|
Канаттууга кактырбас,
Каралдым энем бар болгун
Кара жаным, карч урган,
Кайраттуу энем, бар болгун
Кайырма:
Тогуз ай мени көтөргөн,
Тоодой энем бар болгун.
Жамандыкка кыйбаган,
Жароокер энем бар болгун.
Ыйласам кошо ыйлаган,
Ырысым энем, бар болгун.
Сүйүнсөм кошо сүйүнгөн,
Сүйүүктүү энем бар болгун.
Кайырма:
Мен үчүн тоодой бел болор,
Мээримдүү энем бар болгун.
Сүйлөшүп, кээде сырдашчу,
Сүйкүмдүү энем, ай, бар болгун.
Кайырма:
Көздөрүңдөн бакыт нуру чачырап, Көңүлдөгү буккан муңду качырат
Таалайыма тушташ келген таң нуру,
Тагдырымды алар белем асырап.
Таасиринен татынакай өңүмдү
Таттуу чокко тамган майдай ээридим
Тагдырыма болбос эле арманым
Таң жылдызым болсоң өмүр шеригим
Кайырма:
Элестетсем гүл өңүңдү
Эргүү бийлейт жүрөгүмдү.
Өмүр бою үзгүм келбейт,
Өзүңдөн мен күдөрүмдү.
Бүт теребел сага көңүл бургансыйт
Бир өзүңө урмат таазим кылгансыйт
Мээримиңе чырайыңа көз таштап
Мезгил дагы жылбай карап тургансыйт
Арнап сага ашыктыктын ырларын
Айткым келди күлгүн жаштык сырларын
Асманда айдай кудум он беш жаңырган
Сезчи секет ак сүйүүнүн жыргалын
Кайырма:
Элестетсем гүл өңүңдү
Эргүү бийлейт жүрөгүмдү.
Өмүр бою үзгүм келбейт,
Өзүңдөн мен күдөрүмдү.
Сөзү : М.Жангазиевдики
Обону : Б. Токтобаевдики
Күттүм сени,
Күн баткандан таң сүрүлүп атканча,
Үкү келип,
Уйкусурап уясына жатканча.
Күттүм сени,
Жылдыз тарап,
Жалгыз чолпон калганча.
Жылкычылар үйүн көздөй
Эс алууга барганча.
Күттүм сени,
Шүүдүрүмдүн тамчылары акканча.
Жеңелерим чака кармап,
Сууну көздөй шашканча.
Күттүм сени,
Кайда жүрдүң?
Кимдин колун кармадың?
Эмне мынча жалдыратып,
Эмне мынча алдадың?
Күттүм сени,
Күттүм сени,
Сен да мени күтөрсүң.
Сүйгөндөрдүн кайыгына,
Калагы жок түшөрсүң.
Ак бата берип эне-ата
Ак ниет менен тойду ачса.
Ушул тойго келген меймандар,
Ак ниет айтып ырдашса.
Ак тилек айтып ырдашса.
Кайырма:
Той мына бүгүн, толкундап жүргүн,
Той урматына жаркылдап күлгүн.
Шамдагай көрсөт жаштыктык күчүн,
Келгиле достор ай, той бизде бүгүн.
Кут болсун ушул таңыңар,
Гүлдөсүн бакыт багыңар.
Кеп болуп дайым жашоодо,
Айтылсын жакшы жагыңар,
Айтылсын жакшы жагыңар.
Кайырма:
Тойлорго тойлор улансын,
Топтошкон достор кубансын.
Жакшылап өмүр сүрсөңөр
Жакшылык күндө улансын.
Кайырма:
Сөзү : Абыткул Суханбердиевдики
Обону : Абыткул Суханбердиевдики
Ааламдын жарык элеси,
Турмуштун аппак кемеси
Укканда жүрөк эзилген,
Күүлөрдүн назик кемеси.
Ээ-эй аялдар...
Караң....ды, түндү жарыткан
Жүрөктүн дарттын арылткан
Алыстан күйүп бүлбүлдөп
Өзүнө тартып сагынткан.
Ээ-эй аялдар...
Жашоонун аккан булагы,
Сүйүүнүн жанган чырагы.
Токтоосуз аккан өмүргө,
Табылбай турган чөп дары.
Ээ-эй аялдар...
|