|
Канатым жоктугунан сабалап жете албайм,
Сабырым бүт түгөнүп, санааркап кээде сыздайм.
Күйбөгөн үмүт болуп жалбырттап жалбарасың,
Башканы билбейм, билбейм, мен үчүн сен ганасың.
Келер деп эртели-кеч алысты көздөгөндөй,
Өзүңө жолукканча өзүмдү сезбегенмин.
Көңүлдүн туюгуна көшөрө чабалычы,
Ак сүйүү, махабаттын ачкычын табалычы.
Бир болуп тагдыр жазбас, кыйналып, кыялданам,
Үзүлгөн карааныңды үлбүрөп карап турам.
Боюңа боюм таштап, эркиңе эрүүчүмүн,
Башканы билбейм, билбейм, мен үчүн бир өзүңсүң.
Сөзү : Надырбек Алымбековдуку
Обону : Апаз Жайнаковдуку
Ошондойбу, оо, сулуу, ошондойбу?
Ошол үчүн жүрөгүң озондойбу?
Ыгы жоктук кетирсем кечирип кой,
Ыза болуп көңүлүң бошоңдойбу?
Кайырма:
Оор тийсе ошондо, ошондогум,
Ойлой берип мен дагы бошоңдодум.
Кирсиз, таза тилектер кайда калды?
Ким көтөрөт көңүлдүн бозоргонун?
Тамашаңбы, чыныңбы, жалганыңбы?
Жалган айтып мен сени алдадымбы?
Арзуу толгон жүрөгүм бирөө эле,
Аясаңчы, козгобой арманымды...
Кайырма:
Ушундайбы, оо, сулуу, ушундайбы?
Ушул үчүн жүрөгүң тызылдайбы?
Арзуу толгон жүрөгүм бирөө эле,
Аясаңчы, козгобой арманымды...
Кайырма:
Сөзү : М.Тураеваныкы
Обону : А.Жайнаковдуку
Жүр ээрчишип кетели өрүкзарга,
Сунушумду суранам, четке какпа.
Сүйүүбүзгө жолугуп айлуу түндө,
Сыйыналы бир келген бактыбызга.
Мөл булакка барабыз ай тоскону
Ат жалында шамалда ойношкону.
Кечикпейли бир келген бактыбыздан,
Өрүкзарга кетели, макул болчу.
Айлуу түндө никелеп сүйүүбүздү,
Өрүкзарга чачалы күлкүбүздү.
Жылдыздарды терели чачыласын,
Булактарга сүйдүрүп жүзүбүздү.
Кечикпейли бир келген бактыбыздан,
Өрүкзарга кетели, макул болчу.
Сагынып сага жазган каттарымды,
Билбедим же жактырбай жатканыңды.
Же күздүн бүркүмүнө бүктөп коюп,
Саргайган жалбырактай катканыңбы?
Бир кезде мага жазган каттарыңды,
Көргөзбөй жан адамга катпадымбы.
Сезимден жүрөгүмө уя салып,
Үлбүрөп балапандай бакпадымбы.
Бакпадымбы, каттарымды катпадыңбы?
Өзүңдү күттүм неге?
Өкүнүп бүттүм дебе.
Жарашып алсынчы деп,
Жаштык кез күтмөк беле?
Күн өттүбү, арадан ай өттүбү,
Сезбей калдым, сезимди түнөттүмбү?
Жообуң күтүп жол карап сен деп жүрсөм,
Жолоочудай жөн гана түз өттүңбү?
Канча ирет карааныңа жагалдандым,
Апкаарып айтар сөздү таба албадым.
Сагынсам да саргайып, жаным, бирок,
Батынып мен жаныңа бара албадым.
Бара албадым, таба албадым, жагалдандым.
Таарынба, садагам, таарынба,
Жалооруп сен мага кайгырба.
Жанаша сен басып ал менен,
Көңүлдү сен антип калтырба.
Башында сен жүрдүң каткырып,
Сүйөм деп сен мени жактырып.
Эгерде чын сүйсөң сен мени,
Кетесиң эмне үчүн калтырып?
Сен тиктеп менин, ай, көзүмө,
"Кечир" деп ыйладың өкүнө.
Ошондо сенин сөзүңдү угуп,
Калтырап кеттим мен буулугуп.
Себебин уктум мен акыры,
Ата-энең бербептир тагдырды.
Болтуруп сени башка менен,
Кайгыга мени, ай, калтырды.
Оо, турмуш, сен неге таш боорсуң?
Таш боорсуң, сен неге таш боорсуң?
Бирине бирин, ай, сүйдүрүп,
Кайрадан эмне үчүн кошпойсуң?
Сөзү : Бактыгүл Чотурованыкы
Обону : Апаз Жайнаковдуку
Санаага салып, асылым, бактым,
Сары оору мончок сагыныч тактың.
Жомокто кайып болгон перимдей,
Жол учун үзүп кай жакка каттың?
Түнү-күн издеп, көзүм талгандай,
Түшкө кирбейсиң көңүл калгандай.
Жабыркап, жаным, азап чегемин,
Жалгыздык мага бүтпөс армандай.
Күтүп жаз-жайга өзүмдү азгырдым,
Күз жалбырагын жазып кат кылдым.
Кучактап мендей тапсаң өпкүн деп,
Кусалыгымды желге тапшырдың.
Баарынан кечтиң, жүрөктө жанган жылдыздар,
Аярлап күткөн ыйыктай боло алган жок.
Кол тийгиз таза, аруу деп жүргөн асылдар,
Мен сүйгөн бойдон жүрөктө жанып калган жок.
Үзүлүп түштү үлбүрөк назик сезимим,
Кубаты болчу жалындап күйгөн кезимдин.
Алоолоп эми сүйө албай калды бир жүрөк,
Күнөөлүү өзүм, күнөөлүү болсом, кечиргин.
Алоолоп эми сүйө албай калды бир жүрөк,
Күнөөлүү сенсиң, күнөөлүү болсом, кечиргин.
Бир адам эми эстебейт сени күнү-түн,
Жандырбайт эми байлантып сага үмүтүн.
Бийликтен кетүү, байлыктан кечүү опоңой,
Жоготуу сени кыямат болду мен үчүн.
Жан дүйнөм кыйрап, акылдан атың өчүрдүм...
|