|
Сөзү : Ш. Дүйшеевдики
Обону : А. Отунчиевдики
Бийдин башы биймерген бий деп келгенбиз,
Жалгыз кылбай жашоону миңдеп келгенбиз.
Жакшы менен жаманды иргеп келгенбиз,
Желек кылып кайышты ийлеп келгенбиз,
Жер замандан бери эле бийлеп келгенбиз.
Кайырма:
Кел, келгиле бийлейли,
Кел-келибиз бир келди.
Келечек доор бир болсун,
Кең дүнүйө пир болсун.
Бириктирген кыргызды
Биздин бий болсун.
Эзелкинин шаңы бар элдин бийинде,
Эй, кыз-жигит, канакей эргип күлүңдө.
Күлүк деген күнүндө, күлкү үнүндө,
Сезим селдеп бий болсун сенин үйүңдө.
Тулпар деген тушунда кызык ушунда.
Кайырма:
Кел, баарыңар, кел, бийге, келген эл бирге,Түндү күнгө айлантып түшсүн жер бийге.Канаты бар элденбиз, кана, кел, бийле, Кудай берген бактыбыз кууса кетпесин,Теңир берген бактыбыз тепсе кетпесин!
Кайырма:
Ала-Тообуз пир болсун!
Атпай кыргыз бий болсун
Кол кармашкан элдерди
Кошуп турган бий болсун.
Кыргыз үнүн ааламга созгон бий болсун!
Аккуладай закымдап озгон бий болсун!
Обону : Ш. Кемелгазиеваныкы
Сөзү : С.Шимеевдики
Обону : Ү.Сыдыковдуку
Сени ойлосом, канат бүткөн көңүлгө,
Бек сакталып жүрөгүмдүн төрүндө.
Таалайымдын жаркыраган жылдызы,
Махабаттын гүлүн терген өмүргө.
Алыс жакта жүргөнүңдө сагынып,
Жалынчумун, жаным, сага кагылып.
Кирпик какпай таң атырам далай түн,
Карааныңды бир көргөнгө зарылып.
Сен унутсаң, мен унута албадым,
Элесиңди көңүлгө бек кармадым.
Менден башка бар турбайбы сүйгөнүң,
Анда неге сүйөм дедиң, алдадың?
Сөзү : Б. Арстанбекованыкы
Обону : М. Бостонкуловдуку
Көктө жылдыздар жаралган түн үчүн,
Ачылган гүлдөр нур чачкан күн үчүн,
Мен сен үчүн, сен мен үчүн.
Махабат, сүйүү жаралган ким үчүн?
Арзуу, тилектер арналган ким үчүн?
Мен сен үчүн, сен мен үчүн.
Кайырма:
Сен үчүн, мен үчүн махабат жаратылган,
Ашыктык кумары экөөбүз үчүн,
Сөзүбүз, оюбуз бир болсун ар дайым,
Түбөлүк бир жашайлы бактыбыз үчүн.
Асыл тилектер айтылган ким үчүн?
Аруу сезимдер арналган ким үчүн?
Мен сен үчүн, сен мен үчүн.
Сагынып күткөн өмүрлөр ким үчүн?
Жалындап күйгөн сезимдер ким үчүн?
Мен сен үчүн, сен мен үчүн.
Кайырма:
Сөзү : Г. Сатыбековдуку
Обону : Г. Сатыбековдуку
Сары-Челек көлдүн боюнда,
Сен экөөбүз түндүн коюнунда
Бирге отурсак арман жок эле.
Канат күүлөп калкып турам,
Чоң бакытка балкып турам,
Кээде түшүп сүйүү жалынга.
Жан дүйнөмө батпай келет,
Эмне дешти таппай келем
Бизди кошкон ушул тагдырга.
Тагдыр берген энчим менин,
Элжиретип эзбе мени,
Жаралдыңбы менин бактыма?
Токою бай, жер-жемиши,
Асыл жери, жер бейиши -
Жүрчү, жүрчү кеттик Аксыга.
