|
Бир жакшы сөз атайлап,
Айтмак элең, айтпадың.
Балким, ушул чын эле,
Ыңгайлуу кез таппадың.
Кайырма:
Жаштык сенден, менден да,
Артта калып жашынат.
Ошол жакшы бир сөзүң,
Качан, кантип айтылат?
Андан бери арадан,
Жылдар өттү чапкылап.
Коңур, кара чачымды,
Басып барат ак бубак.
Кайырма:
Бак аралап бакчага,
Бармак элек, барбадык.
Балким, жалын жаштыктын,
Баркын баалай албадым.
Жаштык сенден, менден да,
Артта калып жашынат.
Ошол жакшы бир сөзүң,
Качан, кантип айтылат?
Кечээ тиккен дарагым, мөмө берет дедиңби,
Жерге көмгөн данегим өнө берет дедиңби.
Мына ушинтип базарым өтө берет дедиңби
Айтканымдын баарын эп көрүп
Бул бечара жүрө берет дедиңби
Кайырма:
Үй-бүлөсүн ал кечип тентип кетти дейсиңби,
Мени чанып башканы ээрчип кетти дейсиңби,
Күйүтүнө чыдабай ичип кетти дейсиңби,
Эми, эми мага баары бир
Жоктугума шүгүр дейсиңби
Кеч түшүнүп аттиң дейсиңби
Байчечекей чилдеде гүлдөй берет дедиңби
Ырыскысын кудайым үзбөй берет дедиңби
Акыл айтсам мен сага сүйлөй берет дедиңби
Айтканымдын баарын эп көрүп
Бул селсаяк түтө берет дедиңби,
Үй-бүлөсүн ал кечип тентип кетти дейсиңби,
Мени чанып башканы ээрчип кетти дейсиңби,
Күйүтүнө чыдабай ичип кетти дейсиңби,
Эми, эми мага баары бир
Куйрук эмес буйрук жейсиңби
Кеч түшүнүп аттиң дейсиңби
Кемибестен ырыскым толо берет дедиңби,
Бакыт кушу күндө эле коно берет дедиңби.
Эмне кылсам мен булга боло берет дедиңби
Айтканымдын баарын эп көрүп
Бул бечара жүрө берет дедиңби
Көнө берет дедиңби
Кайырма:
Тумчугамын, түбү жок санааларга батамын,
Бийиктерге жетелейт ак батасы атамдын,
Издеп жүргөн бейишим таманында апанын.
Азаматты эр кылган бата болот турбайбы,
Жашоодогу дөөлөтүң ата болот турбайбы,
Жаман жүрсөң ичинен капа болот турбайбы.
Түгөнбөгөн берекең апа болот турбайбы,
Үйүңдөгү базарың бала болот турбайбы.
Көзүңдү ачып-жумганча кеч кирет да, таң атат,
Сыйлашалы кел, досум, өмүр өтүп баратат,
Тирүүлүктө адамдар бири-бирине аманат.
Бешик көркү бөлөнгөн бөбөк болот турбайбы,
Агасына иниси жөлөк болот турбайбы.
Бир туугандар бир үйдө өзөк болот турбайбы,
Бой жеткенде үй-жайың бөлөк болот турбайбы,
Карыганда неберең эрмек болот турбайбы.
Ташы менен урганды, ашың менен тосуп ал,
Турмуш деген татаал жол, жакшы чөйрө күтүп ал.
Түбөлүктүү жарыңды алып качпай, сүйүп ал.
Жалынсаң да токтобос өмүр болот турбайбы,
Назиктердин назиги көңүл болот турбайбы.
Тууганыңдан жакыны коңшу болот турбайбы,
Акыретте жаныңда досуң болот турбайбы.
Балалыгың жомоктой эсте калат турбайбы,
Өмүр өтсө бул денең жерде калат турбайбы.
Өмүр өтсө бул денең жерде калат турбайбы,
Бектер кетип, кайра эле элдер калат турбайбы.
Сөзү : Жалил Садыковдуку
Обону : Апаз Жайнаковдуку
Эй, кара көз татынам,
Ой, кара көз татынам.
Келчи бери тартынба,
Келчи бийге чакырам.
Ой, кара көз татынам,
Кантип сырым жашырам.
Сыласам дейм бий бийлеп,
Сенин кара чачыңдан.
