|
Сөзү : Надырбек Алымбековдуку
Обону : Апаз Жайнаковдуку
Кымбатым, кыйнабачы, кыйналбачы,
Кыйналган көңүлдөргө жыргал кайсы?
Армансыз жыргал издеп өмүр шашат,
Адамдын мынча неге ылдам жашы?
Кайырма:
Оо, сулуу, түңүлдүрбө, түңүлбөчү,
Кут төгүп бешенеңден күлмүңдөчү.
Кумсарткан кусалыгың куруп кетсин,
Кумардын мен эңсеген гүлүн берчи.
Асылым, сындабачы, сындатпачы,
Сыздатпай жүрөгүмдү, урматтачы.
Ак сүттөй арзуу издеп, көңүл шашат,
Адамдын мынча неге кымбат жашы?
Кайырма:
Жалжалым, таарынтпачы, таарынбачы,
Жабырдын кочкул гүлүн тагынбачы.
Аземдеп жашыл кийип жаштык шашат,
Адамдын мынча неге ылдам жашы?
Кайырма:
Сөзү : Тотомидин Жолдошовдуку
Обону : Тотомидин Жолдошовдуку
Айтчы, секет, сендей асыл, сендей асыл жалжалды
Ай периси апак төрөп, апак төрөп салганбы?
Же жаңылыш жылдыздын бир, жылдыздын бир сыныгы
Жымың эте жерге түшүп, жерге түшүп калганбы?
Айтчы, секет, сендей назик, сендей назик кептерди
Ким төрөгөн, гүл жыпарын, гүл жыпарын сепкенби?
Же кокустан күндүн жалгыз, күндүн жалгыз тамчысы
Күлпүң эте жерге, жерге түшүп калганбы?
Чолпон сүрдөйт сулуулугун өчүрүп
Андан ашкан Чолпон бардай, Чолпон бардай сезилет.
Сымбатыңды сыдыргыга, сыдыргыга тарткандай
Сезимиме жазып алдым, жазып алдым көчүрүп.
Биз жолуктук, билбейм, качан сүйгөнмүн,
Ээлеп алдың жүрөк эркин сен бүгүн.
Бир өзүңө жолукканга бир жолу эмес,
Тагдырга миң ырахмат.
Бизди кошкон өмүр бою
Ошол бейпил түн үчүн.
Мен өмүрдө далай жолу ыйладым,
Мээрим издеп, өзүмдү өзүм кыйнадым.
Жолукканда көзүң карап,
Ошол күнү эң биринчи өзүңө.
Бүгүн дегдеп, жүрөк толкуп,
Көлкүлдөдүм, көөдөнүмө сыйбадым.
Ошондогу сулуулугу, ай, дүйнөнүн,
Мен Жер шарын бүт кыдырып жүргөнмүн.
Билбесем да,
Бар экенин бул дүйнөдө,
Бул жашоодо ак сүйүү,
Бир өзүңө эрте-кечтир жолугарым билгенмин.
Сулуу жазып атыӊды актай баракка,
Сууга келчү жолуӊду тосуп атканда.
Сага деген сезимим ошол дайрада,
Сүзүп өтчү алдыӊдан сууну аларда.
Кайырма:
Жаш кыз элеӊ анда секелек,
Он жетиге жашы жете элек.
Жаштык сезим биз менен ойнойт,
Бирде сен-мени жетелеп.
Биз сүйлөшүп гүл бактан,
Бир гүл өсчү сени баккан.
Үзгүн дедиӊ, үзбөдүм,
Көӊүлүӊдү сенин аяган.
Он жыл өтүп арадан эми жолуктум,
Кээде сени унутуп, сен деп оорудум.
Баягыдай жылдыздуу, жапжаш экенсиӊ,
Башыӊда эле болбосо, аппак жолугуӊ.
Кайырма:
Жаш кыз элеӊ анда секелек,
Он жетиге жашы жете элек.
Жаштык сезим биз менен ойнойт,
Бирде сен-мени жетелеп.
Биз сүйлөшүп гүл бактан,
Бир гүл өсчү сени баккан.
