|
Аксаткындын селкинчек,
Андай теппей мындай теп.
Бурулчанын селкинчек,
Бурбай теппей мындай теп.
Ойноп,ойноп алгыла,
Ойрон калаар бул дүйнө.
Күлүп,күлүп алгыла,
Күмүрөң калаар бул дүйнө.
Кайырма:
Жашыл жоолук дүрдөй жан,
Жаңы ачылган гүлдөй жан.
Кызыл жоолук дүрдөй жан,
Кыз-келиндер гүлдөй жан.
Бурулчанын селкинчек,
Бурбай тепчи келинчек.
Сүйүмкандын селкинчек,
Сүйлөп тепчи келинчек.
Биз болбосок өмүрдө,
Кызыгы жок кыздар ай.
Тамылжыган жүзүңдүн,
Кызылы жок кыздар ай.
Кайырма:
Аксаткындын селкинчек,
Андай теппей мындай теп.
Бурулчанын селкинчек,
Бурбай теппей мындай теп.
Селкилердин колунан
Секин кармап алабыз,
Түн уйкудан ойготуп
Сарсанаага салабыз
Кайырма:
Сезимдерге ай нурундай себилген,
Бизде жашайт унутулгус көз ирмем.
Саамайымдан эркелетип сылаган,
Ал кезекти чыгарбаймын эсимден.
Кайырма:
Сенин сулуу көзүңдөн,
Күн шооласы төгүлгөн.
Бакытымды туямын мен,
Балдай таттуу сөзүңдөн.
Эсте калды унутулгус көз ирмем,
Жан эргитип сен да билген, мен билген.
Таалайымдын өзүң болдуң туткасы,
Бакытымсың буюрган бир Теңирден.
Кайырма:
Жолум тосуп ак гүлүңдү кармадың,
Күттүң чексиз, күтүүдөн эч талбадың.
Сен дүйнөмдү жазга оросоң, ардагым,
Мен да сага бир өзүмдү арнадым.
Кайырма:
Ошол күнү жамгыр жааган себелеп,
Көпкө жүрдүк көк шиберди тебелеп
Коштошордо токтоно албай алдым ыйлап,
Анткени мен сени, сүйсөм керек,
Кайырма:
Асылзатым
Сагынамын, сагынамын,
Сагынтып келем деп
Жүрсөң керек, асылзатым
Кайран күндөр өтүп жатат күтүү менен,
Күдөр үзбөй жолду карап үмүт менен,
Ыйлап-ыйлап кээде сага таарынсам да,
Ансайын өзүңдү сүйүп келем.
Кайырма:
Бүгүн дагы жамгыр турду себелеп,
А мен болсо кучагыңда эркелеп,
Билесиңби ушул күндү канча күттүм
А, балким сен дагы күтсөң керек...
Кайырма:
Сөзү : Жусуп Турусбековдуку
Обону : Атай Огонбаевдики
Жайдын бир толук кезинде,
Адырлуу тоонун бетинде.
Сан гүлдөн тандап бирди үзгөн,
Жайдары селки эсимде.
Өзүмдү сага берем деп,
Өмүрдүн гүлүн терем деп.
Сүйлөшкөн күндөр эсимде,
Турмуштун сыры тереңдеп.
Анттыңды ойлоп таңдагы,
Көңүлүм сенден калбады
Азыркы шайыр жаштардын,
Өзүңдөй болсо алганы.
Топурак-Бел, Шыбак-Бел,
Каттап жүрөм, Буракжан.
Калың элге жарыя,
Мактап жүрөм, Буракжан.
Белек алдым бир сага,
Сактап жүрөм, Буракжан.
Дилдеден оймок белегим,
Сенсиң го менин керегим.
Дал ортоңо жарашкан,
Көк тукаба желегиң.
Сууга барсаң көтөрүп,
Арчадан ийген челегиң.
Сууга барсаң көтөрүп,
Арчадан ийген челегиң.
Кызыл манат кыргагың,
Кызыкты, Бурак, ырдадым.
Кыялыңды сындадым,
Көргөндө сени ырдадым.
Алыста туруп, ак Бурак,
Астыртан колду булгадың.
Базар-Коргон аралап,
Сайга түштүң, Буракжан.
Баркыңды түзүк билбеген,
Жайга түштүң, Буракжан.
Баркыңды түзүк билбеген,
Жайга түштүң, Буракжан.
Арпачынын агасы,
Асылың беле, Буракжан?
Эсимдесиң, ырдадым,
Сени кыйла, Буракжан.
Алганым сендей болбосо,
Арман дүйнө, Буракжан.
Элет-кыштак Из-Баскан,
Базарыңыз, Буракжан.
Өттү бизге өзгөчө
Азарыңыз, Буракжан.
Өттү бизге өзгөчө
Азарыңыз, Буракжан.
Кош дарбаза коргонуң,
Канакей көңүл койгонуң?
Көңүл үзбөй бир жүрчү,
Кадырманым болбодуң.
Көз артканды билбейсиң,
Көбүн көзгө илбейсиң.
Көңүлүң бар жигитке,
Көрүнүш берип сүйбөйсүң.
Буракжан, сен деп боздодум,
Боздогонум койбодум.
Сөзү : Ш.Салпиев
Обону : Б.Мамаев
Сүйүшөт көп жигиттер суктанып сага гана,
Таалайым сенден издейм, талапкер болуп сага,
Мен дагы арнап келем сүйүүмдү, жаным, садагам.
Бир болсо ойлорубуз үзүлбөйт колдорубуз,
Түбөлүк бир болобуз, түз болот жолдорубуз,
Баары бир жетем сага, батпачы, жаным, санаага.
Арнадым, тандадым, болоюн ардагың,
Буюрса, нике кайып.
Ардагым, калбагын, болбоюн арманың.
Сүйүшсө көп жигиттер аларда эмне айып?
Сүзө албайт көк деңизде калаксыз калган кайык,
Сүйүшкөн жандарбыз го, кайгырба, жаным, садагам.
Сен болсо алтын балык, мен болсо торду жайып,
Өзүмдүк кылып алам, буюрса, нике кайып,
Ардагым болоруң чын, алдырба, жаным, санаага.
Кайырма:
Сөзү : С. Абдыкадырованыкы
Обону : К. Эралиеваныкы
Тоо гүлүндөй жытыңан тебеленем
Чарк айланып бала үчүн эбеленем
Отко сууга канаты кайрылса да
Түтөт тура баарына эне деген
Кайырма:
Кумарланам ансайын
Жытынан искеп
Садага деп айдайым
Садага деп күндөйүм
Апакең алкап
Ак сүйүүдөн жаралган наристеби
Аппак ууздай таптаза периштеби
Бала деген жүрөктү толгоп турган
Кандай ыйык ал сезим деги ичтеги
Кайырма:
Мен эненин бир эрке баласы элем
Өтөт тура зуулдап өмүр деген
Мына бүгүн мен өзүм эне болуп
Эзилишип олтурам балам менен
Кайырма:
|