|
Айлуу түн кимдерге экен,
А, балким ойносун деп биздге бекен
Телмирип терезеңден карабастан,
Суу бойлоп келеличи келсеңчи, эркем.
Булактын мөлтүр суусу кимдерге экен,
Булар да ичишет деп бизге бекен.
Сен барда башкаларды көрбөсөм да,
Булактын шары менен бирге кетем.
Өмүрдүн аккан балы кимдерге экен,
Өздөрү ичишет деп бизге бекен.
Өтсө күн, өмүр өтүп баратпайбы,
Өлбөскө бал ичели келсеңичи, эркем.
Сен кааласаң мүң тартайын чыдайын,
Мөлтүрөгөн бирдигиңди тунайын.
Тээ алыстан эңсеп келген жел болуп,
Байкатпастан жумшак чачың сылайын.
Бол десең гүлдөй жайнайын
Боз торгой болуп сайрайын
Өмүрдөгү өчпөс сүйүүмдү,
Жүрөгүм сага арнайын.
Сен бол десең гул болуудан качамбы,
Себеп келип көркөмдөйүн жаканды.
Алоолонуп аткан тандай нур болуп
Арылтайын жузүңдөгү капаңды.
Бол десең гүлдөй жана
Боз торгой болуп сайрайын
Өмүрдө өчпөс сүйүүмдү,
Өзүмдү сага арнайын.
Сен кааласаң анын баары мен болуп,
Сезим жанып чындап сүйөр тең болуп.
Жүрөгүңдөн түнөк ээлеп түбөлүк,
Жүрсөм болду өчпөс ысык дем болуп.
Бол десең гүлдөй жайнайын
Боз торгой болуп сайрайын
Өмүрдөгү өчпөс сүйүүмдү,
Жүрөгүм сага арнайын.
Сүйүү бир келет, сактай албадык,
Ак сүйүүнүн ишеничин актай албадык.
Кимде күнөө, кимде өкүнүч, тактай албадык.
Кайырма:
Элдешели, кел дешели,
Жарашалы, жарашалы, кечиришели.
Болдуң башканын сүйүмүш, жары,
Мен таппадым жараатыма болчу бир дары.
Кайта өзүмө, бол кайрадан сүйүү мунарым.
Кайырма:
Не бир сөз айтып, неден таарынттым?
Кайра түзүп, кайра жазам сүйүү тарыхын.
Кайталабай каталарын, чийип баарысын.
Кайырма:
Алдаба куру бекер сөзүң менен
Ансыз да жалыныңа күйүп келем
Ашыктык ак шооласын чачкан болсо Армансыз бул жашоодон өтпөйт белем
Элесиң эске түшсө эрке жансың
Энчилеп жүрөгүмдү ээлеп алдың
Көз караш күлмүңдөгөн сезим менен Күнөөсүз жүрөгүмдү эзип салдың
Алдаба куру бекер сөзүң менен
Ансыз да жалыныңа күйүп келем
Ашыктык ак шооласын чачкан болсо Армансыз бул жашоодон өтпөйт белем
Жалын жаштык, студенттик кез,
Сезилбестен өтөбү тез?
Кыялымда кала берди,
Түш сыяктуу жаркын элес.
Кайырма:
Студенттик күн азбы-көппү,
Кандай сонун күндөр өттү.
Эң кызык кез жаштыгымды,
Кайсы жакка алып кетти?
Билим алып, илим тапкан,
Алтын барак, калем саптан,
Махабаттын кулпун ачкан.
Студенттик күн баарыбыздын.
Ошол кезде чогуу жүргөн,
Сагынамын досторумду,
Баарыбызды тааныштырган,
Биз жашаган студенттик кез.
Кайырма:
Айылымдын аязында, аптабында,
Ал тургай топурак, чаң, баткагында,
Мээримдүү бир башкача жылуулук бар,
Мен, балким, байкабагам жаш чагымда.
Атама, апама окшош айылымсың,
Ааламда, бул дүйнөдө дайынымсың.
Алыста тагдыр мени алып жүрсө,
Акыры бир кайрылар байырымсың.
Адаммын, айылымдын жарчысымын
Ата-энемден арткан өмүр тамчысымын.
Арзыбасам жок дегенде босогого,
Атакем илип кеткен камчысымын.
Кызыл гүлдү тандасам,
Мен өзүңө арнасам.
Үзгөн гүлдүн жыттуусу да,
Сенсиң садагам.
Кайырма:
Өмүр чиркин бир келет,
Баарыбызга бак берет.
Маңдайыма жазылган,
Гүлүм сен белең, сүйүүм сен белең.
Жоогазындай жайнаган,
Мен өзүңдөн айланам.
Чыккым келбейт жаныңдан, ай,
Сага байланам.
Кайырма:
Гүлдөн гүлдү тандасам,
Мен өзүңө арнасам.
Топ кыздардын ичинен,
Сага арнасам...
Кайырма:
Сөзү : Э.Ибраевдики
Обону : А.Бедияровдуку
Таң шооласы нур чачканда,
Тал-теректер бүр ачканда.
Кыр-кырлардан кол булгалап,
Кызгалдактар гүл ачканда.
Кайырма:
Алга сүрөп үмүт гана,
Алоолонуп күйүп-жана.
Бар-жогума кайыл болуп,
Барам сага, барам сага.
Жылдыз көктө тагылганда,
Жылгадан суу агылганда.
Алтын сөйкө сыяктанып,
Ай кайрадан жаңырганда.
Кайырма:
Дайра толкуп агылганда,
Дарак жоолук салынганда.
Санаам сары саман болуп,
Сага карай агылганда.
Кайырма:
|