|
Сырын катып ичиңен тумжурайсың,
Сынап мени дайыма унчукпайсың.
Санаа тарткан жүрөктү жабыркатып,
Табышмактай, зааркантат ушундайың
Көтөрүлгөн шамалга жалбырактай,
Таарынычың көңүлдү чаркка айлантат.
Айтпасаң да көзүңдөн көрүп турам,
Сезимдерди сендеги мен аркалап.
Көңүлүмдү сыздаттып оорутпачы,
Суусуз чөлдөй суусатып соолутпачы.
Ырыспайдын ырындай издеттирип,
Муңга толгон кайрыкка торутпачы.
Мындай таалай тилебегем Теңирден,
Мындай күндү күтпөгөнмүн же бир мен.
Эсим эки болуп турат, эркетай, эркетай,
Эриниңдин даамы кетпей эринден.
Арга жоктур буйругуна Кудайдын,
Аттиң, эрте көрбөгөнүм - бул айыбым.
Жакшы жатып, жакшы түш көр десем да,
Кош дегенге кантип гана чыдаймын?
Кыналышып бир жүрөккө бир жүрөк.
Үнсүз, сөзсүз көшүлөсүң үргүлөп.
Арта калсаң ак жумуру билегиң,
Ак алкымың үлбүрөктөн үлбүрөк.
Жан жыргатып жалбыз жыттуу илебиң,
Жабышты бек моюнума билегиң.
Мындан ары махабатты ырдаймын,
Махабаттын бар экенин билемин.
Жан дүйнөмө жагып турду жамалың,
Жалын чачып неге мени карадың.
Жандап баспай жалгыз кеттим садага
Жаш экенсиң жаштыгыңды аядым
Имирилип неге мынча карадың,
Ийик сымал ийрип жибин санаанын
Ишенимиң сынбасын деп садага
Ийнеликтей назиктигиң аядым.
Кирпигиңди кайра-кайра кададың,
Кайдан билдиң мен эмнени самадым
Катар баспай жалгыз кеттим садага,
Каухар сымал келбетиңди аядым
Оозун ачпай ооруп бүткөн жаранын
Ойлорумду жүрөгүмө камадым
Таарынбагын таттуу сөзүм укпасаң
Тамчы суудай тазалыгың аядым
Жаш экенсиң жаштыгыңды аядым
Сөзү : Какен Алмазбековдуку
Обону : Аксуубай Атабаевдики
Көрүшкөндө көздөр тике карабай,
Эки мүнөз уяң өскөн баладай.
Жүрөк сырын жүзүбүздөн байкашып,
Баратабыз гүлдүү бакты аралай.
Биз ал күнү таанышканбыз жаңыдан,
Жарым карыш чыккым келбейт жаныңдан.
Аппагыңды көрүп алчы дегенсип,
Аңгыча эле жарк дей түштү чагылган.
Жарк дегенде неге сени карадым,
Жүрөк булкуп жайнап турду жамалың.
Дагы, дагы жарк дей түшсө экен деп,
Ошондо мен чагылганды самадым.
Басылганча туралы деп кичине,
Баш катабыз бир күрмөнүн ичине.
Ошол күндү дал ошентип өткөрдүм,
Эмне мынча сүйүү кызык кишиге?
Жанаша талпынайын,
Жалыным тартуулайын.
Сен мени "күнүм" десеӊ,
Мен кантип жаркыбайын?
Бактыма эркелейин,
Жакшылык берсе деймин.
Бар болгун сен жанымда,
Башканы эӊсебеймин.
Кайырма:
Жылдызым жанып дайым,
Ырдайын, талыкпайын.
Махабат оору болсо,
Эч качан айыкпайын.
Гүлзарга айланайын,
Жолуӊду саймалайын.
Сен мени "жазым" десеӊ,
Мен кантип жайнабайын?
Керемет жомоктойбу?
Кезди ушул жоготпойлу.
Сезимди толукшуган,
Мезгилге тонотпойлу.
Кайырма:
Ыр болуп төгүлөйүн,
Нур болуп көрүнөйүн.
Сен мени "жаным" десеӊ,
Мен кантип бөлүнөйүн?
Ардагым, өмүрлөшүм,
Ар дайым көӊүлдөсүн.
Сакталып тунук бойдон,
Бактыбыз түгөнбөсүн.
Кайырма:
Ажайып бала кезиң эсиңдеби?
Алгачкы кыялдарың сезимдеги.
Ак чөлмөк, топ ойночу алтын курак,
Айлуу түн нурун төккөн кечиндеги.
Ажайып бала кезиң,
Алгачкы ойноок сезим,
Жан кызым, ай, эсиңдеби?
Кайрылгыс балалыгым эсимде эми,
Карылар кобурашкан кечиндеги.
Жылдыздар жанган түндө уктабастан,
Сагындым сыр төгүшкөн кезимди эми.
Жылдыздар жанган түндү,
Сагындым өткөн күндү,
Балалыгым эсимде эми.
Уурдалган бала кезиң эсиңдеби?
Учурда удургуткан сезимдерди.
Өйдөлөп калган кезде карап алып,
Өзүмө окшоштурам, кызым, сени.
Укмуштай бала кезиң,
Унутта калбас эч бир,
Бала кезиң эсиңдеби?
Алтындай балалыгым эсимде эми,
Алгачкы аруу, тунук сезим деми.
Артылат кусалыгым эстеп алып,
Ажайып ал күндөрүм келбес эми.
Алтындай бала кезим,
Алгачкы аруу сезим,
Апакебай, келбес эми.
Өмүрдө менин арка жөлөгүмсүң,
Өзүмө Кудай берген өбөгүмсүң.
Өкүнүп өтө көрбө бул жашоодон,
Жан кызым, жандай артык,
Жан апам, жандай артык көрөрүмсүң.
Өмүрдө жөлөгүмсүң,
Өзүмө өбөгүмсүң,
Жанымдай көрөрүмсүң.
Апакем, жөлөгүмсүң,
Жан кызым, өбөгүмсүң,
Жанымдай көрөрүмсүң.
"Армансыз жашоо болбойт бул жалганда",
Деп айткан сөзүн эстейм акылмандын.
Оо, кайран жаштык күндөр өтүп жатат,
Кантейин жете албадым, армандамын.
Кайырма:
Оо, жаштык күн кайда,
Биз өткөргөн түн кайда?
Махабатка кумар канбай,
Биз сунушкан гүл кайда?
Тоо жаңырта обон созгон,
Мага тааныш үн кайда?
Кайда-кайда, гүл кайда?
Мага тааныш үн кайда?
Тоо жаңырта обон созгон,
Мага тааныш үн кайда?
Күйдүрүп күндөн-күндө ачыласың,
Жомоктогу пери сымал азгырасың.
Өзүңсүз кайра күндөр өтүп жатат,
А мен арман дайрасында агыламын.
Кайырма:
Жүрчү, жаным, кетеличи тээ алыска,
Колду шилтеп, ушак сөз, кур намыска.
Бактылуу күндөр, балким, алдыдадыр,
Жетеличи бизди күткөн чоң бакытка.
Кайырма:
|