Үзгүн дедиӊ, үзбөдүм,
Көӊүлүӊдү сенин аяган.
Кош деп айтпайм мен сага, айтпай жүрөмүн,
Жүрөгүмдү карытат ичтен түйгөнүм.
Башка дүйнө болсо эгер, кайра жолугам,
Сен мендиксин, мен сендик болом сүйгөнүң.
Кайырма:
Жаш кыз элеӊ анда секелек,
Он жетиге жашы жете элек.
Жаштык сезим биз менен ойнойт,
Бирде сен-мени жетелеп.
Биз сүйлөшүп гүл бактан,
Бир гүл өсчү сени баккан.
Үзгүн дедиӊ, үзбөдүм,
Көӊүлүӊдү сенин аяган.
Аралап шаар ичин басып жүрдүм,
Андагы ак буурул түн эсиңдеби?
Ойгонуп уйкусунан жымыңдашкан,
Оттору Бишкегимдин кечиндеги.
Убакыт суудай акты, унутпадым,
Ачылган аппак гүлдөй күлгөнүңдү.
Ал түндү айта бердим жетине албай,
Калтырбай бул дүйнөдөн билгенимди.
Үн катпай мени тиктейт бак-дарактар,
Жүрөктө сагынычыма карашкансыйт.
Негедир канаттуулар учуп өтсө,
Сезилет сени көздөй бараткансып.
Эстеймин элесиңе көзүм канбай,
Азыр мен амалым жок, алыс жакта.
Түшүмдө күндө сени жолуктурган,
Ырахмат миң мертебе махабатка.
Бишкегимди сагынганда....
Бакытты эмне десем, баланын өзү тура.
Жанымды элжиреткен, жагымдуу сөзү тура.
Боорума бек кучактап, баламды сүйүп турам
Жан дүйнөм толуп-ташып, бакытка тунуп турам.
Өзүңө жаным балам көңүлүм буруп турам,
Жанымда сен бар үчүн, жазылып күлүп турам.
Боорума бек кучактап, баламды сүйүп турам
Жан дүйнөм толуп-ташып, бакытка тунуп турам.
Сен менин алтынымсың
Медерим, таалайымсың,
Айланып кетейиним
Сен менин бакытымсың
Боорума бек кучактап, баламды сүйүп турам
Жан дүйнөм толуп-ташып, бакытка тунуп турам.
Күн эмнеге, эмнеге батпай койду сен жокто?
Таң эмнеге, эмнеге атпай койду сен жокто?
Көмүскө жандай суз болуп, көңүлүм чөктү сен жокто.
Көзүмдүн жашын көрсөтпөй кылгырып төктүм сен жокто...
Куштар неге эмнеге, сайраган жок сен жокто?
Гүлдөр неге, эмнеге жайнаган жок сен жокто?
Булактын мөлтүр агымы акпады токтоп сен жокто
Сайраган булбул үнү да жакпады жанга сен жокто...
Жашоо мага түшүнсөң кермек болду сен жокто,
Жалгызчылык жадатып эзмек болчу сен жокто,
Эстеген сайын эзилип мукануу жаным сен жокто
Үмүтүм тоодой сезилип кыйналуу жаным сен жокто...
Сагынычым жалбырактай дилдиреп,
Күтүп жатсам карааныңа сабылып.
Куса толгон көздөрүмө үңүлбөй,
Сурайсың да жүрдүңбү деп сагынып.
Билип туруп болгонсуйсуң билмексен,
Турмуш дайым толуп турбайт, кеми көп.
Жүрөгүмө катып жүрсөм өзүңдү,
Сурайсың да "Сүйөсүңбү мени?" деп.
Жолуң тосуп жакшы ойлорду жаратып,
Мен өзүңдөн бактым болор эми деп.
Убайымга салып учкул дүйнөмдү,
Сурайсың да "Эстейсиңби мени?" деп.
Көкүрөккө, көңүлүмө салбай ой,
Оо, Жараткан суранычым угуп кой.
Жөлөп турган, тиреп турган тирегим,
Ала-Тоомду, ата-энемди аман кой.
Оо, Жараткан, сактай көр!