Сары-Челек көлдүн боюнда,
Сен экөөбүз түндүн коюнунда
Таңды күтсөк арман жок эле.
Элинин да пейили сонун да,
Касиеттүү Аксы коюнунда
Өмүр сүрсөк арман жок эле.
Кашка-Суунун суусун кечип,
Бозбу-Атанын гүлүн терип,
Оюн салсак кечки адырда.
Жан кейиткен жамандардан,
Тажап бүттүм ушактардан,
Кетеличи жүрчү айылга.
Сары-Челек көлдүн боюнда,
Сен экөөбүз түндүн коюнунда
Таңды күтсөк арман жок эле.
Элинин да пейили сонун да,
Касиеттүү Аксы коюнунда
Өмүр сүрсөк арман жок эле,
Бир карысак арман жок эле.
Жылдызың күйүп жылмайдың жүрөк жаралап,
Жылыттың жанды от-жалын болуп аралап.
Жылгадан ылдый агылып мөлтүр булактай,
Жылуулук издейм өзүңдү көздөй, жан адам.
Жан алат, чиркин, жаралап дене-боюмду,
Жан алат, чиркин, жаралап асыл оюмду.
Жалгыздык деген жүрөгүм бүгүн кубанып,
Жаным, ай, күтөм күнүгө келчү жолуңду.
Үнүңдү уксам үлбүрөк сезим кубарып,
Үзүктөй болуп үмүтүм сенден уланып.
Жүгүргөн суудай кан-жаным сага тамырлайт,
Жүрөктү жүрөк сүйүүсү менен сугарып.
Сөзү : С. Жусуевдики
Обону : Г. Өмүрбекова
Гүлүм менин булуттарга бекинбечи,
Айым менин жашынбачы кечиндеси.
Гүлүм менин жаңы ачылган кызарып,
Мага жаккан жыпарыңды кетирбечи.
Жайнаган мөлтүр кара көзү,
Балдай ширин сөзү,
Арбап мени алды,
Суктандырып өзүн
Ардагым, айым, күнүм, жаным,
Жаңы аткан таңым
Түбөлүккө болчу,
Жүрөгүмдө дайым.
Суум менен агылбачы, коробочу,
Бакытыма барар жолду торобочу.
Ашыгымдан айрыбачы өтүнөрүм,
Мени аячы, арман мага жолобочу.
Кайырма:
Булбулумду ителгиге илдирбеймин,
Жүрөгүмдү уу тикенге тилдирбеймин.
Каалоосу жок түшүп калсаң капканына,
Канатына эч бир жанды тийгизбеймин
Ашыгымды мен эч кимге сүйгүзбөймүн.
Кайырма:
Сөзү : М. Осмоновдуку
Обону : А. Бекболиеваныкы
Кайырма:
Үйлөнүү тоюң кут болсун,
Үйүңө бакыт кушу консун.
Тамшанып жүрүп издеген, ай,
Татына кызга куш болдуң.
Жаркылдап күлүп, жайнаган гүлүн,
Үздүңөр бирге сүйүү гүлүн.
Түбөлүк сыйлап бириңди бириң,
Көтөрүш керек сүйүү жүгүн.
Кайырма:
Ак тойго келдим, ачылды эргүүм,
Батасы тийсин бүгүн элдин.
Жакшылык курчап жарашып турса,
Бардыгы болот ак тилек кылса.
Кайырма:
Сөзү : Ч. Сатаевдики
Обону : Ч. Сатаевдики
Кыргызымда бата бар,
Бата берген аталар.
Бата алган эр жигит,
Элин коргоп жоо сайса,
Шер жигит деп даңк алар.
Элин коргоп жоо сайган,
Манас алган ак бата.
Кыргызымдан бата алган,
Чыңгыз чыкты даңктана.
Наристе үнү жаңырып,
Адам келсе арага,
Жакшы тилек, жакшы үмүт,
Ага арналган ак бата,
Бата, бата, ак бата,
Элим берер ак бата.
Жамгырдан жер көгөргөндөй,
Батадан эл көгөрдү.
