|
Жаркын көркүң сенин, сүйкүм жамалың,
Билсең эгер шамдай күйүп-жанамын.
Байкатпастан койдуң неге жүрөк жаралап,
Кел учалы бирге жылдыз аралап.
Кайырма:
Сагынтат сени, сүйүүнүн деми,
Жарык кылып дүйнөмү
Жылмаюудан гүлдөдү,
Сүйүү жазы...
Сени менен өттү жашоо жыргалым,
Көздөрүңдөн көрдүм сезим сырларын.
Ак жүзүңдү айдан издеп таба албадым мен,
Сени сүйүп калганымды тана албай.
Кайырма:
Айдың көлдүн ак куусундай түшкө киргенсиң,
Жан дүйнөмдүн жалгыз сырын өзүң билгенсиң.
Обон сымал жүрөккө жаңырып,
Тумар болуп таңда тагылып,
Бир өзүңдү самап, бир өзүңдү самап мен сүйгөнмүн.
Кайырма:
Таңдагы берметим,
Кол сунуп жетпедим,
Ак куу белең, айперим?
Көлдүн жээгин бойлоп өзүм сага келемин,
Толкундардан издеп улам сүйүү дарегин.
Чолпон болуп жүрөккө жагылып,
Ак куу консо көлгө кайрылып,
Көз жашыма толот, көз жашыма толот карегим.
Кайырма:
Тунук сүйүү, өмүрдө сен ак куу белемсиң?
Издеп жүргөн ай-ааламдан ыйык түнөгүм.
Арман күчөп өмүргө камыгып,
Сени күтүп таңда зарыгып,
Бир өзүңдү эңсеп, бир өзүңдү эңсеп жүрөгүм.
Сөзү : Жыргалбек Касаболотовдуку
Обону : Сыймык Бейшекеевдики
Сөзү : Дооронбек Садырбаевдики
Обону : Жанышбек Кочкоровдуку
Кырчын кез ырын ырдайлы,
Кыз-кыркын ушак кылбайлы.
Кыялың эңсеп жатканды, ай,
Кылыгың айтып турбайбы.
Арзуунун ырын ырдайлы,
Алганың чатак кылбайбы?
Көңүлүң көксөп жатканын, ай,
Көздөрүң айтып турбайбы, ай.
Кашкая карап сыр салып,
Кадиксиз ойго чыр салып.
Кадыр түн жалгай тургансып, ай,
Калчадың тиктеп мынчалык.
Кылгыра карап сыр салып,
Кыялга бүлүк чыр салып.
Кыйышпас болуп алгансып, ай,
Кызыттың жанды мынчалык,
Кызыттың канды мынчалык,
Кызыттың жандай мынчалык.
Табышар күндөр бүдөмүк,
Тагдырлар башка түбөлүк.
Көрүшпөй кетсек, эсен бол, ай,
Көңүлдө бирге жүрөлү.
Көрүшөр күндөр бүдөмүк
Көңүлгө кызыл гүл өнүп
Кыйналып турам кош эми, ай,
Кыялда бирге жүрөлүк.
Кыйын эмес муну айтып сүрөттөш,
Жаныбыз бир, каныбыз бир, жүрөктөш.
Биз кыргызбыз, улуу элбиз, билип ал,
Эр жүрөк эл Ала-Тоого түнөктөш.
Кайырма:
Сен да кыргыз, мен да кыргыз, ал дагы,
Бир атанын, биз кыргыздын балдары.
Болсо өмүр, башкасы бүт табылар
Байлык, бакыт, бийлик дагы калганы.
Сен да кыргыз, мен да кыргыз, ал дагы,
Бир атанын биз кыргыздын кыздары.
Болсо ынтымак, башкасы бүт табылар,
Байлык, бакыт, бийлик дагы калганы.
Бузукулар келтиришет күлкүнү,
Башка жердин жок го түндүк, түштүгү.
Бөлөм деген бир бүтүндү экиге,
Ошол өзү миң бөлүнөт бир күнү.
Кайырма:
Сулайман тоом канча доордун күбөсү,
Ак теңир тоом айкөлдөрдүн бир өзү.
Баткен, Талас, Жалал-Абад, Көл кандай?
Ошолорго окшош кыргыз мүнөзү.
Кайырма:
Сөзү : М.Осмоновдуку
Обону : М.Осмоновдуку
"Жан кызым" деп мен колуңдан жетелеп,
"Апакелеп" куурчак ойноп секелек.
Ар нерсени сурай берген божурап,
Кыз болчусуң, чачы өрүмгө жетелек.
Кайырма:
Мейли кызым барагой,
Бактыңды издеп табагой.
Айдай болуп жаркырап,
Жылдыз болуп жанагой.
Ак жол кызым барагой,
Бактыңды издеп табагой.
А, дегенде, ай кызым,
Кайненеңе жагагой.
Алыш үчүн апакеңдин мурасын,
Чоң турмушка аттанганы турасың.
Адебиңе, алган жарың арзысын,
"Кайсыл жердин кызы экен?" деп, сурасын.
Кайырма:
Ак жолтой бол, алганыңа терең бол,
Кабак түйбөй, кайын журтка кенен бол.