Оо, Жараткан, сактай көр!
Жөлөп турган, тиреп турган тирегим,
Ала-Тоомду, ата-энемди сактай көр!
Жан дүйнөмө эми салбай эссиз ой,
Оо, Жараткан жалынычым угуп кой.
Өзүң жар бол, жамандыкты көрсөтпө,
Өмүрлүк жар, сүйгөнүмдү аман кой.
Оо, Жараткан, сактай көр!
Оо, Жараткан, сактай көр!
Өзүң жар бол, жамандыкты көрсөтпө,
Өмүрлүк жар, сүйгөнүмдү сактай көр!
Жаратканым өтүнүчүм угуп кой,
Жүдөмүштүү жүрөгүмө салба ой.
Бар үмүтүм, ак тилегим жашоомдун,
Ай чырайлуу балдарымды аман кой.
Оо, Жараткан, сактай көр!
Оо, Жараткан, сактай көр!
Бар үмүтүм, ак тилегим жашоомдун,
Ай чырайлуу балдарымды сактай көр!
Ата-энемди, бир тууганды сактай көр!
Өмүрлүк жар, сүйгөнүмдү сактай көр!
Козгобо жүрөк жарасын
Дарысын кайдан табасың
Дартыма даба сен болуп
Алтыным мага жагасың
Жолуксак күндө эле, күндө эле
Жүрөгүң муз беле
Кыйнадың сен неге, сен неге
Кыйнадың сен неге, сен неге
Аай, Айзирек
Кайырма:
Айзирек, Айзирек
Кыйнадың алтыным
Жолубуз кайчы деп
Аа, Айзирек
От болуп күйүп жанамын
Жообуңду качан аламын
Өзүңдү тагдыр буюруса
Өмүрлөш кылып алайын
Сыр болуп мага да, мага да
Кыйнадың садага, садага
Кетпечи башкага, башкага
Чылаба арманга, аа, Айзирек
Кайырма:
Жолуксак күндө эле, күндө эле
Жүрөгүң муз беле
Кыйнадың сен неге, сен неге
Кыйнадың сен неге, сен неге
Аай, Айзирек
Кайырма:
Өмүр чиркин суудай агылып,
Балалыгым кетти агызып.
Узадыбы менден билинбей,
Же кеттиңби мага таарынып.
Кайырма:
Айланайын алтын балалык,
Сенде кетти аруу тазалык.
Жолугалы дагы бир өмүрдө,
Түбөлүккө бирге калалык.
Айланайын алтын балалык.
Куштай сызып канат кагылып,
Айылыма келдим сагынып,
Көздөн учат ширин балалык,
Кайда калдың менден жашынып
Кайырма:
Айланайын алтын балалык,
Сенде элего аруу тазалык.
Жолугалы дагы бир өмүрдө,
Түбөлүккө бирге калалык.
Айланайын алтын балалык,
Мезгил чиркин суудай агылып
Балалыгым кетти агызып
Узадыбы менден билинбей,
Же кеттиңби мага таарынып
Кайырма:
Кагылайын ширин балалык
Сенде элего аруу тазалык.
Жолугалы дагы бир өмүрдө,
Түбөлүккө бирге калалык.
Айланайын алтын балалык,
Кайда калды биздин балалык
Жалооруй жалжал карашып,
Жанаша басып бараттык.
Себелеп күздүн жамгыры,
Сезимди турду тазартып.
Кайырма:
Жүрөктүн башын муң чалып,
Жүрдүм го жаным муңканып.
Жайдары күлкүң уга албай,
Жабыркап бүттүм кыйналып.
Жүзүңдөн жамгыр шорголоп,
Кол чатыр тостум корголоп.
Албырып жүзүм от болуп,
Өрттөнүп күйөм алоолоп.
Жымыңдайт шаардын оттору,
Кызык го өмүр жолдору.
Апакай тишиң жаркырап,
Арманым кайда жоголду.
Кайырма
Жаш курак кайда жайнаган,
Жалбырак неге саргайган.
Жаздагы жашыл бүчүрдөй,
Жаңырсак гүлүм кайрадан.
|