|
Бизди жандап барат үмүт,
Карап койчу, тагдыр, күлүп.
Баратамын, барган сайын, жашоо, сени сүйүп.
Бешигине салып баккан,
Эркелетип энем, атам тапкан.
Кайырма:
Ала-Тоонун жашоо сонун,
Кенен кыл биз түшкөн бакыт жолун.
Асан-Үсөн айдан түшкөн,
Жер бети жаңырсын биздин күлкүбүздөн.
Кол кармашып бирге баскан,
Күбө болуп көпкөк асман,
Ууз сүйүүнү утур алып, эркем, мен да шашкам.
Жаз жыттанган тоонун гүлү,
Кубанамын сүйүп сени ар бир күнү.
Кайырма:
Ала-Тоонун жашоо сонун,
Кенен кыл биз түшкөн бакыт жолун.
Асан-Үсөн айдан түшкөн,
Жер бети жаңырсын биздин күлкүбүздөн.
Жашооңду нурда, биз менен ырда,
Кайрылбай өмүр, уланат жылга.
Жалында, жырга, уялып турбагыла,
Асманың ачык, жылдыз нур чачып,
Жаңы таң атып турса,
Билгенге ушул бакыт.
Кайырма:
Жан биргем деп жалынып сүйгөнүм чын,
Жалын болуп отуңа күйгөнүм чын.
Чыккым келбей жаныңдан айланчыктап,
Башкалардан кызганып жүргөнүм чын.
Кайырма:
Жарыгымсың, жанымсың,
Үмүтүмсүң, шамымсың.
Караңгыдан сууруган,
Шоола чачкан таңымсың сен.
Шоола чачкан өзүң таңымсың.
Шоола чачкан таңым өзүңсүң.
Сүйүү торун билгизбей жайганым чын,
Жипсиз сага байланып калганым чын.
Жан эриткен жакшы бир сөзүң үчүн,
Өмүрүмдү өзүңө арнаарым чын.
Кайырма:
Өзгөлөрдөн бөлүнүп жакканың чын,
Жан сырымды жашырбай айтканым чын.
Жакшы адамдык сапаттын баарын сенден,
Издеп жүрүп өзүңдөн тапканым чын.
Кайырма:
Биз жолукчу жайкы там,
Жалгызсырап калгандай.
Биздин сүйүү жөнүндө,
Булак ырдап жаткандай.
Махабатым, кайдасың?
Кол жетпеген жайдасың.
Таппай жүрөм кыйналып,
Ак сүйүүнүн айласын.
Арман болбой аягы,
Жашайт сүйүү баяны.
Канча мезгил өтсө да,
Булак күтөт баягы.
Махабатым, кайдасың?
Кол жетпеген жайдасың.
Таппай жүрөм кыйналып,
Ак сүйүүнүн айласын.
Уча бер, үмүтүмдүн каркырасы,
Өчпөгөн улуу күндөн шам сурачы.
Баладай көз какканда бирди көргөн,
Эненин этегинде барпырачы.
Кайырма:
Уча бер, үмүтүмдүн каркырасы,
Шооладай туңгуюктан жаркырачы.
Уча бер талыганча канаттарың,
Келгиче өмүрлөрдүн аркы жазы.
Уча бер, үмүтүмдүн каркырасы,
Алдыда өмүрлөрдүн жарпын жазчы.
Мен качан сууга чаңкап калган кезде,
Тандайга тамчы болуп тамчылачы.
Кайырма:
Улетай, журавлик мой, в ночную даль,
Унеся за гаризонт мою печаль.
Ты лети пока не сбудутся мечты,
И наступит время счастья и любви.
Кыз деле самап жигитти,
Кыз деле салып иликти.
Кыз сыры ыйык купуя да,
Кыз сырын баары билиппи?
Сый кызып жүргөм ичимен,
Сырымды айтсам кичине.
Өмүрлөш болсом деп жүрөм,
Өзүмө жаккан кишиге.
Мен көргөн жакын-алыста,
Мээрими менен жагышка.
Түгөлдүр бардык жигиттер,
Түгөйлүү болуп алышка.
Жоодурап күткөн бакытка,
Жолуңдан дагы бир жаш чыгар.
Айткыла бирок, жигиттер,
Анчалык неге шаштыңар?
Сөзү : Барпы Алыкуловдуку
Ынтымагы бар элдин таалайы, багы ачылат,
Ынтымагы жок элдин тапканы бекер чачылат.
Ынтымагы бар элдин эли чогуу жыйылат,
Ынтымагы жок элдин эли качып суюлат.
Ынтымагы бар элдин кары-жашы тоюнат,
Ынтымагы жок элдин кара көзү оюлат.
Ынтымагы бар элдин калага карды ток болот,
Ынтымагы жок элиң бир-бирине ок болот.
Ынтымагы бар элдин дүркүрөп өсөт балдары,
Ынтымагы жок элдин сөзүнөн чыгат жалганы.
Ынтымагы бар элдин адил болот улугу,
Ынтымагы жок элдин нечен чыгат бузугу.
Ынтымагы бар элдин кеңеш берет карысы,
Ынтымагы жок элден тозуп качат баарысы.
Ынтымагы бар элдин катар конот айылы,
Ынтымагы жок элдин эч билинбейт дайыны.
Ынтымагы бар элдин жарып сүйлөйт чечени,
Ынтымагы жок элдин жабырап сүйлөйт нечени.
Ынтымагы бар элдин келишимдүү баарысы,
Ынтымагы жок элдин сөзүнүн кетет мааниси.
Ынтымагы бар элдин меймандос болот аялы,
Ынтымагы жок элдин адамга тиет залалы.
Ынтымактуу эл болсо душманга тийген ок болот,
Ынтымаксыз эл болсо дыркырап качып жок болот.
Ынтымактуу биригет, ынтымаксыз бөлүнөт,
Ынтымак элдин бакты бар, бир-бирине баркы бар.
Сөзү : Акбар Рыскуловдуку
Обону : Сардарбек Жумалиевдики
Олтурам ойлоп сени, эңсеп дайым,
Оюмдан кетпей Ай сыяктуу көз карашың.
Баарынан, баарынан, өзүңдү сагынам,
Ашык бир болгонум кантип жашырам?
Аяр басып келемин жакындап сага,
Айта албай оюмду кетемин кайра.
Кара каш, кара көз, турнадай мойнуңдан,
Сылагым бир келет назик колуңдан.
Тургандай сезип ыйык махабатым,
Күлүп кой, бул ыр бактым, сүйүү таптым.
Сүйкүмдүү элесиң, Айдын, ай, нурунан,
Сагындым сени мен, качан келесиң?
Кымызың сенин бал беле, жеңе?
Тилимде даамы алиге, жеңе.
Кылт этсем кызыл нур кирди өңгө,
Өчпөстөй эчен жыл өтсө деле.
Кымызга, жеңе, бал коштуң беле?
Татымы кетпейт таңдайдан дале.
Тамылжып жүзүм, өзүмө окшоп,
Өңдөнө түштүм татканда эле.
Кымызың, жеңе, кыйла жан мактап,
“Кандырды,”- дешип: “жайда чөп чапсак”.
Алыстан уккам даңкыңды, жеңе,
Жүрөккө бекем атыңды жаттап.
|