|
Алма, алма, алма, алма,
Арманымды айтам сага.
Жакын барып жашырбастан,
Бактарыңа баарын айтам.
Алма, алма, бышкан алма,
Бышканыңдан берчи мага.
Бактарыңды араласам,
Кой дебечи үзүп алсам.
Кайырма:
Үзүп ал деп мейли шагыңдан,
Үзүп ал деп мейли шагыңдан.
Үзүп ал деп мейли мага берчи,
Мага берчи багыңдан.
Багыңдан, шагыңдан,
Бактымды суранам, багыңдан...
Алма, алма, сулуу кыздай,
Шактарың да чачтарымдай.
Жалбырагың жашылданса,
Жан дүйнөмө жаккандай.
Алма, алма, кызыл алма,
Кыздын сырын билип алба.
Сен сындаба, сен алдаба,
Бактын издеп сага барса.
Кайырма:
Жаз мезгили жайнап гүлдөр ачылган,
Жыпар жыты айланага чачылган.
Беттен сылап эркелетип салкын жел,
Бери кел деп сени мага чакырган.
Шайы көйнөк кийип турган келбетиң,
Көңүлүмдө өчпөс болуп жазылган.
Жылдар өтөт өткөн күндөр элесте,
Элестериң көз алдымда сени эстеп.
Булбул сайрайт сезимдердин багында,
Ошол элес өчпөйт сени келет деп.
Өмүр кыска өкүнөрүм Кудай, ай,
Кайра дагы бир жолукпайт белек деп.
Ай да чыкты тоонун башын жамынып,
Сүттөй нуру көл бетине чагылып.
Күбө болду бостерилер баарына,
Махабаттын зор күчүнө багынып.
Кош бол, жаным, элестетем ар дайым,
Ошол кезди бир өзүңдү сагынып.
Жол арбытып алыстан тойго келгиле,
Шарпылдаган суулардан кечип өткүлө.
Кунандарды чабышып, жорголорду салышып,
Мелтиреген талаада байгелерди талашып.
Кайырма:
Тойго, тойго келгиле, тойго келгиле,
Оюн-зоокко кошулуп ойноп кеткиле.
Көңүл ачып ар дайым бирге жүрөлү,
Мейман болуп тынчтыкта өмүр сүрөлү,
Мейман болуп тынчтыкта өмүр сүрөлү.
Бийлегиле, жаштар, ай, бийлегиле,
Шапар тээп шаттанып жыргагыла.
Бириңен-бириң калышпай, бийлегиле талыкпай,
Айланада бүт баарың кошулгула тартынбай.
Кайырма:
Обончулар, оболоп ырдагыла,
Булбул болуп баарыңар сайрагыла.
Таза чертип комузду, шаңдуу кошуп добушту,
Күлкү менен, ыр менен көтөрөлү көңүлдү.
Кайырма:
Жазда жашоо таза кызык,
Жамгыр жыттуу көчөлөр.
Жаштар барат жасанышып,
Бир кылчайып өтө көр.
Кайырма:
Билинбей жүрөккө,
Бир эле мүнөттө.
Жаш сүйүү гүл ачат,өрүктөй!
Шай, шай, шай, шай, шай көйнөкчөн,
Гүл, гүл, гүл, гүл, гүл жолукчан.
Сулуулардын карашы,
Жүрөгүмдүн дабасы,
Жаштыгымдын аздыгы ай,өткүндөй.
Көктөм жашыл жагоолонуп,
Жердин жибип тамыры,
Жоогазындай алоолонуп,
Каптайт сүйүү жаланы.
Кайырма:
О сулуулар, периштелер,
Жамгыр белем күлкүӊөр.
Жетип, үзөр келишкендер,
Кыраңдагы гүлсүӊөр.
Кайырма:
Жаз жамгырын таккым келет,
Мончок кылып мойнума,
Сени тапкан бактым себеп,
Канбайм жаздын оюнуна.
Көктөмдөргө бөлөгөн көңүлүмдү,
Сен деп билем, сезимде теңиримди.
Бакытым да, байлыгым ушул деймин,
Сага гана арналган өмүрүмдү.
Кайырма:
Сага гана айтамын жан сырымды,
Сага гана арнаймын жакшы ырымды.
Салтанаттуу өмүрдүн сереси дейм,
Сага гана байланган тагдырымды.
Ырыскымды ыйгарган ыр дүйнөдөн,
Ыраазымын миң ирет тагдырга мен.
Асыл ойду беттеген аруу тилек,
Ак нур жааган жолумду сен деп билем.
Кайырма:
Сен деп билем жашоонун улуулугун,
Сен деп билем дүйнөнүн сулуулугун.
Сезимдерге от чачып арууланткан,
Сен деп билем ааламдан келген нурум.
Кайырма:
Сөзү : М.Тураеваныкы
Обону : А.Жайнаковдуку
Жүр ээрчишип кетели өрүкзарга,
Сунушумду суранам, четке какпа.
Сүйүүбүзгө жолугуп айлуу түндө,
Сыйыналы бир келген бактыбызга.
Мөл булакка барабыз ай тоскону
Ат жалында шамалда ойношкону.
Кечикпейли бир келген бактыбыздан,
Өрүкзарга кетели, макул болчу.
