,
Ардагым...
Сөзү : Акматаалы Кантөрөевдики
Обону : Абдыкулан Машаевдики
Мен өзүңдү күтпөй гулзардан,
Жолугууга келем талаага.
Чачтарыңды желге чачтырып,
Койсом кечир, кечир, садага.
Мен өзүңдү күтпөй кечтерде,
Кездешүүгө келем талаага.
Ак жүзүңдү күнгө күйдүрүп,
Койсом кечир, кечир, садага.
Мен өзүңдү күтпөй бий залдан
Сырдашууга келем талаага.
Үмүтүңдү жолго калтырып,
Койсом кечир, кечир, садага.
Мен өзүңдү күткөм азанда,
Иште тынбай дыйкан, садага.
Тоодой жыйнап алган түшүм, берекең
Толуп турсун жерде, элде, базарда.
Сөзү : Акбар Кубанычбековдуку
Обону : Өктөм Сапар уулунуку
Сөзү : Омор Султановдуку
Обону : Асанкалый Керимбаевдики
Сүйүүм турат жердин кени тургандай,
Мойнумдагы ыйык аяр тумардай.
Көкүрөктө сыймык толо караймын,
Көп кыйналып жакшы бир үй кургандай.
Сүйүүм агат мелмилдеген суулардай.
Айбаттанат көлдө сүзгөн куулардай.
Таптым сайрап, элжиретет сезимди,
Таң алдында үн алышкан улардай.
Сүйүүм турат жай күнүндөй толукшуп,
Булбул сайрап, бутак сайын конушуп.
Көзүмдөн курч, көкүрөктөн ал кетер,
Унутпасмын кандай күндү жолуктук.
Бул дүйнөдө ачкан менин үнүмдү,
Жарык кылган көөдөндөгү сүйүүмдү.
Сенин гана аман жүргөн карааның,
Мен сен үчүн даңктап ырдайм сүйүүмдү.
|