00:03:33
35,43 Мб
Жүктөлгөн: 03-03-2016
Автор:Бекжан Рыскулов
Оператор:Темир Абиров
2015-жылдын декабрь айында милиция кызматкерлерине Лебединовка айылынын 20 жаштагы Керээз аттуу тургуну арыз менен кайрылган. Анда ал 21-декабрь күнү үйүнүн жанынан белгисиз адамдар күч колдонуу менен унаага салып, Кочкор районуна ала качып барышканын жана Мирлан аттуу жигитке турмушка чыгууга мажбурлашканын айткан. Кылмышка шектүү 23 жаштагы Мирлан өз көрсөтмөсүндө кыз менен тааныш эместигин, аны сыртынан байкап, көптөн бери жактырып жүргөнүн айткан. Ошол себептен улам жабырлануучуну Кочкорго ала качып, ага үйлөнгүсү келгенин билдирген.