|
Ай, Күндөн алып жылуулук,
Аппак таң берип сулуулук.
Алайдын нурлуу кыздары,
Ак булут сындуу кубулуп.
Алайдын асыл кыздары,
Ашыгып жүрөк сыздады.
Айбыгып жүрөм өзүңдөн,
Айтылбай сезим сырлары.
Эринип бассаң эңиштен,
Эликтей мүчөң келишкен.
Арзуумду сага арнайын,
Аркар көз сулуу периштем.
Алайдын сулуу кыздары,
Даай албай жүрөк сыздады.
Жылмайып койчу жоодурап,
Эрисин жүрөк муздары.
Табылгыс назик ак маңдай,
Таң нуру сырын ачкандай.
Татына шыңгыр күлгөнүң,
Таңкы жел жыпар чачкандай.
Алайдын асыл кыздары,
Аптыгып жүрөк сыздады.
Ашыктык дарты айтылбай,
Арманым ичте калабы?
Алайдын пери кыздары,
Адамдын өмүр жыргалы.
Каухар жанып көзүнөн,
Айтылбайт бирок сырлары.
Өмүрдүн берген майрамы,
Өтсүн деп бүгүн жайдары.
Күлкү арнап сизге келемин,
Гүлүмдү кармап мен дагы.
Кайырма:
Кут болсун туулган күнүңүз,
Бакытка толсун үйүңүз.
Туулган күндү кубаттап,
Куттуктап келдик бүгүн биз.
Шаттанып бүгүн күлүңүз,
Шаттыкта өмүр сүрүңүз.
Азайбай биздин арабыз,
Ар дайым аман жүрүңүз.
Кайырма:
Өмүрдүн аппак таңдарын,
Өчпөгөн жарык шамдарын,
Кырчындай болгон күндөрдүн,
Кызыгын сизге арнайын.
Кайырма:
Татына, таттуу балам,
Талпынсаң таңдай жанам.
Таалайлуу күн тартуулап,
Чарчоону унуткарам.
Кайырма:
Бар болгун, айдай балам,
Бар дүйнөм сендик гана.
Ак жолдо тай-тайлайын,
Акырын басчы кана.
Баскан жол узак болсун,
Бакытты тилейм сага.
Жыттасам жыргап калам,
Жыргалсың өзүң мага.
Турмушта кубанчымдын
Баарын мен сенден алам.
Кайырма:
Жаныңдан жарым кадам,
Кетүүгө жетпейт чамам.
Ак сүтүм, ак тилегим,
Боло көр элдик адам.
Кайырма
Ашыгып күйүп от болсом,
Ал тургай кызыл чок болсом.
Азаппы, мага эмне?
Айылыңа келсем жок болсоң.
Сыр айтып сырың чечемби,
Сыздасам сага жетемби?
Сымбатым менин, келсем да,
Сырдаша албай кетемби?
Жүрөгүм күйүп от болсо,
Оттогу кызыл чок болсо.
Жүрөгүм менин күйбөйбү,
Журтуңа келсем жок болсоң.
Тагдырлар качан билинет?
Келбедиң күтсөм миң ирет.
Татына жигит өзүңө,
Таарындым сага бул ирет.
Кылымдарды миң жылга толгонгону,
Кыргыздардан кысынуу жоголгону.
Кыргыз көчү күү болуп обон созот,
Кыргыздарга кыргызстан,
Кыргыздарга кыргызстан обондору.
Кайырма:
Айи-иий, оо-оой,
Кыргыздарга кыргызстан, эй,
Кыргыздарга кыргызстан обондору.
Эзелтеден элимдин ойлонгону,
Эгемендик бүгүнкү болгондору.
Эркин турмуш, азаттык ырын ырдайт,
Эл-журтуна кыргызстан обондору.
Кайырма:
Айии-ий, оо-оой,
Эл журтуна кыргызстан, эй,
Эл журтуна кыргызстан обондору.
Ырын жазды акындын Жолондору,
Ырга чыкты Ысык-Көл, Донондору.
Ырдайт ата мекенин, эли-жерин,
Ырга кошуп кыргызстан,
Ырга кошуп кыргызстан обондору.
Кайырма:
Аййии-ий, оо-оой,
Ырга кошуп кыргызстан, эй,
Ырга кошуп кыргызстан обондорун.
Түркүн дүйнө жашоонун соболдору,
Түрмөктөлгөн ойлордун оромдору.
Түнү-күнү ырдалып жатса дагы,
Эч түгөнбөйт кыргызстан,
Эч түгөнбөйт кыргызстан обондору.
Кайырма:
Аййии-ий, оо-оой,
Эч түгөнбөйт кыргызстан, эй,
Эч түгөнбөйт кыргызстан обондору.
Гүлү сенсиң эркин өскөн талаанын,
Бирде жакын, бирде алыстайт карааның.
Түшкө кирип, өңүмдө бир көрүнбөй,
Түрттүң мени түпкүрүнө санаанын.
Үмүт оту үстү-үстүнө тамчылап,
Жүрөк байкуш күнөөлүүдөй жанчылат.
Айтчы, эркем, айтчы, сүйгөн таң шоолам,
Күтөм дагы бир өзүңдү канча убак?
Жашоо үчүн тийбесе эгер кереги,
Ак сүйүүмдү далилдешке мен эми,
Гүл ордуна жүрөгүмдү сунмакмын,
Алып кой деп сүйгөнүңдүн белегин.
