|
Махабатым туптунук, таза сезим, ак сезим,
Жүрөгүмдө жалын бар, аппак сүйүүм - бал ширин.
Мен өзүмчө кубанып, бактылуумун чеги жок,
Көңүлүмдө адам бар, жаманы жок, жалган жок.
Кайырма:
Суранарым, Жаратканым,
Бакытымдан айрыба, байлыгым - багым.
Болбос арман, муздак жалган,
Махабатка түбөлүк мас болуп калсам.
Суранарым, Жаратканым,
Бакытымдан айрыба, байлыгым - багым.
Болбос арман, муздак жалган,
Махабатка түбөлүк магдырап калсам.
Жайып сага кучагым, кыялымда күн болом,
Күндө сүйүп жүзүңдөн, ай кучактап түн болом.
Жан адамга айтпаган жүрөгүмдө сырым бар,
Сөздөн араң кураган махабаттан ырым бар.
Кайырма:
Сенин жарык жүзүңө кумарланам ар дайым,
Жан эргиткен сөзүңө жадырасын маанайым.
Сен жүргөндө жанымда сыр айтып чечилемин,
Келчи бүгүн жаныма, бардыгын кечиремин.
Кайырма:
Кел, арманым менин,
Кел, ардагым менин.
Кел, алтыным менин,
Келчи жаныма.
Кел, арманым менин,
Кел, ардагым менин.
Кел, алтыным менин,
Келчи, кел мага.
Балдай ширин сөзүңө үмүтүмдү жалгаймын,
Үлбүрөгөн жибектей көңүлүңдү табайын.
Катуу айтсам кечиргин, аруулансын тилегим,
Керек болсо ал, мына сага тартуу жүрөгүм.
Кайырма:
Сенин жарык жүзүңө кумарланам ар дайым,
Жан эргиткен сөзүңө жадырасын маанайым.
Сен жүргөндө жанымда сыр айтып чечилемин,
Келчи, келчи сен мага, бардыгын кечиремин.
Кайырма:
Сөзү : Нурмат Садыровдуку
Обону : Эдил Маматовдуку
Кол жетпеген көктөгү,
Көздөрүңдүн көркөмү.
Кыялдарым дайым жарышта,
Ай да нурун төккөнү,
Ак булутту өпкөнү,
Бийик учам сага барышка.
Кайырма:
Гүлүм, сага көңүлүм сенде гана,
Кызганып турат кабагың түйүп мага.
Жайна-жайна, ачылып гүлдөй жайна,
Сүйүп баратат жүрөгүм сени гана.
Өзүң болдуң эргиткен,
Таңдан кечке ээрчиткен.
Жан дүйнөмө сүйүү тартуулай,
Балдай ширин сөздөрүң
Эриндериң, көздөрүң
Сени көрүп мен да өзгөрдүм.
Кайырма:
Кагылайын, кара көзүм, мен сага
Байланам, ай, байланам.
Неге мынча мен өзүңдөн,
Айланам, ай, айланам?
Орду толбос бул өкүнүч мен үчүн
Кантейин, ай, кантейин?
Арга барбы тоскоол болгон жашыма
Жашыма, ай, жашыма.
Кайырма:
Оо, карындаш, секелегим,
Али бойго жетелегим.
Бактылуу бол,
Башка сөз жок өмүрдө.
Ала-Тоонун башындагы ак кардай
Сезимдериң таптаза.
Асмандагы Таң чолпондой жымыңдап
Көздөрүң, ай, башкача.
Сени көрүп сезимдерим тазарып
Кагылайын карындаш,
Бактылуу бол бажырайган секетим
Бажырайган секетим.
Кайырма:
Түн узун, кыймылы жок жымжырт кеч,
Ай калкыйт мунарыктуу күзгү көктөн.
Армандуу эң акыркы бийин бийлеп,
Жел жүрсө жалбырактар дирилдөөдө.
Адашкан махабатым, өзүңдү издеп,
Өмүрдүн жаз-жайында кездим дүйнө.
Эңсөөлөр деңиз болуп толкуп- ташып,
Мен сени табар бекем бул дүйнөдө?
Кайырма:
Турна, турна, турналар,
Кыш кабарын эске салып.
Турна, турна, турналар,
Жылуу жакка сапар артып.
Турна, турна, турналар,
Жашыл жазым алыс калды.
Турна, турна, турналар,
Махабаттын күүсүн кагып.
Турналар кышка баарын эске салып,
Кайтууда жылуу жакка сапар артып.
Кечээги жашыл жазым, алыс калды,
Кумар көз сулуулугун менден катып.
Адашкан махабатым, өзүңдү издеп,
Келемин көз таасирлүү обон салып.
Көөнөрбөс тунук сезим күйүп- жанып,
Жүрөгүм махабаттын күүсүн кагып.
Кайырма:
Жүрөгүмдү куйкалайсың жалындай,
Жүрө албаймын күндө сени сагынбай.
Мээ сергитет менде жүргөн элесиң,
Мелтиреген Ысык-Көлдүн таңындай.
Көзүң укмуш ак чыныда карагат,
Көп караба жүрөгүмдү жаралап.
Көөнүң болсо бир белгиңди түшүндүр,
Киши жалдап сүйө албаймын паралап.
Кээде бүркөө, кээде жарк дейт кабагың,
Кантип сенин кыялыңды табамын?
Мен өзүмдү эр көкүрөк көрсөм да,
Ээрчип жүргөн көлөкөңдөй санадың.
Кыйнабачы жүрөктөгү жарадай,
Кылгырбачы, койчу мени карабай.
Же күлүп кой, же кирпигиң ирмечи,
Куса болдум, сагынганым тарабай.
Үн жок, сөз жок томсоросуң турасың,
Ыйлап-ыйлап улутунган баладай.
Сөзү : Э.Ибраевдики
Обону : Г.Садыбакасованыкы
Жүзүңдү жабып сен жоолукка,
Жүрөсүң кимден коруна?
Кантсе да бир күн түшүрөм,
Сен үчүн жайган торума.
Кайырма:
Араб кызы Хадижа
Периштедей көркү бар.
Сулуулугуң жанда жок
Бир өзүңө мен кумар.
Периште сындуу чүрөксүң,
Табылбас мага мүрөксүң.
Өрттөнтүп мени баратат,
Көрсөтпөй жүзүң күлгөнүң.
Кайырма:
Араб кызы Хадижа
Периштедей көркү бар.
Сулуулугуң жанда жок
Бир өзүңө мен кумар.
|