|
Обону : А.Тоотаевдики
Санааркап сагынычтуу күндөр өтүп,
Саргайып күтөм сенин келериңди.
Самаган салкын ойго чөмүлүпмүн,
Сезбепмин сансыз азап берериңди.
Кайырма:
Жаз күткөндөй күтөмүн жолуң карап,
Жабыркаган жүрөгүм сени самап.
Жылдар өтүп жүрөмүн сени күтүп,
Жалындаган жаштыгым өтүп барат,
Жалын болуп жүрөгүм күйүп-жанат.
А балким, азыр куунак жүргөндүрсүң,
Алоолоп алда кимди сүйгөндүрсүң,
А балким, азап тартып арман кылып,
Ашыктык баркын сезип, билгендирсиң.
Кайырма:
Кусалык бүт оюмду ээлеп алып,
Көөдөнгө тынчтык бербей бүлүк салып.
Кайчылаш татаал жолго жалгыз чыктым,
Кайгылар кетер дедим унут калып.
Кайырма:
Кереметтүү сен атамсың, энесиң,
Салыштырып салайын деп теңелсин.
Карааныңдан кагылайын Ала-Тоом,
Кимдер сени ата-энем дебесин.
Ырым менин, сенин демиң эмеспи,
Суктанамын минип кыял кемесин.
Көңүл толкуйт көркөмүңдү көргөндө,
Кандайдыр бир жүрөккө дем бересиң.
Карааныңдан кагылайын Ала-Тоом,
Кимдер сени ата-энем дебесин.
Көңүл толкуйт көркөмүңдү көргөндө,
Кандайдыр бир жүрөккө дем бересиң.
Сөзү : Турар Кожомбердиевдики
Обону : Марат Акматовдуку
Кайгыны ойго илбейли,
Карылык эмне билбейли.
Канакей, жаштар, эмесе, ай,
Калкылдап эркин бийлейли.
Кайырма:
Кылчактап улам күймөнүп,
Кызарба, курбум, сүрдөнүп.
Кел, кошул, биздин катарга,
Кетесиң кийин үйрөнүп.
Күүлөрүн төгүп жиберип,
Музыка алат имерип.
Коомайлап белден кармаса,
Колдору болот билерик.
Кайырма:
Жүрөктү жүрөк тандасын,
Сүйгөнүн сүйгөн жандасын.
Билинбей кай бир уяңдар,
Бийлебей четте калбасын.
Бир-бирин сүйкүм карашып,
Буттарга буттар жанашып.
Кыз-жигит бирге бийлесе,
Карачы кандай жарашып.
Кайырма:
Жаштыктын ыры - махабат,
Жаштарга нурун таратат.
Жаш кезде ойноп, гүлдөгүн,
Жаштык кез өтүп баратат.
Сөзү : Э.Турсуновдуку
Обону : Р.Абдыкадыровдуку
Ичимде күйгөн жалын бар,
Издесем түгөй табылар.
А бирок көлгө конбосоң,
Ак куулар сени сагынар.
Тагдырга ар ким кезигет,
Таасири күчтүү сезилет.
Кечикпей ушул турмушта,
Жолуксам деймин тезирээк.
Турмуштун ар кыл даамы бар,
Тузу бар, ширин балы бар.
Айланып көлгө конбосоң,
Ак куулар сени сагынар.
Алманын гүлдүү шагы бар,
Ай тийген түндүн таңы бар.
Акыры көлгө конбосоң,
Ак куулар сени сагынар.
А, дегенде жакты басканың,
Анан айдай чийме каштарың.
Сени гана эңсеп жүрөгүм,
Сага көңүл бура баштадым.
Кайырма:
Сүйлөбөдүм сага, сүрдөдүм,
Сүйүп калганымды билбедиң.
Алгач сени көргөн мезгилде,
Бул татына сулуу ким дедим.
Айта албадым сенден сүрдөдүм,
Ашык болгонумду билбедиң,
Айдай сулуу Асел, Аселим,
Болсо керек сенин сүйгөнүң.
Сендей кызды издеп самагам,
Болсом деймин сенин жан агаң.
Кычыраган кышта көрсөм да,
Жайдай болгон менин садагам.
Кайырма:
Бийлеп жаттың бирок барбадым,
Өзүмдү-өзүм кой деп кармадым.
Эгер сени издеп таба алсам,
Жолукканда айтам калганын.
Кайырма:
Жүзүң ачкан кызгалдактай, чырайыңа кагылайын,
Жүрөгүмө сүйүүм батпай, мезгил өткөн сайын.
Ажары болуп үй-бүлөмдүн, жанасың ар дайым
Жалгызым менин сүйгөнүм, кудай кошкон жубайым.