Кезиккенде салкын тартса кабагың,
Мен ансайын тумчуккансып барамын.
Сезимдеги жакшы учурду жандантып,
Жок дегенде таанышыңдай карагын.
Дайыма болгум келет сени менен,
Бирок иш болуп турат чеги менен.
Эртеден кечке чейин эриктирбей,
Элесиң кошо жүрөт мени менен.
Кайырма:
Элесиң көзүмө алыстан көрүнөт,
Кыялым орундалчудай.
Алыссың, жарыгым, кыйноого кабылдым,
Сумсаям көңүл ачылбай.
Ой учкул, ушунчалык күлүк белең,
Оюмда чер жазышып күлүп келем.
Жүрөмүн жашап оюм ишке ашчудай,
Мендеги сага болгон үмүт менен.
Кайырма:
Ачылган жаз гүлүндөй төгүлөсүң,
Көзүмө эң бир сүйкүм көрүнөсүң.
Көзүңдөн айланайын жодураган,
Жаштыктын жадыраган гүлү сенсиң.
Кайырма
"Армансыз жашоо болбойт бул жалганда",
Деп айткан сөзүн эстейм акылмандын.
Оо, кайран жаштык күндөр өтүп жатат,
Кантейин жете албадым, армандамын.
Кайырма:
Оо, жаштык күн кайда,
Биз өткөргөн түн кайда?
Махабатка кумар канбай,
Биз сунушкан гүл кайда?
Тоо жаңырта обон созгон,
Мага тааныш үн кайда?
Кайда-кайда, гүл кайда?
Мага тааныш үн кайда?
Тоо жаңырта обон созгон,
Мага тааныш үн кайда?
Күттүрүп күндө-күндө ачыласың,
Жомоктогу пери сымал азгырасың.
Өзүңсүз кайра күндөр өтүп жатат,
А мен арман дайрасында агыламын.
Кайырма:
Жүрчү, жаным, кетеличи тээ алыска,
Колду шилтеп, ушак сөз, кур намыска.
Бактылуу күндөр, балким, алдыдадыр,
Жетеличи бизди күткөн чоң бакытка.
Кайырма
Сагындырба, сагынбайын,
Сени күтүп зарыгамын.
Сүрдөтпөчү, сүрдөбөйүн,
Карааныӊдан кагылайын.
Ошол күндү эстедиӊби?
Жүрөгүмдү эзбедиӊби.
Көрбөй калсам сагынчу элем,
Карагаттай көздөрүӊдү.
Балбылдашым мага карап,
Өткөн күндү эске салат.
Байкатпастан келсеӊ боло,
Атаганат, атаганат!
Жолукканда тайсалдайсыӊ,
Сырымды мен айта албаймын.
Сагындырбай келсеӊ боло,
Маралдайым, аркардайым.
Алыстап жүргөнүңдө менден узап,
Арадан өтсө дагы канча убак.
Элесиң эстен кетпей туруп алды,
Жүрөгүмө салдың эле,
Салдың эле кандай тузак?
Жаралдың бактысына, таалайына,
Табылдың кандай жандын бактысына?
Сүйдүрүп жүргөнүңдү сездиң бекен,
Элесиңди тумар кылып,
Тумар кылып жүрөгүмө.
Сезимди сооротомун, унутту деп,
А бирок, чындыгында, андай эмес.
Мен сенден үмүтүмдү үзсөм дагы,
Жүрөгүмдө жашай берет,
Жашай берет сүйкүм элес.
Акыретке кеткен келе элек,
А дүйнөнү айтып бере элек.
Өкүнүчү арбын болсо да,
Өмүр чиркин өзү керемет.
Өзүң жүргөн тебелеп,
Өмүр-өмүр керемет,
Адам асыл экенин,
Адам өзү сезе элек.
Өмүр жазы кышта жайнабайт,
Булбул дагы үнсүз сайрабайт,
Өмүр кыска, бакыт көз ирмем,
Жаш кезекти бизге байлабайт.
Өзүң жүргөн тебелеп,
Өмүр-өмүр керемет,
Адам асыл экенин,
Адам өзү сезе элек.
Кадырлашып жүрүп өтөлү,
Карылыкты бизге жоё элек.
Адам уулу өлбөс боло элек.
Аңдыганын ажал коё элек,
Өзүң жүргөн тебелеп,
Өмүр-өмүр керемет,
Адам асыл экенин,
Адам өзү сезе элек.
Сөзү : Т. Байзаковдуку
Обону : А. Жайнаковдуку
Ала-Тоо ак калпагын кийген кезде,
Аскасы көк асманга тийген кезде.
Мен дагы жолго чыгам таңды тосо,
Кучактайм ой-кырларын нурга кошо.
Улуусуң, кыргыз жери, нурдан бүткөн,
Сулуусуң, кыргыз жери, ырдан бүткөн.
Ысык-Көл жердин көркү, кырлар кашы,
Адырлар көкүрөгү, токой чачы.
Дайралар кан тамыры, чоку таажы,
Седеби, топчулары, ар бир ташы.
Кең жүздүү, гүл денелүү кыргыз жери,
Күн жүздүү, берекелүү кыргыз жери.
Жылдыздар көк бетинен өчкөн кезде,
Жарык нур жер жамалын өпкөн кезде.
Көл чалкып, тоолор койнун ачкан кезде,
Дил жаркып, таң күлкүсүн чачкан кезде.
Көркүңө көрк кошулат, кыргыз жери,
Сезилет ата-энелик мээримдери.
|