|
Сөзү : Т. Кожомбердиевдики
Обону : Ж.Кайыповдуку
Жүрөсүңөр жашап-иштеп алыста,
Чоло тийбейт ай өткөрбөй барышка.
Ак эмгекти актайын деп уулуңар,
Билим үчүн түшкөн узак жарышка.
Ойлоорсуңар санаа тартып, камыгып,
Садагалап, караанымдан кагылып.
Силер мени самагандай жол карап,
Мен да жүрөм өзүңөрдү сагынып.
Силер анда, мен күнчүлүк алысмын,
Заманамдан калбай келет жарышкым.
Алпештеген энем менен атакем,
Мен силерге өмүр бою карызмын.
Сөзү : Г.Сатыбековдуку
Обону : Г.Сатыбековдуку
Өмүр чиркин суудай агылып,
Балалыгым кетти агызып.
Узадыбы менден билинбей,
Же кеттиңби мага таарынып.
Кайырма:
Айланайын алтын балалык,
Сенде кетти аруу тазалык.
Жолугалы дагы бир өмүрдө,
Түбөлүккө бирге калалык.
Айланайын алтын балалык.
Куштай сызып канат кагылып,
Айылыма келдим сагынып,
Көздөн учат ширин балалык,
Кайда калдың менден жашынып
Кайырма:
Айланайын алтын балалык,
Сенде эле го аруу тазалык.
Жолугалы дагы бир өмүрдө,
Түбөлүккө бирге калалык.
Айланайын алтын балалык,
Кагылайын ширин балалык
Сенде элего аруу тазалык.
Жолугалы дагы бир өмүрдө,
Түбөлүккө бирге калалык.
Айланайын алтын балалык,
Кайда калды биздин балалык?
Сезилбестен, карачы, сызат айлар арасы,
Сызып учкан мезгилдин сынбаса экен канаты.
Кандай жапжаш, карачы, кар алдында балаты,
Калсын ошондой жаш бойдон карт тарыхтын канаты.
Кайырма:
Жылдар улап жылдарды жылып өтөт турбайбы,
Жаңы жылда дүйнөдө болбосо экен муң-кайгы,
Жаркып көңүл шаттанып, Жаңы жылым башталып,
Жаркын болсун ушул жыл жалпы адамзат бак табып.
Биздер үчүн күн-түнү болсун жашоо сүйкүмү,
Буюрса экен Жараткан бакыт-таалай күлкүнү,
Бар бололу ар убак бийик айдай жадырап,
Көктө күйсүн күнүбүз, көп жылдыздар жымырап.
Кайырма:
Сөзү : Динара Сагынбаеваныкы
Обону : Р.Шакированыкы
Сөзү : Маматкадыр Тиллебаевдики
Обону : Таалай Турдубаевдики
Мүрөктүн суусу болсо, берер элем,
Картайбас болуп апа, ичер белең.
Жашартып жаратканым берсе эгер,
Бүт болгон байлыгымдан кечер элем.
Кайырма:
Ааламдын алпы болуп жаралсам да,
Бир жолку азабыңды чечер белем.
Сан жеткис түйшүгүңдү өзүм алсам,
Апакем кадырыңа жетер белем?
Даарысын өлбөстүктүн тапсам эгер,
Жүзүңдү бырыштардан сактар белем.
Дүйнөнү төрт айланып, көтөрсөм да,
Апакем ак сүтүңдү, актаар белем?
Кайырма:
Сөзү : Л. Асанбекованыкы
Обону : И. Абдыразаковдуку
Ак сүйүүмдүн тумарысың,
Жан дүйнө кумарысың.
Өмүрүмдү жарык кылган,
Жанган бир чырагымсың.
Кайырма:
Тагдырдан тапканым сен.
Жүрөккө жакканым сен.
Ай-күнүм, жылдыз жанган,
Чеги жок асманым сен.
Көңүлүмө жагарымсың,
Күн болуп жанарымсың.
Махабаттын отун жагып,
Түбөлүк каларымсың.
Сөзү : Кубат Жакыповдуку
Обону : А.Карымовдуку
Өмүргө келдим, өзүңдү көрдүм,
Түйшүгүм тартып, түн уйкуң бөлдүң.