Бий бийлесем сен менен,
Ийе кармап белиңден.
Уккум келет астыртан,
Шыбыраган кезиңден.
Шаттыгыңа бөлөчү,
Кубанычка бөлөчү.
Сүйкүм назик жүзүңдү,
Көкүрөккө жөлөчү.
Келчи шыдыр жөнөчү,
Келчи шыдыр жөнөчү.
Бий бийлешкен жигиттин,
Көккө жетсин төбөсү.
Ак боз үйлөр жипке тизген шурудай,
Жашыл төрдүн ээлеп оюн- жылгасын.
Ак чуудалуу булут көчүп аскадан,
Тоо мемиреп тыңшап үнүн улардын.
Шүүдүрүмдү аралай чаап жүгүрүп,
Жашыл төрдө кулун, тайдай туйлаган,
Балалыкка күчөйт эңсөөм, кумарым.
Айлуу түндө сүтак сайрап маңдайда,
Акак таштуу булак ыры жаңырган.
Ак чөлмөктүн кызыгына берилип,
Жайдын жумшак буурул таңын атырган.
Чоң энемдин тыңшап сыйкыр жомогун,
Кыялдардын дүйнөсүнө тартылган,
Балалыкка күчөйт эңсөөм, кумарым.
Кашка-Суунун ак чабагын үркүтүп,
Жорго минип жол учугун улаган.
Ат жалында шамал менен жарышып,
Тоолуктардын мукам ырын ырдаган.
Өмүрүмдүн гүл азыгын, башатын,
Айта берип түгөтө албас эч качан,
Балалыкка, күчөйт эңсөөм, кумарым.
Сөзү : Т.Байзаковдуку
Обону : Апаз Жайнаковдуку
Ала-Тоо ак калпагын кийген кезде,
Аскасы көк асманга тийген кезде.
Мен дагы жолго чыгам танды тосо,
Кучактайм ой кырларын нурга кошо
Улуусуң кыргыз жери нурдан бүткөн,
Сулуусуң кыргыз жери ырдан бүткөн.
Ысык-Көл жердин көркү кырлар кашы,
Адырлар көкүрөгү, токой чачы.
Дайралар кан тамыры чоку тажы,
Сендеби топчулары ар бир ташы.
Кең туздуу, гүл денелүү кыргыз жери,
Күн жүздүү берекелүү кыргыз жери.
Жылдыздар көк бетинен өчкөн кезде,
Жарык нур жер жамалын өпкөн кезде.
Көл чалкып тоолор койнун ачкан кезде,
Дил жаркып таө күлкүсүн чачкан кезде.
Көркүңө көрк кошулат кыргыз жери,
Сезилет ата-энелик мээримдери.
Ботодой болгон көзүңдөн,
Кылыктуу чыккан сөзүңдөн.
Гүл өстүрүп алсамчы,
Гүлдөн артык өзүңдөн.
Кайырма:
Ак гүлүм, ай, ак гүлүм,
Сага жетпейт таттуу үнүм.
Кел басалы жанашып,
Көрккө бөлөп жаз күнүн.
Ак гүлүм, ай, ак гүлүм,
Сага жетпейт таттуу үнүм.
Кел басалы жанашып,
Көрккө бөлөп жаз күнүн.
Тал чыбыктай чоюлган,
Элик бир мүчө боюңдан.
Түнөк таап алсамчы,
Түйүнчөктөй сыныңдан.
Кайырма:
Олоң кара чачыңдан,
Татынакай атыңдан.
Ачык айтсам, жүрөктүн,
Ардагысың катылган.
Кайырма:
Экөөбүз өзгөчө ынакпыз,
Бирок неге өгөй булакпыз?
Көңүлдөр келишип турса да,
Өмүрлөр ар башка, ыраакпыз.
Кайырма:
Эй, ээлиге ээрчишпей экөөбүз,
Ой, эзилтет зар дүйнө, эки өйүз.
Улутунуп, кайра умтулуп,
Өмүрдөн биз өксүп өтөрбүз.
Асманга көрк бербейт жалгыз куш,
Биз турмушта неге жалгызбыз?
Билгенге чачылган шурубуз,
Билбеске ачылбас сандыкпыз.
Кайырма:
Жанашып өспөгөн чынарбыз,
Адашып үн салган уларбыз.
