|
Мен сизге күндөй ашыкмын,
Мен сизге гана ашыкмын.
Деңиздей бирде ташытып,
Темирдей бирде жашытып.
Жаш төгөт ката иш үчүн,
Ыр оңой дебе кыз үчүн.
Уяттан жанып турсам да,
Жасагам баарын сиз үчүн.
Бактылуу жанды арттыңыз,
Мактанып доско айтпаңыз.
Көрсөткөн сизге кылыгым,
Көмүскө ичке сактаңыз.
Сөзү : Т. Актановдуку
Обону : Т. Актановдуку
Сөзү : Анатай Өмүркановдуку
Обону : Исирадин Аманбаевдики
Алоолонуп күйгөн жалынча,
Кучагымды жайып барынча.
Күт күткөндөй күтөм өзүңдү,
Кетпейм, кетпейм жолукмайынча.
Жыл күткөнүм жыл деп сезбестен,
Күтчү жерде турам кетпестен.
Сөзүңдү угуу - майрам мен үчүн,
Кетпейм, кетпейм жаным, жан эркем.
Мейли жамгыр суудай төгүлсө,
Мейли бороон согуп теминсе.
Көздөрүңдөн укмуш күү угуп,
Кетпейм, кетпейм көрүшмөйүнчө.
Обону : Р.Абдыкадыровдуку
Уктатпачы мени, жазгы жаан,
Сыйкырдуу түн сырын тыңшайын.
Келе жаткан көктөм кабарын,
Бөлүшүүгө таңды жумшайын.
Уктатпачы мени, жазгы жаан,
Жашыл дүйнө шаңын саамайын.
Ага арналган ыйык саптардын,
Алгачкысы болуп калайын.
Эргүүлөргө толуп көңүлүм,
Эртеңдерге үмүт улайын.
Жазда күтчү сүйүү баянын,
Жүрөктөргө шыбыр улайын.
Уктатпачы мени, жазгы жаан,
Ойлор кыйнайт сырлар ачылбай.
Шолоктогон жашка айлана,
Сагынуулар менде басылбай.
Оо, кыздар, агай деш ордуна,
Атымдан чакырчу болгула.
Алыстап бараткан жаштыктын,
Алдынан бир кайрып койгула.
Оо, кыздар, сумсайыш ордуна,
Ар дайым жайдары болгула.
Бүлбүлдөп бараткан жаштыктын,
Билигин чоңойтуп койгула.
Оо, кыздар кол шилтөө ордуна,
Жакындап сырдашчу болгула.
Мага окшош жигиттин колунан,
Гүл сунса, гүл алып койгула.
Оо, кыздар, агай деш ордуна,
Атымдан атоочу болгула.
Алыстап бараткан жаштыктын,
Алдынан бир кайрып койгула.
Ниетимди өзгөртүп өзүм үчүн,
Элесиңди туу кылып жүрөм бүтүн.
Окшоштукту мен сага таппай келем,
Канча айланып, кыдырып дүйнө жүзүн.
Куса болуп ой келет түркүн мага,
Күлмүңдөгөн көздөрүң сүйкүм мага.
Күйүттүү бир илдетке чалдыгыпмын,
Күлүп коюп сен менен бир түн гана.
Эх, билбепмин, мынчалык сүйөрүмдү,
Бир өзүңдү туу кылып жүрөгүмдө.
Алсыратып, ансайын мыжып келет,
Айлап, жылдап бир ооруу жүрөгүмдү.
Ниетимди өзгөртүп өзүң үчүн,
Булут болуп, берейин жалгыз өзүм.
Окшоштукту мен сага таппай келем,
Канча айланып, кыдырып дүйнө жүзүн.
Куса болуп ой келет түркүн мага,
Күлмүңдөгөн көздөрүң күлмүң гана.
Күйүттүү бир илдетке чалдыгыпмын,
Күлүп коюп, сүйүп коюп сен менен бир күн гана.
Күлүп коюп, сүйүп коюп сен менен бир түн гана.
Эх мынчалык, билбепмин сүйөрүмдү,
Элесиңди туу кылып жүрөрүмдү.