Кайырма:
Айланам кенен, арбалып келем,
Арманым болбос өзүң менен.
Махабат чексиз, ачык асман,
Жалжалым билсең, жалгызымсың сен,
Жанымда бол сен айрылбастан.
Сени мага жолуктурган, жаратканга табынамын,
Өзүң менен турмуш курган, өмүрүмө дагы
Ортодо көргөн перзенттердин бактысына бар болуп,
Аман-эсен жүрө бергин, мен сүйгөн жар болуп.
Кайырма:
Айылыңа капыстан барып калдым,
Көрөр замат көңүлгө жагып калдың.
Ырдап жатсам гүл сунуп чыгып келдиң,
Ошол бойдон каректе калып калдың.
Кайырма:
Кылыктанып кылчайып күлүп койдуң,
Сүйөрүңдү көзүңдөн билип койдум.
"Сезбей кетти сүйүүмдү" дебесин деп,
Мен да сени жалт карап күлүп койдум.
Ошол күнү уктабай ойгоо жаттым,
Ооналактап тынымсыз ойго баттым.
Көптөн бери жүрөгүм эңсеп жүргөн,
Ак сүйүүмдү акыры Оштон таптым.
Кайырма:
Кыялымда дайыма жанымдасың,
Өмүр бою издесем табылбасым.
Ортобузда чын эле сүйүү болсо,
Кадырыңа жетейин, карындашым.
Кайырма:
Жалгызымсың сен менин,
Жан кубатым эрмегим.
Аттиң келсе колумдан,
Айды алып бермекмин.
Кайырма:
Аман болуп эл менен,
Адал орун ээлеген
Ырыс коштоп өмүрдө
Ыймандуу бол дээр элем.
Сен аман бол неберем
Таасын балдай тилиңден,
Талагың билинген,
Сен бар үчүн дүйнөдө,
Чоң атамын бүгүн мен.
Кайырма:
Чулдурап да эртелеп,
Чоң ата деп эркелеп,
Арбап турса неберең,
Андан башка не керек.
Кайырма:
Көрбөй сенин күлкүңдү,
Көңүл ачуу мүмкүнбү,
Кызыктырат баарысын
Кылыктарың сүйкүмдүү
Кайырма:
Карегимди жашы кылып жамгырдын,
Канча күттүм арасында
ай-жылдын.
Какшап жетпей калганымды билсең да,
Карааныңды бир көрүүгө зар кылдың.
Кайырма:
Ажыратты бизди мезгил ташкыны,
Айыкпаган жүрөктөгү дартпы бул?
Мен бактылуу боло албадым, кантейин,
Сен өзүңдү сезсең болду бактылуу.
Сагындырган гүлүн көздөй бара албай,
Сай да бир күн соолуйт экен ага албай.
Санаа менен таң атырып келатам,
Сага окшош бир да жылдыз таба албай.
Кайырма:
Адам жоктур бул жашоодо сүйбөгөн,
Ашыктыктын азабына күйбөгөн.
Мейкиндеги кош сызыктай биз эми,
Бир кездешпей өтөбүзбү дүйнөдөн?
Кайырма:
Жасап алып ак сүйүүнүн уясын,
Ал даракта неге жалгыз турасың?
Суу жетпеген куурап калган даракта,
Өмүр бою кантип оокат кыласың?
Кайырма:
Канча жолу кел деп ырдап, сыздадым?
Канча жолу акыл айттым, укпадың.
Же болбосо көгүчкөнгө окшоп сен,
Мени көздөй канат кагып учпадың.
Жалгызсырап эстейсиңби өткөндү?
Жаман болду сүйүүбүздүн өчкөнү.
Чагылгандай бир жарк этип көрүнүп,
Же жамгырдай бир себелеп өтсөмбү?
Кайырма:
Сага барчу тор тосулган жолума,
Түшүп калгам башка адамдын колуна.
Сага окшоп уя жасап алганмын,
Бүчүрү бар бир дарактын бооруна.
Бүгүн мен сени эстедим, сени эстедим,
Жолуксам айтып берем себептерин
Жаштыгым кеткичекти, өмүрүм өткүчөктү
Бул сезим аба-суудай керек дедим.
Өрттөдүң жүрөгүмдүн бары-жогун
Жолу бар кантип аны дарылоонун.
Айыкпайм башкалардан, жок калды башка аргам.
Билемин сенден бөлөк дары жогун.
Билбеймин кайдан сени табарымды,
Билдирип койсоң боло кабарыңды.
Көздү албай тиктесем дейм,
Ыр жазып бүтпөсөм дейм,
Сагындым жароокерим жамалыңды...
|