Жашоого бүтпөгөн арманбыз,
Жаштыкка канбаган кумарбыз.
Кайырма:
Сөзү : Кыялбек Урманбетовдуку
Обону : Жазгүл Жумаканованыкы
Намысын колго кармап алга жүргөн,
Мекендин кадыр-баркын жандай сүйгөн.
"Акыйкат орносун" деп тилек кылып,
Айтылуу ак шумкарым чыккан элден.
Кайырма:
Көкөлөп, ак шумкарым, уча бергин,
Көксөгөн Ала-Тоодой сенин демиң.
Сабалап бийигиңден көз чаптырып,
Сактагын бейпилдигин кыргыз элдин.
Кайратың ашып-ташып кете берсин,
Калкыңа кадыр-баркың өсө берсин.
Жасаган эмгегиңдин жемишин көр,
Жараткан жакшылыгын бере берсин.
Кайырма:
Элимде кыянаттык болбосо экен,
Эгемен ырыскысы орносо экен.
Эл-журтум ырахатта узак жашап,
Эр Манас бабам өзү колдосо экен.
Жаңыргансыйт Ала-Тоодон добушуң,
Жашаргансыйт байыркы ата конушуң.
Сагындырып неге мынча кеч келдиң?
Салам, сага санжыралуу Ноорузум!
Кел, Ноорузум, арыш керип артынган,
Кереметтей ар бир үйдө айтылган.
Кеч болсо да кезикчү кез бар экен,
Кел, Ноорузум, кучагыма кысайын.
Нурга бөлөп талаа-түздү, тоо учун,
Улам бийик угулууда добушуң.
Сагындырып неге мынча кеч келдиң?
Салам, сага санжыралуу Ноорузум!
Сөзү : Т.Шайдулаеваныкы
Обону : А.Жайнаковдуку
Жарыгы ай нурунун токтоп өткөн,
Жамалын Чолпон жылдыз жаба төккөн.
Жаз сайын жасанат дейт бактылуу тоо,
Кучактап койнунда айгүл өскөн.
Тагдырын таштак тоого байлап койгон,
Тамырын терең дешет айгүлүнүн.
Ошондуктан бийик өсөт, сулуу өсөт,
Көркүнө тартылалы ай жүзүнүн.
Шаңкайып ай чыкканда ал ачылат,
Нурлары асман-жерге бүт чачырап.
Ай менен гүлдүн ыйык арзуусунан,
Тоо бети кыпкызыл бир гүлгө айланат.
Алтындан, ай, айылымдын аймагы
Кырман толду, кызыл буудай жайнады.
Кандай сонун, берекенин гүлүндөй,
Мекенимде токчулуктун майрамы!
Нур заман, нур заман,
Мекенимде токчулуктун майрамы!
Жапырт туруп, билек түрүп жаш-кары,
Кырман толду, эмгек темпи кайнады.
Ушул бейпил, ушул тынчтык, нур заман,
Мекенимде токчулуктун майрамы!
Нур заман, нур заман,
Өлкөбүздө токчулуктун майрамы!
Шаңдуу чыгып ырахаттын сайраны,
Кырман толду, ак буудайы, ак наны.
Эмгек сүйгөн көп улуттуу элимде, жеримде,
Мекенимде токчулуктун майрамы!
Нур заман, нур заман,
Ала-Тоодо токчулуктун майрамы!br>
Олтурамын бөлмө караңгы,
Ыр жүзүндө жаздым саламды.
Сен жок менин ырым жок,
Сенсиз мага жашоо жок,
Дүйнө мага сенсиз караңгы
Күлгөнү сага окшобой,
Көңүлүм сенден ойгонбой
Дүйнө мага сенсиз караңгы.
Олурамын ичип шарапты,
Күндөн-күнгө болбой барамбы.
Бара турган алым жок,
Баса турган дарман жок,
Бөлмө бүгүн өтө караңгы.
Башкага жүрөк чапкан жок,
Сендей издеп тапкан жок,
Дүйнө мага сенсиз караңгы.
Азгырылдын жаман абалым,
Жалгыздыктын тарттым азабын.
Жөлөп турган өзүң жок,
Айтып турган кебиң жок,
Азыр мага дүйнө караңгы.
Башкага жүрөк чапкан жок,
Сендей издеп тапкан жок,
Дүйнө мага сенсиз караңгы.
|