00:07:10
81,22 Мб
Жүктөлгөн: 17-04-2017
Автор:Перизат Музуратбекова
Оператор:Мундуз Нурланбек уулу, Сергек Шатманов
Акыркы учурда жаш балдардын жоголуусу көп катталып жатат. КР ИИМдин берген маалыматы боюнча өлкөдө 2017-жылдын 3 айында 188 жаш өспүрүм жоголгон. Бул өткөн жылга салыштырмалуу 4 балага көп. 2016-жылдын 3 айында 184 бала издөөгө алынган. Жоголгон балдардын 80 пайызы өздөрү үйлөрүнөн качып кеткендер жана көпчүлүгү мигранттардын балдары деп билдирет ИИМ кызматкерлери.