Айлуу түндө никелеп сүйүүбүздү,
Өрүкзарга чачалы күлкүбүздү.
Жылдыздарды терели чачыласын,
Булактарга сүйдүрүп жүзүбүздү.
Кечикпейли бир келген бактыбыздан,
Өрүкзарга кетели, макул болчу.
Мен чоӊойгом айылда,
Топ кыздар, балдар отуруп жанаша.
Көӊүлду ачкан болду тамаша,
Эми биз ырдайбыз таӊ ачканча.
Жолдош начальник келет, урушат,
Маӊдайы төрт кабатка тырышат.
А мен болсо жаш жигитмин эми,
Ойногум келет го деги, деги...
А мен болсо жаш жигитмин, оюнга тойбогон,
Топ кыздар менин артымдан чуркашып ойногон.
Дөӊгөлөк айланса, жаштык кетет узап,
А мен болсо кала берем, чертип гитара.
Мезгил өтөт арадан,
Кызыктуу күндөр келет кайрадан.
Досторум менен көӊүлүмдү ачсам,
Кубанып үйгө мен эс алып барсам.
Жолдош начальник үйдө, урушат,
Маӊдайы төрт кабатка тырышат.
А мен болсо жаш жигитмин эми,
Ойногум келет го азыр деги, деги...
А мен болсо жаш жигитмин, оюнга тойбогон,
Топ кыздар менин артымдан чуркашып ойногон.
Дөӊгөлөк айланса, жаштык кетет узап,
А мен болсо кала берем, чертип гитара.
Жаштык, жаштык, жашчылык,
Өмүр өттү шаштырып,
Кыздар өпкөн бетимди,
Кыл сакалга бастырып.
Гүлдесте кармап күн сайын эртелеп,
Мектепке калбай келчү элек.
Билимин алып окуп жүргөн учур,
Эй, эстен кете элек.
Кайырма:
Ал кезде кыздар фартукчан,
Чачына бантик тагынып.
Ак көйнөк, кызыл галстук,
Жарашкан кезди сагынам.
Мушташып көздөн канча ирет жаш тамып,
Шок болуп жүрө баштадык.
Кыз тандап алгач жактырып,
Тымызын эй, жүрө баштадык.
Кайырма:
Талпынып ал кезге азыр жетпедим,
Сагынычтарым көп менин.
Өмүрдүн кымбат чагы өзүӊ белеӊ,
Эй, менин мектебим.
Кайырма:
Ачылып кыздар ал кезде,
Чачына бантик тагынып,
Ата болсом да мен азыр,
Силерди жүрөм сагынып.
Качкан күндү кайрып алар,
Айтчы, кандай арга бар?
Сагынычым бул дүйнөнүн,
Кеңдигине барабар.
Катар учкан каркыралар,
Кемибесин араңар.
Алып учкан жүрөгүмдү,
Ал күндөргө ала бар.
Бал татыган балалык кез,
Кумар калган таркабай.
Колдон кантип учуп кеттиң,
Кош айтканга жарабай?
Сересине бул өмүрдүн,
Келгениме карабай.
Көңүлүмдө чуркагым бар,
Көпөлөк кууп баладай.
Кымтып алган кызгалдактар,
Изим калган белести.
Алтын кезим карактаган,
Мезгил мынча мерезби?
Көрчү, бирок өчүрө албас,
Көзүмдөгү элести.
Чаң ызгыткан неберелер,
Балалыгым эмеспи?
Жаштыгым чынар эле,
Жапжашыл жалбырагы.
Саналуу жылдар беле,
Саргайып калды баары.
Кайырма:
Жаз болуп элестеген
Бакчада эмес белем
Күбүгөн гүлдөрүмдү
Күзгү жаан мерез белең
Күлкүмдү калдым таппай
Күн кайда шарактаган
Туулган кез кайрылбастан,
Убакыт карактаган.
Кайырма:
Өрт чалып көкүрөгүм
Күйкөндөн күлүм калмак
Жаркыным өтүнөмүн
Сактап кал сүйүүң арнап.
Бешенең сыйкыр таратып,
Бетиңе күлкү жарашып.
Жашара түшөм кыйлага,
Жалт карап өтсөм баратып.
Көркүңө эстен тангансыйм,
Көпөлөк болуп калгансыйм.
Жылмайсаң жыргап тим эле,
Жылдызды кармап алгансыйм.
Шыңарлайм сага күндө эчен,
Шыңгырайт үнүң сүйлөсөң.
Балапан кезден эңсеген,
Бакытым болуп жүрбө сен.
Обонун ырдап кусанын,
Оболоп сага учамын.
Ойлогон сайын өзүңдү,
От болуп жанат кучагым.
Ким басат эңсөө дегенди?
Каптады жалын денемди.
Бар бекен деги дүйнөдө,
Өзүң деп күйгөн мен өңдүү.
Эрте кеч кетпей эсимден,
Эзбечи жанды эзилген.
Жоголгон сүйүүм көрүндү,
Жоодурап турган көзүмдөн.
Карегиң менен жайнаган,
Кайгыга салбай кайрадан.
Кайыктай болуп калбайын,
Калаксыз көлдө айдаган.
Көрбөсөм көңүл бук болуп,
Көргөндө жанга кут конуп.
Калдаңдап чуркайм өзүңө,
Канатын жайган куш болуп.
|