Алсыратып, алыстан сызып келем,
Айлап, жылдап бир ооруу жүрөгүмдү.
Күлүп коюп, сүйүп коюп сен менен бир күн гана.
Күлүп коюп, сүйүп коюп сен менен бир түн гана.
Сөзү : Кубанычбек Бакиевдики
Обону : Э.Кайымовдуку
Из калтыр бул дүйнөдө, ансыз да өмүр кыска,
Атыңды айтып урпак, иштериң болсун нуска.
Из калтыр бул дүйнөдө, жакшылык ишиң менен,
Акындар ыр жазышсын, канаттуу сезим менен.
Из калтыр бул дүйнөдө, акыйкат сөзүң менен,
Эч качан ушак айтпа, көрбөсөң көзүң менен.
Из калтыр бул дүйнөдө, боорукер сезим менен,
Көңүлдү калтырбайлы, баары өтөт бул дүйнөдөн.
Артыңда из калтыргын, ак эмгек кызмат менен,
Унутпай элиң жүрсүн, кетсең да бул дүйнөдөн.
Из калтыр бул дүйнөдө, атанын уулу деген,
Ашыкча мүлк жыйнаба, ал кетпейт өзүң менен.
Из калтыр бул дүйнөдө, боорукер сезим менен,
Көңүлдү калтырбайлы, баары өтөт бул дүйнөдөн.
Ашыкча мүлк жыйнаба, ал кетпейт өзүң менен.
Ниетимди өзгөртүп өзүм үчүн,
Элесиңди туу кылып жүрөм бүтүн.
Окшоштукту мен сага таппай келем,
Канча айланып, кыдырып дүйнө жүзүн.
Куса болуп ой келет түркүн мага,
Күлмүңдөгөн көздөрүң сүйкүм мага.
Күйүттүү бир илдетке чалдыгыпмын,
Күлүп коюп сен менен бир түн гана.
Эх, билбепмин, мынчалык сүйөрүмдү,
Бир өзүңдү туу кылып жүрөгүмдө.
Алсыратып, ансайын мыжып келет,
Айлап, жылдап бир ооруу жүрөгүмдү.
Сөзү : Медер Осмоналиевдики
Обону : Алишер Тоотаевдики
Чар тарабын ченеп болбос ааламга,
Сыйбай турган аягы жок санаам бар.
Эртең эле кете турган өмүрдө.
Эмне мынча алсыз келет адамдар
Бар тарабын көрүп бүтпөс дүйнөдө,
Бүтпөй турган толгон токой санаам бар.
Бүгүнкүсү күмөн болгон турмушта,
Неге мынча күчсүз келет адамдар?
Жүрөк бир күн токтоп калат экен деп,
Жүгүн таштап жатып албайт адамдар.
Ошентсе да оюн курган курт сымал,
Жүрөгүмдү өйүп турган санаам бар.
Түйүмдөрүн чечип болгус жашоодо,
Түнөк таппай туйлап жүргөн адам бар.
Түйшүк тартып түтөп жүргөн кезинде,
Эмне мынча алсыз болот адамдар.
Жүрөк бир күн токтоп калат экен деп,
Жүгүн таштап жатып албайт адамдар.
Ошентсе да оюн курган курт сымал,
Жүрөгүмдү өйүп турган санаам бар.
Сөзү : Ж.Алыбаевдики
Обону : Ж.Алыбаевдики
Сөзү : Н.Алымбековдуку
Обону : А.Бедияровдуку
Жайлоонун башы жашыл таш,
Жайма бир көкүл узун чач.
Жалынбаймын мен сага,
Жакшысын табам, башым жаш.
Кайырма:
Жайлоого чыктым эрмекке,
Жайлоонун гүлүн термекке.
Жайлонун гүлү дары экен,
Жаралап соккон жүрөккө.
Кыштоонун башы кызыл таш,
Кыйма бир көкүл, узун чач.
Кызыкпаймын мен сага,
Кымчасын табам, башым жаш.
Кайырма:
Кыштоого чыктым эрмекке,
Кыштоонун гүлүн термекке.
Кыштоонун гүлү дары экен,
Кыйналып соккон жүрөккө.
|