Турмуш кандай көрсөтсө да сыноосун,
Жарың менен бардыгына белен бол.
А, дегенде, ай кызым,
Кайненеңе жагагой.
Андан кийин ай кызым,
Кайнатаңа жагагой.
Кайын журтка жагагой.
Сөзү : М.Аматовдуку
Обону : А.Тоотаевдики
Гүлзар бак сен экөөбүз пааналаган,
Жаштардын куттуу жайы аралаган.
Жандардын бар экенин кайдан билдим,
Бактылуу болоорумду каалабаган.
Кайырма:
Жараштык катар өскөн кайың болуп,
Келечек беш кол сыңар дайын болуп.
Ак жоолук салынаарым калган эле,
Калаарым түбөлүктүү жарың болуп.
Жандарды артык көрүп канчалаган,
Кызыл гүл сыяктантып калкалагам.
Кырсыктуу жандар барын кайдан билдим,
Кырчындай махабатты талкалаган,
Кырчындай махабатты балталаган.
Кайырма:
Сүйүүбүз нур төгүлүп агар дедим,
Чолпондой багыт берип жанаар дедим,
Арман, ай айрылууга туштуктурган,
Ал күндөр айыкпаган жарам менин.
Кайырма:
Барсыңарбы, кыргыздын жигиттери,
Эл деп уруп жүрөгү, эл деп соккон?
Барсыңарбы, кыргыздын жигиттери,
Эл деп иштеп кайрымдуу колун созгон?
Барсыңарбы, кыргыздын кыраандары,
Калкан болуп элине жанын тоскон?
Барсыңарбы, кыргыздын шумкарлары,
Жакырлыктан куткарчу алып колдон?
Кайырма:
Канатыңар кайда кайкып бийик учкан?
Кайратыңар кайда, жигит, тоону бузган?
Кайдасыңар, эр Манастын урпактары?
Кайда даңкың, атагың аалам уккан?
Эл-жер ойлоп бир өзүнө намыс кылган,
Ак эмгегин эл-журтуна азык кылган,
Барсыңарбы, кыргыздын жигиттери,
Барчылыкты эл-журтуна насип кылган?
Эр Манас бир качан өзүн ойлочу эле?
Болбогонду эл-журту үчүн болтурчу эле.
Кара мүртөз душмандарга башын сайып,
Ал душманга өзүн өзү окточу эле.
Кайырма:
Бийликке бир барбагыла алыш үчүн,
Элимдин бир эсебинен байыш үчүн.
Барсыңарбы, кыргыздын жигиттери?
Аттангыла жигиттик намыс үчүн.
Кайырма:
Турган өңдүү асман мага жөлөнүп,
Жүрөк эргип бир сезимге бөлөнүп,
Эч бир адам таппай жүргөн бакытты
Жалгыз өзүм бараткансыйм өңөрүп.
Тагдыр мага өчпөс отун жаккандай,
Мүрөк суусун жалгыз өзүм таткандай,
Ар бир баскан кадамыма сүйүнөм,
Мен өзүмдөн батпас күндү тапкандай.
Мен кубанам миң жыл жашап өткөндөй,
"Миң кыялын" Токон мага черткендей,
Тагдыр буйруп жолукпасаң сен мага,
Өтмөк окшойм өмүр баркын эч билбей.
Оболотуп махабаттын ак боосун,
Сени дагы ушул сезим коштосун.
Бир күн сокпой калчу болсо бул жүрөк,
Сени ойлоп жаткан кезде токтосун.
Сөзү : Текебай Мураталиевдики
Обону : Текебай Мураталиевдики
Артыңдан барсам бакчага,
Артылып колуң башкага, ой.
Жалынып сүйлөп жатыпсың,
Жактырбай сени жатса да, ой.
Сүйүүнүн эй, күчү керемет,
Олдо, жалынтат экен, ии, башкага.
Ак көйнөк кийсең таптаза,
Акактай тишиң кашкая, ой.
Күлмүндөп сүйлөп жатыпсың,
Гулүндү албай жатса да, оо.
Сүйүүнүн эй, күчү керемет,
Олдо, жалынтат экен, ии, башкага.
Карагер аа, минсем токтобойт,
Капталга малым оттобойт.
Калкымдан сулуу көп көрдүм,
Кареги сага окшобойт, эй.
Кыргыздан ой, сулуу көп көрдүм,
Кылыгы сага окшобойт.
Сөзү : Каныбек Иманалиевдики
Обону : Майрамбек Осмоновдуку
Күздө күтүп жазда келген сезимди,
Күйүт бизге үмүт болуп сезилди.
Бул турмушта ансыз деле өксүгөн,
Жалоорутпа жайнап турган көзүңдү.
Кездешкенче нур чачышып жүздөрдөн,
Күз да келди, гүл саргайды биз көргөн.
Сен сырыңды, мен чынымды айткыча,
Өмүр өтүп баратпайбы бир келген.
А мен сени күтөр элем миң жылга,
Бирок жашоо ченелүү да бир кыйла.
Биздин өмүр өтпөсө да бир үйдө,
Биздин сүйүү калар, балким, бир ырда.
|