Алпештеп бактың, азабым тарттың,
Апакем менин, алмашкыс бактым.
Мээримиң төктүң, эркелеп өстүм,
Арнасам деймин асылын сөздүн.
Тилегим тилеп, турмушка сүрөп,
Өксүгөн кезде, өзүңсүң тирек.
Энекем күнүм, бой жеттим бүгүн,
Алайын колго Ата Журт жүгүн.
Апакем менин, ак бата бергин,
Болгун деп кызы кыргыз элимдин.
Түйшүктөн качпайм, эмгегиң актайм.
Насаатың накыл жүрөктө сактайм.
Бейишим менин, өрүшүм менин,
Ыйыктан ыйык кол тийбес чебим.
Гүлдөгөн бакчам, бүтпөгөн дастан
Мен үчүн апам күн-ай, жер-асман.
Сөзү : Б.Жамгырчиевдики
Обону : Азат Дөөткуловдуку
Карманар сүйүүм жел болуп узап,
Күйүткө үмүт жем болуп турат
Жамгырлуу жаздан өзүмдү таппай
Жашоомдун тузу кем болуп турат
Кайырма:
Токтобой жашоо агылып дайра,
Жанчылган сезим жаңырып кайра.
Бактылуу күндөр байкалар бир күн,
Жоготкон сүйүүм табылып кайра.
Жанаша жүрүп баркыңды сезбей
Баркыңа чындап калдымбы жетпей
Кайрылып кайра келсечи күндөр
Экөөбүз жүргөн салкындуу кечтер
Кайырма:
Өмүрдөн өксүп аргамды таппай,
Кысылып турам ааламга батпай.
Жаңы эле ачкан бүчүрүн ачкан,
Мен болдум жазда кыйылган бактай.
Эски гитар колдо муңканып,
Ээн көчөдө ырдайм үн салып.
Окуучулук күндөрүмдү,
Эске салып жүрөм күндө,
Көөдөнүмө батпай кусалык
Кайырма:
Токтоп турчу мезгил талпынбай,
Өтөсүңбү моокум кандырбай.
Жаңы-жаңы үмүт менен,
Издеп, таппай күтүп келем.
Классташтар кайда алтындай?
Алыс болду бекем аралык,
Жакын болсо жетип баралык.
Тагдыр өзү кошсо керек,
Кандай сонун достор элек,
Мына минтип чилдей тарадык.
Кайырма:
Күтүүдөгү күндөр өтөт жай.
Мейли өмүрлөр өтсүн узактай.
Кош айтышпай калган элек,
Жолугабыз анда демек,
Бирок, бирок дале кош айтпай
Кайырма:
Мөлтүрөп көздөрүң, мен үчүн көркөмүң,
Сезилет сүйүү балындай,
Эркем, ай, күлгөнүң, эңсесем, түрлөрүн
Гүлдөрдүн сулуу агындай.
Кайырма:
Карагат көзүңдүн,
Ушул сен өзүңдүн
Керемет сулуулугуң бар.
Эзилет жүрөгүм,
Сени издеп жүрөмүн,
Садагам, сени сүйөмүн.
Бир болсо оюбуз, бириксе жолубуз
Багыма сени жазгандай.
Элдерден издедим эркиме берилип
Эми мен сени тапкандай.
Кайырма:
Жамандыкка кабылсаң дайым бир тууган,
Жанын сайып сен үчүн күйгөн бир тууган.
Кокус тайып кулап түшсөң жерге капыстан,
Абалыңды келип сурар ал да бир тууган.
Кайырма:
Күлсөң дагы бирге күлгөн,
Кубансаң да ал кубанган.
Жан күйөрүң дайым бир тууган,
Жамандыгың бирге тоскон.
Жакшылыгың бирге тоскон,
Аман болсун дайым бир тууган.
Жүрөк ооруп махабаттан дартка кабылсаң,
Абалыңды тушүнгөн дагы бир тууган.
Кайда болсоң сени ойлоп сагынып күткөн,
Ата-энеден кийинки эле бир боор бир тууган.
Кайырма:
|