|
Кайдасын айтчы барайын,
Сагындым сенин карааның.
Ашыгып калдым кантейин,
Жүрөгүңө жолду табайын.
Кайырма:
Жүрөгүм толкуй, толкуйт кантейин,
Оюмдан жалгыз өзүң кетпедиң.
Сагынып сени турсам да,
А бирок мага келбейсиң.
Секелек сулуу периштем,
Дечү элем жаным сени мен.
Чок таштап менин сүйүүмө,
Башкага кеттиң эми сен.
Кайырма:
Кызыл гүл сунсам албайсың,
Жигиттен жигит тандайсың.
Ошол бир сүйгөн жигитиң,
Таштап бир кетсе кандайсын?
Кайырма:
Ак сүйүүм менен арбалдым,
Алтыным мага келбейсиң.
Жарыкты суук тебелеп,
Жылдызды көккө себелеп.
Түн кирди жумшак жып-жылуу,
Ай кылып көздү тегерек.
Жымырап жылдыз төмөндө,
Ай санайт баарын түгөлдөп.
Ак куулар ойнойт өркөчтүү,
Толкунду минип жүгөндөп.
Кучактап жумшак булуттай,
Сүйөмүн дедиң унутпайм.
Ошол сөз мага гүл болуп,
Жүрөктө өсөт уруктай.
Унутпайм ошол кезимди,
Өчүрбөйм ошол сезимди.
Армандуу кылам өзүмдү,
Жылдызга толгон көзүмдү...
Сөзү : М.Осмоновдуку
Обону : М.Осмоновдуку
Айланасын тоолор курчаган,
Кайда барсам эстен чыкпаган.
Биздин айыл жердин сулуусу,
Жылда барсам, жылда суктанам.
Кайырма:
Биздин айыл – биздин сүйүүбүз,
Береке көп, толо үйүбүз.
Айланайын, менин айылым,
Түбөлүк сага калат сүйүүбүз.
Шыңгыраса тоонун булагы,
Көңүлүмдүн канат кумары.
Ыйык туткан биздин айылдын,
Өчпөсө экен дайым чырагы.
Кайырма:
Ыйыктыгың сенин билемин,
Сүттөй таза сага тилегим.
Алыс жакта иштеп жүрсөм да,
Сен деп согот дайым жүрөгүм.
Кайырма:
Табышмак сүйүүдөн бүтүп,
Тагдырдын жардыгын күтүп.
Төрөлгөн перзентиң сенин,
Таштаба, балаңды күкүк!
Кайырма:
Теректе уяӊ, күкүк,
Кетпе деп турам күтүп.
Кайыӊда уяӊ, күкүк,
Кайрыл деп турам, күкүк!
Керемет сүйүүңдөн бүтүп,
Кудурет жардыгың күтүп.
Көрүнгөн перзентиӊ сенин,
Көчөгө таштаба, күкүк!
Кайырма:
Жалын, от жаштыгыӊ бүтүп,
Жүзүӊө жүз чийин түшүп.
Жаныӊа эш болор жан таба албай,
Жап-жалгыз каласыӊ, күкүк!
Кайырма:
Сөзү : А.Өмүркановдуку
Обону : Э.Талиповдуку
Айылыма барарымда аптыгып,
Атамды ойлоп көздөрүмдөн жаш чыгып,
Балбалактайм бар-жогумду унутуп,
Балалыгым келүүчүдөй бастырып.
Кайырма:
Алыңды айтып алыс жактан жел келет,
Көптөн берки көңүл бугум жазамбы?
Көздөрүнөн өпкүм келет эркелеп,
Мен алыстан сагынганда атамды.
Көздөрүңдү өпкүм келет эркелеп,
Сагындым, эй, сагындым, эй, атамды.
Башыңдан күн, аягыңдан ай туулуп,
Турчу, ата, аппак таңдай кулпуруп.
Жерге бутум жетпей учуп баратат,
Аска чапчып аккан суудай жулкунуп.
Кайырма:
Бактан булбул, кырдан таңшып улары,
Баягыдай күнүң батып, чыгабы?
Карегинен каруу-күчүн алдырбай
Карааны тоо атам күүлүү турабы?
Кайырма:
Ырдасам ырларым да сен жөнүндө,
Жүрөктө сырларым да сен жөнүндө.
Нымдалган кирпигиңе көз жашырып,
Сен дагы ойлойсунбу мен жөнүндө?
Кыялды бир үн коштойт аянычтуу,
Жаңы эле сен тараптан келгенимде.
Жаңыртып жараатымды оорутасың,
Жөн кана ойлойунчу сен жөнүндө.
Кайырма:
Билбейм неге?
Сен жашап түшүмдө, көңүлүмдө.
Айтчы, айтчы,
Сен дагы ойлойсуңбу мен жөнүндө?
Сезимди бир ой ээлейт өкүнүчтүү,
Жомоктой айтып бүткүс сен жөнүндө.
Уктаарда дуба кылып мен сураарым,
Жөн кана ойлоп койчу мен жөнүнүндө.
Кайырма:
Ырдасам ырларым да сен жөнүндө,
Жүрөктө сырларым да сен жөнүндө.
Нымдалган кирпигиңе көз жашырып,
Сен дагы ойлойсунбу мен жөнүндө?
Сүйүшүп каттар жазыштык,
Жүрөктүн сырын ачыштык.
Жолуга калган кездерде,
Жоодурап бирге басыштык
Баш кошор күнгө жеткенде,
Билбеймин биз неге качыштык.
Сүрөткө түштүк жанашып,
Көңүлгө көңүл жарашып.
Кубандык бакыт-таалайга,
Кутпунуп катар баратып,
Үйлөнөөр тойго жеткенде,
Мен калдым сенден адашып.
Махабат бийлеп жаштыкты,
Дечү элек бакыт таптыкпы,
Биз өткөн жолдон көрбөдүк.
Бөлүнсүн деген кастыкты
Биргелеп турмуш курарда,
Билбедим бизди эмне жазгыртты.
Мөлтүрөп бүлдүркөндөр бышкан кезде,
Асманга бүркүт шаңшып учкан кезде.
Cаамайларын cеңселткен ак кайыңдар,
Самашып сагынычымды,
Самашып сагынычымды уккан кезде,
Барам сага.
Шоолалар кирпигиңден өпкөн кезде,
Ак жамгыр электете төккөн кезде.
Кусалыктан кубарып ак жүзүбүз,
Көп жылдар арабыздан,
Көп жылдар арабыздан өткөн кезде,
Барам сага.
Гүлдөргө аарылары конгон кезде,
Бал чөбүң ай-ааламдын соргон кезде.
Алгачкы биз жолуккан кечтегидей,
Алтын ай асмандагы,
Алтын ай асмандагы толгон кезде,
Барам сага, барам сага.
|