Бата алган кыз-келин,
Көшөгөсү көгөрүп,
Эр азамат төрөлдү.
Элим-журтум, уккула,
Кыргызымда той мына.
Улак тартмай, ат чапмай,
Эр жигиттер чыккыла.
Кошой атам кел мага,
Колдоо батаң бер мага.
Бакай атам кел мага,
Небереге той бердик,
Ак батаңды бер мага.
Элге карап кол жаят,
Той өткөргөн чоң ата.
Эмгек кылсам элиме,
Мээнет кылып жериме.
Элим берсе ак бата,
Эмгектенсең эр жигит, шер жигит,
Дем кошулар демиңе.
Эл-жер үчүн жан берген,
Чолпонбайга, Дүйшөнкулга ак бата.
Айланайын ак бата,
Кыргызымдын батасы,
Чыңгызымдын атагы,
Манас атам, кел мага,
Күч-кубатты бер мага.
Бакай атам, кел мага,
Ак сакалың жайкалтып,
Ак батаңды бер мага,
Бата, бата, ак бата,
Элим берер ак бата
Ак бата.
Өттү кундөр кубалашкан көпөлөк,
Жытын искеп өрөөн толгон гүлдөрдүн.
Өттү баары, ээлеп ордун кусалык,
Ал тарапта жалгыз калдың сен өзүң.
Өттү жаштык өз күчүнө ишенген,
Текеберлик издеп, жалан чындыкты.
Турмуш бийлеп кезектеги жашоодо,
Сүйүп кеттим, кара тору бир кызды.
Өрөөн алыс, гүлгө толгон жапжашыл,
Көпөлөктөр учпай калды кышында.
Чачка бурул топтогонбуз биз азыр,
Макул болуп, тагдыр деген ушуга.
Сөзү : М. Жангазиевдики
Обону : А. Дөөткуловдуку
Сөзү : Г. Сатыбековдуку
Обону : Г. Сатыбековдуку
Жубайыма же койсомбу айтып чынымды,
Угуп алгын эртең кеч го азыр ырымды.
Акыр бир күн билинер,
Канча жүрөм катып сырымды.
Кайырма:
Бир күн Бишкек, бир күн Ош,
Жинди болуп каламбы?
Колду шилтеп баарына мен
Ошко кетип каламбы?
Тентип кетем жетелеп,
Али жашсың эркелеп.
Эзип бүттүң го,
Жубайымды такыр чанамбы.
Биротоло Ошто каламбы?
Өкүмдарым дейсиң мени, Хюрремим менин.
Сен түбүмө жетесиң го,
Күйдүрдүң мени, күйдүрбө мени.
Атың өчкүр, сүйүү а,
Аста-секин алабы кегин.
Кайырма:
Атың өчкүр, сүйүү а,
Мына ушинтип алабы кегин
Бир күн Бишкек, бир күн Ош,
Жинди болуп каламбы?
Колду шилтеп кайра эле мен,
Чүйгө кетип каламбы?
Тентип кетем жетелеп,
Али жашсың эркелеп.
Билип бүттүм го,
Жубайымды дагы чанамбы?
Кайра эле Ошко барамбы?
Жаңыргансыйт Ала-Тоодон добушуң,
Жашаргансыйт байыркы ата-конушуң.
Сагындырып неге мынча кечиктиң,
Салам сага, санжыралуу Ноорузум
Кел Ноорузум арыш керип балкынган,
Кереметтер ар бир үйдө айтылган
Күткөн үмүт, ак тилектер ишке ашып,
Кошо келсин ырыскысы калкымдан.
Мол түшүмдүн кенчи болуп талаалар,
Моюн өңдүү гүлдөй берсин калаалар
Унутулуп капалыктар, кастыктар,
Жакшылыкка багышталсын санаалар.
Нурга бөлөп талаа-түздү, тоо учун,
Улам бийик агылууда добушуң.
Сагындырып, сагындырып келдиңби,
Салам сага, санжыралуу Ноорузум.
|